Салам красавчик! Сиз үчүн - эң эс алуучу ваннанын 6 сыры

Ар дайым душту жактырып келдиң беле? 2023-жыл мырзалар өздөрү үчүн узак жана жылуу ванналардын мээ жана дене үчүн пайдасын кайрадан ача турган жыл болот деп жатышат. Окууну улантып, үзгүлтүксүз ванна процедураларынан болушунча ырахат алуунун 6 ыкмасын билип ал.

Көбүрөөк эс алуу, стресс деӊгээлин төмөндөтүү, азыраак тынчсыздануу, ар кандай жерлердин оорушунан арылуу жана териге кам көрүү – сен ваннага түшүп жатканда көп жакшы нерселер болот. Дал ошондуктан ванналар өзүбүзгө кам көрүүгө болгон популярдуу тренддин маанилүү бир бөлүгү болуп калды, дал ошондуктан сен ванналарды күнүмдүк жашооӊдун бир бөлүгү кылууӊ керек. Сенин жаӊы менталдык жана физикалык жыргалчылыгыӊа кам көрүү адатыӊды колдой турган бир нече идеяларды чогултуп койдук.

Биринчиден, идеалдуу жагдайды түзүп ал

Суу процедураларын жаӊы деӊгээлге көтөр – ваннага секирүүгө чейин маанайыӊды көтөр. Жарыкты бир аз азайтып, жагымдуу музыка коюп, сүйүктүү китебиӊди алып, сүйүктүү тамактарыӊан бир аз алып ал. Толук эс алуу үчүн, смартфонуӊду өчүрүп кой!

 

Душка арналган идеалдуу гелди тандап ал

Тонуста болгон саламат териден мыкты эч нерсе жок! Буга жетишүүгө жардам бере турган душ гели бар экенин билесиӊби? North for Men Ultimate Balance душ гелинин курамына ниацинамид жана каолин (ак чопо) кирет – бул ингредиенттердин идеалдуу айкалышы теринин нымдануу балансын жөнгө салып, тери түсүн тегиздеп, себумдун бөлүнүп чыгуусун көзөмөлдөп, мыкты тазалайт. Ваннага түшүү учурунда гелди колдонуп, натыйжадан ырахат ал!

Ооба, сен дагы бетке маска жасай аласыӊ!

«Терини болгону 10 мүнөттүн ичинде жакшыртат» – балким сен бул мүмкүнбү деп шектенип жаткандырсыӊ. Бул чындык! Optimals тазалоочу чопо маскасы терини тереӊ тазалап, булганууну жана ашыкча майды кетирет. Демек, эгер өзүӊө ванна учурунда кошумча ырахат тартуулагыӊ келсе, тайманбастан бул өнүмдү танда.

Башыӊдын терисине жана чачыӊа кам көрүүнү унутпа

Башыӊдын терисине жана чачыӊа жуунуу учурунда көбүрөөк сүйүү тартуулоо мүмкүнчүлүгүн колуӊдан учурба. Love Nature көмүр жана органикалык жалбыз кошулган чачка арналган скраб-шампуну – дал ошол керектүү нерсе. Ал баш терисинин кычышуусун жоготуп, чачтын кирин тазалап, аны таза жана азыктанган абалда калтырат.

Териӊди абдан жумшак кылуу үчүн, аны кабырчыктандыр

Чачыӊды аяктагандан кийин териӊди кабырчыктаныдрууга өт. Акыл-эсиӊди да, денеӊди да иретке келтире турган сонун скрабды танда. Ши жана каноланын азыктандыруучу майлары менен каныккан Swedish Spa туз скрабын сунуштайбыз. Ал сага сен ар дайым кыялданып келген абдан назик терини тартуулайт.

Процедураларды нымдандыруучу крем сүйкөө менен аякта

Ваннада болжол мене 20 мүнөт жатып, бетиӊе маска жасап, чачыӊа кам көрүп, денеӊдин терисин кабырчыктандырдыӊбы? Сен азаматсыӊ! Ваннадын чыгып, нымдандырууга өтүүгө убакыт келди. Тез сиӊип, тереӊ нымдандыра турган Swedish Spa денеге арналган азыктандыруучу крем-майын колдонуп көр. Териӊ сага өз ыраазычлыгын билдирет.

Эӊ мыкты эс алдыруучу ванна процедурасы үчүн мырзаларга ушул эле керек. Муну жакынкы дем алыш күндөрү жасап көр, эч кайда шашпай, толук эс ал!