Териге жазгы кам көрүү: жаркыроого 5 кадам

Теринин кышкы көйгөйлөрү менен кантип күрөшүп, жаркыроо үчүн жазгы кам көрүүнү эмне менен толуктоо керек экенин билип ал.

Календарда февралдын ортосу болду. Сенин шаарыӊда кышкы суук бүтө элек болуп, ал эми чыныгы жаз бир-бир жарым айда келсе керек. Көпчүлүк кышкы майрамдар артта калды, белектер берилди, балаты жыйналды. Бир аздан кийин жашооӊдогу жаӊы жазды тосо берсе болот! Жаздын келиши менен юбкалар кыскарып, эшиктеги сейилдөөлөр узара баштайт. Азырынча денебиздин ачык жери бир гана бет болуп турганда, аны кунт коюп кароо керек. Саламатсыӊбы, жаӊы, жазгы мен – эмне менен кубантасыӊ?

Кадимки кам көрүүӊдү тез таасир берүүчү жана үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирбөөчү каражаттар менен толукта.

#1-кадам: нымдандырабыз жана азыктандырабыз

Биринчиден, орус жомокторунда айтылгандай, чарчаган жолоочуга (терини деп оку) тамак жана суу бериш керек. Демек, кадимки колдонуудагы кремдерибизге нымдандырууну жана азыктандырууну кошобуз. Дем берүүчү нымдандыруунун кошумча порциясын  Optimals теринин бардык түрүнө арналган нымдандыруучу маскасы берет. Голубика, кара бүлдүркөн жана малинадан турган тамшандыруучу трио жаздагыдай салкын түс берип, кургоону пайда кылбайт. Кошумча азыктандыруу үчүн кичинекей, бирок оперативдүү жардамчы Optimals азыктандыруучу бустери жардам берет. Ит мурун майынан, канола майынан, рыжик майынан жана Е витамининен турган табгый курам түлөөнү жоготуп, терини жумшартып, ага биринчи жаз гүл желекчелеринин назиктигин тартуулайт. Болгону кадимки түнкү кремиӊе бустерден 1-2 тамчы кошуп кой!

#2-кадам: серпилгичтик менен иштейбиз

Теринин мезгилдик кургоосу бырыштарды күчөтүүгө жана жаӊы бырыштарды пайда кылууга алып келиши мүмкүн. Royal Velvet бетке арналган тартуучу маскасынакөӊүл бур. Курамындагы гиалурон кислотасы жана кара ирис эликсири бир нече мүнөттө териге нымдандырууну кайтарып берет. Туруктуу жумасына 1-2 жолу колдонууда маска жаш курактык өзгөрүүлөр менен эффективдүү күрөшөт. Масканын таасирин көп функциялуу өнүм менен толукта. Royal Velvet 1де 3 бетке арналган интенсивдүү тегиздөөчү крем-бальзамы күндүзгү крем да, макияж үчүн негиз да, бекемдөөчү маска да боло алат. Бальзамдын курамындагы С витамини терине саламат жаркыроону кайтарып берет, ал эми кара ирис эликсири чоюлчаактыкты жогорулатат.

#3-кадам: чарчаӊкы көз караш менен күрөшөбүз

Эми кабактарыбызды жакшы карайбыз. Эмнени көрүп жатабыз? Шишиктер, кара тегеректер пайда болуп, жаӊы бырыштар пайда болдубу? Капа болбо! Optimals Hydra теринин бардык түрүнө арнаган кабакты нымдандыруучу кремин колдонуп көр, ал терини коргоо үчүн кызгылт родиола, мыкты микроциркуляция үчүн тынчтандыруучу хмель экстракты жана кофеин сыяктуу активдүү ингредиенттердин комплексинин аркасы менен көз карашыӊды дароо сергитет. Эффектти күчөтүү үчүн аны көзгө арналган массажер менен бирге колдон: шариктин муздак металлы кремди жөн гана жука катмар кылып сүйкөөгө жардам бербестен, терини кошумча муздатып, шишикти жана чарчоону жоготот.

#4-кадам: эриндин терисин калыбына келтиребиз

Жаздын келиши менен ачык, ширелүү түстөгү помадалар менен боёнгубуз келет! Алар эриндердин түлөөсүн баса белгилебей, бизди кооздошу үчүн, эриндердин териси кам көрүлгөн жана жылмакай болушу керек. Эриндериӊдин жакын досу — атайын жумшартуучу каражат. Аары мому кошулган жумшак каптоочу текстура бардык аба-ырайда эриндердин назик терисин коргойт, ал эми жагымдуу сергитүүчү жыпар жыты маанайды көтөрөт. Жумасына бир-эки жолу  Love Nature 1де 2 жалбыз жана лайм кошулган маска-скрабын колдон. Эгер убактыӊ болсо, өнүмдү 15 мүнөткө калтырып койсоӊ болот: витаминдерге бай лайм, жалбыз жана маракуйя экстракттары терини жумшартып, нымдандырат. Убактыӊ аз болсо, каражатты эриндериӊе сүйкөп укалап, суу менен чайка. Камыш кантынын бөлүкчөлөрү түлөөнү жоготуп, эриндерге жылмакайлыкты жана табигый жаркындыкты тартуулайт. Ушуну менен бардык амалдар айтылды окшойт. Эми жазды жакшы даярдык менен тосуп алсаӊ болот!

Текст: