«Аялдардын интимдик аймактарынын териси жана былжыр челдери өтө сезгич жана өзгөчө камкордукту талап кылат. Кадимки самын же душ гели щелочту камтыйт жана туура кислоталуу чөйрөнү бузат, ошондой эле кургоону, кычышууну же ачышууну жаратышы мүмкүн. Интимдик гигиена үчүн атайын иштелип чыккан каражаттар терини тазалап, рН балансын нормалдаштырып гана койбостон, жагымсыз жыт же дискомфорт менен байланышкан жеке көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет», — дейт акушер-гинеколог Татьяна Иванова.
Чынында эле, жеке гигиенага арналган рН каражаттар ден-соолукка олуттуу таасирин тийгизет: ал назик аймактын рН деңгээлин бузбайт жана дискомфорттун алдын алууга жардам беретКантип туура тандоо керек? Келгиле, карап көрөлү!
Жеке гигиенага арналган биринчи каражат болжол менен 13 жашта, жыныстык жетилүү учурунда пайда болушу керек. Жаңы сезимдер жагымсыз болуп, атүгүл оорутушу мүмкүн, бирок тез-тез жасалуучу интимдик душ аларды көтөрүүнү жеңилдетет.Атайын ушул жана 18 жашка чейинки мезгил үчүн биз сүт кислотасы, пребиотик жана табигый фиалка экстракты кошулган жумшак каражатты иштеп чыктык.
«Жыныстык жетилүү мезгилинде кыздардын гормоналдык деңгээли жана интимдик зонасынын рН-ы өзгөрөт жана алардын назик териси өзгөчө кылдат кам көрүүгө муктаж. Курамында рН балансын сактоого жана туура микрофлораны түзүүгө жардам бере турган жумшак формуласы жана сүт кислотасы бар тазалоочу каражатты тандоо абдан маанилүү», — дейт Татьяна Иванова.
Гормоналдык өзгөрүүлөр аяктагандан кийин, күнүмдүк негизги кам көрүүнү тандоого убакыт келди. . Жаңы Feminelle сериясында бир эле учурда үч вариант бар: бардыгы дерматологдор жана гинекологдор тарабынан жактырылган, күнүмдүк колдонууга ылайыктуу, рН балансын түзүүгө жардам берет жана табигый экстракттарды камтыйт. Абалыңа жараша каалаганын танда же үчөөнү тең колдон.Клюква кошулган коргоочу каражат теринин ден соолугун бекемдейт, алоэ вера жана мальва кошулган тынчтандыруучу каражат ачышууну же кычышууну жана ыңгайсыздыкты басат,карагат жана лотос кошулган сергитүүчү каражат жагымдуу муздатуу эффектине ээ.
Болжол менен 50 жашта, менопауза пайда болот, организмдин гормоналдык жактан дагы бир өзгөрүүсү үчүн убакыт келип, ал көбүнчө интимдик зонада кургактык сезимин пайда кылат. ТандаТазалоо үчүн жумшартуучу крем-гелди тандап, нымдандырууну унутпа. Көптөгөн аялдар дискомфорт менен күрөшүү үчүн азыктандыруучу же балдар кремин колдонушат, бирок бул одоно ката: мындай бай текстура патогендик микрофлоранын өсүшүнө алып келиши мүмкүн. Сагасүт, кислотасы жана табигый календула экстракты кошулган — атайын интимдик аймак үчүн иштелип чыккан лосьон керек.
Акушер-гинеколог Татьяна Иванова мындай сунуштайт: «Менопауза учурунда аялдардын эстроген гормонунун азайышы пайдалуу лактобактериялардын көбөйүшүн кыйындатат жана кургактыкка алып келет, бул интимдик аймакта ыңгайсыздыкты жаратат. Сүт кислотасы бар жумшартуучу жана нымданыдруучу каражаттарды үзгүлтүксүз колдонуу микрофлоранын табигый балансын сактоого жана дискомфортту жок кылууга жардам берет».
Жеке гигиенанын негизги эрежелери
1. . Кадимки душ гелинин же самындын ордуна — интимдик зонанын оптималдуу чөйрөсүн сактап, ачышууну жана кычышууну басаңдатуучу, дезодорациялоочу жана микрофлораны нормалдаштыруучу атайын каражаттарды гана колдонуу керек.
2. Денеге өтө тар келбеген, жогорку сапаттагы ич кийим — табигый материалдардан жасалганы жакшы. Синтетикалык ич кийимдерди жана шымдарды күн сайын кийүү сунушталбайт, алар кыжырданууну жаратышы мүмкүн. Ич кийимдерди башка нерселерден: көчөдөгү отургучта отурган шым, байпак ж.б. өзүнчө жууш керек.
3. Интимдик душ — – табигый микрофлораны бузбоо үчүн тез жасалышы керек. Эч кандай мочалка жана скраб колдонулбашы керек, болбосо назик териде микротравмалар пайда болот. Өзүнчө сүлгү колдонулушу керек.
4. Гигиеналык каражаттарды тез-тез алмаштыруу зарыл. Бактериялардын көбөйүшүнө жол бербөө үчүн бир тампонду же төшөмдү (прокладканы) (күн сайын колдонулганын дагы!) 3-4 сааттан ашык колдонууга болбойт. Айыз келген күндөрдө ар бир төшөмдү алмаштыруунун алдында интимдик душ жасоо абзел. Эгер бул мүмкүн болбосо, атайын салфеткаларды колдон.
Бизде рефилдердин опциясы бар экенин билесиңби?
Эми бош бөтөлкөлөрдү ыргытуунун кереги жок: жөн гана рефилди сатып алып, аны мурунку таңгакка куй! Бул акчаңды үнөмдөп (бөтөлкөнүн да акысы төлөнбөйт) гана эмес, ыргыткан пластиктин көлөмүн да азайтат.