Эмне үчүн баштын терисине кам көрүү маанилүү?

Баштын терисинин көйгөйлөрү аптекаларда гана талкууланган заман өттү. Бүгүнкү күндө адамдар баш терисинин ден соолугунун маанилүүлүгүн түшүнө баштады жана баштын терисине кам көрүү каражаттарын колдонуу тездик менен трендге айланууда. Сиздин максатыӊыз кооз жана саламат чачтарбы? Анда окуӊуз! Эмне үчүн баштын терисин дарылоо сиздин жеке кам көрүүӊүздүн бир бөлүгү болушу керектиги жөнүндө айтып беребиз.

Баштын терисине кам көрүү = салыштырмалуу саламат чачтар

Эӊ саламат чачтар баштын терисинен башталарын билесиӊби? Сен чачыӊа көӊүл бурсаӊ дагы (бул териден өскөн), баштын териси – бул, белоктор жана липиддерден турган ошол эле тери. Беттин териси сыяктуу эле, баштын териси кылтүптөр толуп калгандыгынын натыйжасында, стресске кабылып, кургак же майлуу болушу мүмкүн. Көп учурда бул чачка байланыштуу: какач, бузулган аймактар, баштын сезгич териси жана чачтын сынуусу сыяктуу көптөгөн көйгөйлөрдүн себеби болушу мүмкүн.

Баштын терисине кам көрүүчү каражаттарды колдонуу (салам, чачка арналган жаӊы DUOLOGI бренди!) кооз чачтар үчүн идеалдуу негизди даярдоого жардам берет.

Баштын терисине кам көрүү – бул беттин терисине жаӊыча кам көрүү

Биз бетибиздин териси үчүн көптөгөн сывороткаларды, кремдерди жана кабырчыктандыруучу каражаттарды колдонобуз да, башыбыздын териси тууралуу көп учурда унутуп коебуз. Бетке арналган кам көрүүчү косметика дүйнөсүнөн мисалдарды изилдеп чыгуу менен, жаӊы кам көрүүчү каражаттар бул өкүнүчтүү катаны оӊдошот.

Жаӊы DUOLOGI чачка арналган кам көрүүчү линейкасынын курамына бетке кам көрүүдө салттуу түрдө колдонулган ингредиенттер – мисалы, ниацинамид, гиалурон кислотасы жана салицил кислотасы кирет. Алар чачка эле кам көрбөстөн, баштын терисине да кам көрүп, чачтарды саламат жана кооз кылышат. Натыйжалар таӊ калтырат: баштын терисине аранлган скрабдын курамына кирген кабырчыктандыруучу салицил кислотасы какачка каршы күрөшөт, ал эми интенсивдүү калыбына келтирүүчү маскадагы жана каныккан крем-кондиционердеги кератин бузулган чачтарды бекемдетет.

Баштын терисинин саламаттыгын кантип сактоо керек

Эӊ алгач, чачка кам көрүү режимин оӊдоо керек – баштын терисине ал муктаж болгон тазалоону, балансты калыбына келтирүүнү жана азыктандырууну камсыздоо.

Тазалоо

Башыӊдын терисин үзгүлтүксүз түрдө жана туура тазала (эӊ азында – аптасына эки жолу). Бул чачтын абалын эске алуу менен, дал өзүӊө ылайкытуу шампунду тандоо зарыл экенин билдирет. Чачтарыӊ бузулуп же сынып жатабы, же балким, какач пайда болдубу? Бардык учурлар үчүн DUOLOGI-нин ар кандай чач көйгөйлөрүн чече турган ылайыктуу шампундары бар.

Нымдандыруу

Беттин териси сыяктуу эле, чачтын териси нымдандырууга жана азыктандырууга муктаж болот. DUOLOGI кондиционерлери чачтын текстурасын жана тыгыздыгын эске алуу менен чачтарды нымдандырып, азыктандырат: орточо жана калыӊ чачтар каныккан крем-кондиционердин асылдыгын жактырышат, ал эми ичке жана жука чачтарга чачтын көлөмүн сактай турган, жеӊил крем-кондиционери менен «жеӊил» нымдандыруу ылайыктуураак болот.

Кам көрүү

Чачтарыӊ, башыӊдын териси сыяктуу эле көбүрөөк назиктик, сүйүү жана камкордукка муктаж болуп жатабы? Көйгөйлөргө жана муктаждыктарга жараша бьюти-кам көрүү тартибиӊди толуктай турган өнүмдөрдү колдон: мисалы, бетке арналган сывороткалар же ар аптада колдонулуучу кабырчыктандыруучу маскалар кандай таасир берерин эстеп көр. Саламат өсүүнү өбөлгөлөп, чачтын сынуусун азайта турган, баштын терисине сүйкөлүүчү суперэффективдүү тоникти карап көр; баштын терисин жандандыруучу кабырчыктандыруучу скрабга көӊүл бур; кам көрүү процедурасына чачтарды жылмакай кылып, тегиздеп, кырчылган чачтарга каршы күрөшүүгө жардам берүүчү, жуулбай турган чач кремин кош.

Duologi жөнүндө көбүрөөк
Текст: