Үйдөгү спа: толук гармонияга жет

Алдыда кышкы майрамдардын мезгили, демек, сенин бош убактың бир аз көбүрөөк болот. Кечелер менен мейманга баруулардын ортосунда бир аз эс алып, өзүңө убакыт бөлүүнү унутпа.

АШЫКЧА НЕРСЕДЕН АРЫЛУУ

Бууланган тери скрабдардан жана пилингдерден жакшы таасирленет. Эксфолиацияны укалоо менен айкалыштырса болот – бул көптөгөн жагымдуу сезимдерди тартуулайт. Мисалы, укалоочу САМЫН-СКРАБ өзүнө терең релаксүчүн бардык зарыл болгон нерселердин бардыгын айкалыштырат. Фактуралуу укалоочу самын кан айланууну өбөлгөлөп, терини тегиздеп, жеңил гүл-суу жыпар жытынын эсебинен эс алууга өбөлгө түзөт.

МУЛЬТИТАКСИНГ
Ваннага жатардан мурда, чачыңа 
сүйүктүү майыңды сүйкөп койсоң, ал чачыңды азыктандырып, нымдандырып, жагымдуу жыпар жыт тартуулайт. Табигый өнүмдөр колдонулган КРЕМдердин жана бетке арналган маскалардын жардамы менен териңди тазала. Негизгиси – бардыгын алдын ала даярдоо. Бир СПА-күндө бир нече бьюти-маселелерди чечүү мүмкүн болсо, убакытты текке кетирбөө керек.

ИЧТЕГИ ДЕҢИЗ
Биз деңизге барганда күчкө толгонубузду, иммунитетибиздин көтөрүлгөнүн, тырмактарыбыздын жана чачтарыбыздын абалы жакшырганын байкайбыз. Бир нече айга энергия топтоп алгандай болуп калабыз. Жакшы жаңылык: деңиз тузу кошулган үйдөгү ванналар окшош натыйжа бере алат. Арзан жана натыйжалуу: туз бир гана өнөкөт чарчоо синдромунан арылтпастан, бир катар башка ооруларды дарылоого да жардам берет.

АРОМАТЕРАПИЯ
Жыттар биздин абалыбызга абдан таасирин тийгизет. Ошондуктан 
жыпар жытты маанайыңа жараша тандап, эмнени каалаганыңды түшүнүп – толук эс алып, активдүү күндүн астында күч топтооң керек. Каражаттарды Ички сурамдарыңа жараша тандасаң, организмиң сага ыраазычылыгын билдирет. Ошондой эле сени шыктандырган тректерден турган атайын плейлистти даярдап койсоң болот. Мындай фон сени туура багыттайт.

НЫМДАНДЫРУУ ТУУРАЛУУ УНУТПА
Эгер сен ысык ванналарды жакшы көрсөң, бууланган тери кургагандан кийин көп нымды жоготорун эсиңе ал. Ошондуктан ысык ванна, пилинг жана башка процедуралардан кийин денеңдин терисине толугу менен нымдандыруучу жана азыктандыруучу каражаттарды сүйкөө зарыл. Жылдын суук мезгилинде, териге аяздын жана бөлмөлөрдөгү жылуулуктун таасири тийип жатканда азыктандыруучу тыгыз текстурага ээ болгон каныккан крем-майды тандоо маанилүү.

АКЫРКЫ ШТРИХ
ваннадан кийин натыйжаны бекемдеп, терини зарыл болгон азыктандыруучу заттар менен камсыздап, өзүңө жаңы, баамдалган, шыктанган абалга келүүгө убакыт берүү керек. Спа-ритуалыңды үзүүгө шашылбай, түнкү таасири сыйкырдуу эффект бере турган кремдерди КРЕМДЕРДИ колдон. КОЛУҢА өзгөчө көңүл бур
– кыш мезгилинде тери айлана-чөйрөнүн активдүү таасирине кабылат.

Бул кеңештерди колдонсоң, ички жана тышкы абалыңдагы өзгөрүүлөрдү байкайсың. Өзүңө убакыт бөл, денеңе жана өзүңө кам көрүү боюнча күчүңдү аябай, каражаттарды кылдаттык менен танда. Бул сенин өз жашооңдун сапатына болгон салымың!