Целлюлиттен кантип арылып, териге тонус берсе болот – келбеттүү фигура үчүн мыкты өнүмдөр

Териге кам көрүү – бул бир гана бетке тиешелүү эмес. Дененин териси да сүйүүгө жана туура кам көрүүгө муктаж. The body edition жаӊы каражаттар линейкасы менен өз денеӊе кам көр.

Биз «териге кам көрүү» деген сөз айкашын укканда, көп учурда бетке арналган маскалар, сывороткалар, нымдандыруучу кремдер жана көйгөйлүү тери үчүн каражаттар ойго келет. Бирок чынында бул баары эмес: тери – бул эӊ чоӊ орган болуп саналат жана ал беттен тышкары аймактарда да кам көрүүнү талап кылат.

Дененин терисине кам көрүү бир гана нымдандыруу менен чектелбейт. Кооз денен үчүн The body editionбрендин жаратууда биз беттин терисине кам көрүү принциптери менен шыктанып, алардан эӊ мыктысын: активдүү ингредиенттерди жана иштеген формулаларды алдык. Ошентип, бул өнүмдөр жөн гана терини нымдандырбастан, целлюлит, тегизсиздик жана тонусту жоготуу сыяктуу кеӊири тараган көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет.    тонуса.   

 

Целлюлит деген эмне? 

Целлюлит – бул сандын жана жамбаштын арткы бетинде пайда болгон тегизсиздиктер. Анын пайда болуусуна таасирин тийгизген көптөгөн факторлор бар, бирок алардын эӊ негизгилери – диета жана жашоо образы. Гормондор, генетика жана жыныс да белгилүү бир ролду ойнойт. Целлюлит көбүнчө аялдарда кездешет, анткени биздин сандарыбызда жана жамбашыбызда табигый түрдө көбүрөөк май чогулат. Баланстуу диета, физикалык көнүгүүлөр, ошондой эле кээ бир косметикалык каражаттар жана укалоочу техникалар «апельсин кабыгынын» тышкы көрүнүшүн кыскартууга жардам берери далилденген.  

Целлюлитти кантип женсе болот?

Сергек жашоо образын жүргүзүп, тамактанууну көзөмөлдөп, спорт менен машыгуу сыяктуу анык кеӊештерден тышкары (бул ансыз да белгилүү эмеспи, туурабы?) биз эффективдүүлүгү клиникалык жактан далилденген косметикалык өнүмдөрдү колдонууну сунуштайбыз. Мисалы, целлюлитке каршы гели гель The body edition. Ал 28 күндөн кийин эле целлюлиттин тышкы көрүнүшүн бир кыйла кыскартат. Максималдуу натыйжа алуу үчүн гелди атайын  массажёр менен бирге колдон.

 

Тери тонусун жоготтубу? 

Мындай көрүнүш арыктагандан кийин же жөн гана жаш өткөн сайын көп кездешет. Эгер бул сени кабатыр кылса жана өзүӊө суктанууга тоскоолдук жаратып жатса, бул жерде да сага жардамга клетчаткага бай диета, жеӊил көнүгүүлөр жана албетте денеге арналган бекемдөөчү креми The body edition келет.  Ал теринин абалын жакшыртып, 2 айдан кийин эле анын серпилгичтигин 48%га чейин кайтарып берери клиникалык жактан далилденген. Бул факт анын курамындагы биздин жакшы көргөн нымдандыруучу компонентибиз – гиалурон кислотасынын эсебинен жетишилет

 

Одуракай тери жана тегизсиздиктер

Денеӊден «каз терисин» элестеткен тегизсиздиктерди байкадыӊ беле? Сен жалгыз эмессиӊ! Мындай көрүнүш – теринин бетиндеги өлгөн клеткалардын чогулушунун натыйжасы. Бул жетишсиз тазалоодон келип чыгат. Body Edition денеге арналган скрабын колдонуп көр: ал пемза жана бадам кабыгынан турган табигый кабырчыктандыруучу бөлүкчөлөрдү да, теринин үстүӊкү катмарын кабырчыктандырууга жардам берип, кургак, өлгөн клеткаларды жок кылып, регенерацияга өбөлгө түзгөн гликоль кислотасын да камтыйт. Болгону ушул: сенин териӊ кайрадан тегиз, жылмакай жана назик!

Жаӊы өнүмдөр жөнүндө көбүрөөк билгиӊ келеби? Бул жерди бас!

Текст: