СЖОго биз менен бирге кир!

Дүйшөмбү күнү жаңы жашоо баштайм деп өзүңө өзүң убада бересиңби же буга чейин "жашыл" тарапка өтүүгө аракет кылып, бирок жакшы адаттарды жашоо образына айландыра алган жоксуңбу? Биз СЖОго кирүүгө даяр болгондо коюлган максаттан адашпоого жардам берүү үчүн 5 эрежени даярдадык.

Анна Егорова, 
КМШдагы Wellness Oriflame категориясынын бизнес -директору: 

«Сергек жашоо образы жөнүндө көптөгөн маалымат жана арыктоо / дени сак болуу/ узак жашоо үчүн эмне кылуу керектиги боюнча сансыз кеңештер кимди болбосун адаштырышы мүмкүн. Натыйжада, адамдар өзгөрүүгө аракет кылышат, кыйынчылыктарга туш болушат жана .... Алар кадимки жашоосуна кайтып келишет. Статистикага таянсак, адамдардын дээрлик 67% биринчи айларда баш тартышат жана жакынкы арада жакшы адаттарга экинчи мүмкүнчүлүк беришпейт. Биз тактиканы өзгөртүп, акырындык менен аракет кылууну сунуштайбыз».

1. Шашпа
Сергек жашоо пландаштырууну жана акырындык менен кошууну талап кылат. Бир заматта өзүңдү интернеттеги идеалдуу сүрөткө айлантууга аракет кылба. Эгерде сен дароо эле жаман адаттардан жана зыяндуу тамактан баш тартууну чечсең жана ошол эле учурда эртең менен чуркап, кечинде бассейнге барсаң, балким, бир нече күндүн ичинде сен сергек жашоо образына түкүрүп, ашыкча салмагыңа макул болуп жашай беришиң мүмкүн.

Кыска чуркоо менен башта же организмиңди жумасына эки жолу жеңил машыгууга көндүр. Андан кийин жумасына үч жолу машыгуу залында машыгууга аракет кылып, бара -бара диетага өзгөртүүлөрдү киргиз. Бардык сүйүктүү зыяндуу тамактарыңды менюдан дароо чийип салба. Чай менен кофеде кант колдонбоо үчүн бир нече жума талап кылынат. Акырындык менен ун тамактарын салаттарга жана буламыктарга алмаштыр. Шам-шум этүүдө печенье жана шоколад эмес, жемиштерди, протеин батончиктерин ж.б. жегенге үйрөн.

СЖОдо эч кандай шашылууга болбойт. Процессти тездетип, көлчүктө отурганга караганда, акырындык иш кылып, жакшы натыйжага жетишкен жакшы. 



2. Көбүрөөк кыймылда
Сергек жашоо образын жаңы гана баштагандар көбүнчө «акылдуу» коктейлдерди жана атайын витамин комплекстерин ичкен, чуркаган, сууда сүзгөн, машыгуу залына барган тажрыйбалуу адамдарга көрө албастык менен карайт. Чындыгында, туура багытта кыймылга келүү үчүн кандай физикалык көнүгүүлөрдү жасоо маанилүү эмес.

Башында лифт колдонууну токтотсоңуз болот. Күн сайын өйдө-ылдый басуу чоң энергияны сарптайт. Дагы бир жөнөкөй кеңеш, калган жолду басып өтүү үчүн бир нече аялдамадан эрте түшүп кал - бул дагы калорияларды күйгүзүүгө жардам берет. Эгер сага велосипед жакса, жок дегенде жумасына эки жолу велосипед тээп башта.
Жалгыз эреже - дароо эле рекорддорду бузуунун кажети жок. Эң башкысы, жашооңдо физикалык активдүүлүктүн болушу.


3. Эс алып, жакшы укта
Заманбап адамдардын көпчүлүгү уйкунун сапатын четке кагышат. Эртең менен эрте туруу керек болсо дагы, сүйүктүү сериалыңдын дагы бир сериясын көрүү көпчүлүк үчүн норма. Ошол эле учурда, уйку - бул эс алуу жана эртеңки энергия. Эгерде жөн гана уйку жетишсиз болсо, сергектик жана энергия үчүн кымбат витаминдерди жана азыктык кошулмаларды сатып алуунун мааниси эмнеде?

Акыркы изилдөөлөр 8 саат уктоо адаты жомок экенин көрсөтүүдө. Көпчүлүк адамдар үчүн 6-7 саат жетиштүү, бирок уйку тынч жана күнүмдүк тартипке ылайык болушу керек. Убактыңды иретке келтирүүгө, бир убакта уктап, бир убакта турууга аракет кыл. Төшөгүңүз ыңгайлуу болуп, уктоочу бөлмөдө таза аба камсыздалышы керек.

Кызыктуу факт: кээ бир диетологдор салмакты жана форманы сактооо саламат уйку тамактануу жана физикалык активдүүлүк сыяктуу эле маанилүү деп эсептешет.



4. Стресс менен күрөш
Стресс жана аны коштогон кортизол гормону – СЖОнун негизги душмандары болуп саналат. Диетологдордун «кортизолдк курсак» деген термини да бар: ал стресстен улам көп тамак жеп, толгон адамдарды сүрөттөөдө колдонулат.

Эгерде сен көп тынчсызданып же көңүлүң чөксө, стресстин себеби эмнеден келип чыкканын түшүнүүгө аракет кылып, анын факторлорун башкарууну үйрөн. Өтө нервдүү ишпи? Аны өзгөртүү жөнүндө ойлонуп көр (бул дайыма эле оңой боло бербейт, бирок ден соолук маанилүүрөөк). Адамдар менен көйгөйлөр барбы? Адатынча, аларды да чечүү мүмкүн. Жашооңду өзгөртүүнүн жолун изде, анткени стресстен чарчаган адам ден соолугуна толук кам көрө албайт.



5. Пландап, максат кой!
Жөн эле "чуркай баштоону" же жөн эле "азыраак тамактанууну" чечкен адамдар эч нерсеге жетпейт. Бул бир айлык тренингден кийин 100 ирет «отжимание» көнүгүүсүн жасай албасаң, медициналык датчиктердин бардыгын кийип же башыңа күл чачып алуу керек дегенди билдирбейт. Бирок жок дегенде таразага түшүп турбасаң,  туура багытта бара жатканыңды кайдан билесиң?

Өзүңдүн мүмкүнчүлүктөрүңдү сергек баалап, эгер СЖОго жакындоого умтулууңдун себеби ушул болсо, бир айдын ичинде бир нече килограммга арыктоого аракет кыл. Негизги максатыңды, эмнени өзгөрткүң келгенин аныкта - бул сага мотивация болуп, натыйжага жетүү жолунда колдооңо айланат. Мындан тышкары, артка кылчайып, өзүңдүн өнүгүү динамикаңды баалай аласың жана керек болсо көбүрөөк күч жумшайсың.

Жеке мисал аркылуу башкаларды сонун өзгөрүүлөргө шыктандыруу үчүн жыйынтыктарыңды социалдык тармактарда бөлүшүүнү унутпа!

Текст: