Чынында иштеген лифтинг

Теринин серпилгичтигине жана жаштыгына болгону төрт жеңил кадам: NovAge Ultimate Lift Contour Define сериясы теринин серпилгичтигин калыбына келтирүү үчүн иштелип чыккан, ал чоюлчаактыкты камсыз кылат, терең бырыштарды көз көрүнөө тегиздейт жана бет контурун тартат. Сүйүктүү каражаттарыӊыз жөнүндө көбүрөөк билип алыңыз!

Эмне үчүн NovAge Ultimate Lift Contour Define?

Жаш өткөн сайын клеткалар эластинди жана коллагенди жоготуп, клеткалардын аларды жаратуудагы табигый жөндөмү убакыттын өтүшү менен жайлайт. Беттин табигый көлөмүн жоготуу менен айкалышып, борпоӊдук пайда болуп, беттин овалы жоголот. Клетканын табигый жаңылануусу жайлап, тери күӊүрт болуп калат.

Клиникалык жактан далилденген: чоюлчаактыктын 40% NovAge Ultimate Lift Contour Define сериясын 4 жума колдонууда калыбына келет!

AspartoLift патенттелген технологиясы Ultimate Lift Contour Define каражаттарынын курамында теридеги табигый коллагендин жана эластиндин өндүрүлүшүн активдештирет, чоюлчаактыкты жана серпилгичтикти жогорулатып, тартып, клеткалардын жаӊылануу процессин өбөлгөлөйт. Сыноолор көрсөткөндөй, AspartoLift технологиясы жаш куракка каршы натыйжалуулугу боюнча ретинолго окшош. Буддлея өсүмдүгүнүн сөӊгөк клеткаларынын экстракты коллагендин кыскаруусун жайлатып, эркин радикалдардын таасиринен коргоп, теринин картаюусун жайлатат. Патенттелген трипептид-технология үч өсүмдүк пептиддеринин негизинде жаралган, алар коллагендин өндүрүлүшүн өбөлгөлөп, клеткаларды нымдандырып, терини тегиздеп, бырыштарды азайтат.

Клиникалык жактан далилденген: комплекстүү кам көрүү линейкадагы өзүнчө каражаттарга караганда 7 эсе натыйжалуу иштейт

Теринин саламаттыгы жана сулуулугу үчүн күнүнө 2 жолу 4 кадам жана 2 мүнөт керек - бул угулгандан кыйла жеңил! Тери керектүү заттарды алат жана ага толук кам көрүлөт, ал эми ага бош убакыт эӊ эле жумушка толгон таӊда да, кечинде да табылат. Өзүн-өзү сүйүү ойлордон жана сөздөрдөн эмес, иш-аракеттерден турат жана өзүңө такай кам көрүүдөн башталат. Эгер сен комплекстүү кам көрүүнү колдоно элек болсоң, аны байкап көрүп, натыйжаларына таң калууга даяр бол!

1-кадам: чарчаганыӊдын баарын жуу 

Туура тазалоо клеткалардын жаңылануусун стимулдайт, булганычтарды кетирет жана терини андан ары кам көрүүгө даярдайт. Бул кечке маал, тери күн бою агрессивдүү чөйрөнүн: булганган аба, чаң, түтүн, ультрафиолет нурларынын таасири алданда болгондон кийин маанилүү. Эртең менен түн ичинде пайда болгон себумдан бет тешикчелерин тазалоо зарыл болгондо маанилүү. NovAge 1де-2 бет жууга арналган гель-тониги бул ишти мыкты аткарат: ромашка жана кандея дарагынан алынган табигый бисабололго негизделген технологиянын жардамы менен акырын тазалап, сергитип, жумшартат жана тынчтандырат.

2-кадам: көзүӊө кара

Биздин көзүбүз күн сайын ушунчалык көптөгөӊ кооздуктарды көрүүгө мүмкүнчүлүк берет: көз жоосун алган пейзаждар, жакындарыбыздын жылмаюусу, сүрөтчүлөрдүн чыгармалары. Көздүн тегереги теринин калган бөлүгүнө караганда 10 эсе жука, ошондуктан ал жер карылыктын белгилерин биринчи болуп кабыл алат. Ал үчүн сөзсүз түрдө өзүнчө каражатты колдонуу керек - мисалы, сууну активдүү тартып, кармап турган кофеин жана төмөн молекулалуу гиалурон кислотасы кошулган NovAge Ultimate Lift Contour Define көздүн тегерегине арналган крем-лифтинги. Крем көздүн тегерегиндеги терини көз көрүнөө бекемдейт жана бырыштарды азайтат!

3-кадам: өзгөчө кам көрүү тартуула 

Сыворотка курамында көбөйгөн концентрацияда активдүү ингредиенттерди камтыйт, ал жеңил текстурасынын аркасы менен эпидермиске тез өтүп, күндүзгү жана түнкү кремдин таасирин күчөтүп, ичинен иштей баштайт. NovAge Ultimate Lift Contour Define бет жана моюнга арналган сыворотка-лифтинги терең нымдандырат, бырыштарды тартып, тегиздейт. Анын негизинде тери клеткаларындагы фибробласттардын ийкемдүүлүгүн калыбына келтирүүчү AspartoLift технологиясы жана патенттелген трипептид-технологисы - күрүч, ачыткы жана буудайдан алынган өсүмдүк пептиддеринин үчилтиги коллагендин өндүрүлүшүн стимулдайт жана клеткаларды нымга толтурат.

4-кадам: терини нымга толтур

Суусуздануу оксидативдик стресске алып келип, карылыктын белгилерин күчөтүшү мүмкүн, ошондуктан териге комплекстүү кам көрүүдөгү акыркы жана эң маанилүү кадам – саламат жана сулуу теринин ачкычы болуп саналат.

Комплекстүү кам көрүүнүн курамындагы кремдердин таасирлери айырмаланат: күндүзгү крем, башкалардын катарында, күн ичинде нымданууну жана жана УФ-нурларынан коргойт, түнкү крем –  тери активдүү компоненттерге эң сезимтал болгон учурларда аны калыбына келтирип, азыктандырат. NovAge Ultimate Lift Contour Define SPF 15 күндүзгү крем-лифтинги патенттелген уникалдуу AspartoLift технологиясы, буддлея өсүмдүгүнүн сөӊгөк клеткалары жана FreshProtect нымдандыруучу технологиясы менен терини коргойт, тегиздейт жана тартат. NovAge Ultimate Lift Contour Define түнкү крем-лифтинги NightRecover азыктандыруучу интенсивдүү комплекси менен теринин серпилгичтигин 4 жумада жогорулатат.

Текст: