Жеңил СЖО: күнүмдүк 3 адат

Жашоо образыңды саламат кылуу үчүн сөзсүз түрдө күн сайын көнүгүүлөрдү жасап, тамактардан чектелүүң керек эмес. Күнүмдүк пайдалуу адаттарды кантип киргизүү керек экенин кадамдар боюнча карап чыгабыз.

Адаттарбул биз ойлонбостон, автоматтык түрдө аткарган аракет. Үзгүлтүксүз кайталоо адатты калыптандырат: мисалы, биз бүгүн тишибизди жуугубуз келип жатабы же жокпу деп ойлонбойбуз. Биз үчүн жөн гана башка вариант жок! Адаттар жана ритуалдар психикабызга ыңгайлык жана тынчтык сезимин берет – алар жашоо түзүмүн, кандайдыр бир ыргагын жаратып, эрк күчүн талап кылбайт жана стресс жаратпайт. Жашоо стилиңди саламат кылуунун эң жөнөкөй ыкмасы – бул жаңы адаттарды иштеп чыгуу

Жана алардын биринчиси

Ойлонуп тамактан

Пайдалуу жана зыяндуу азыктар, тамактануу режими жана саламат диета түрлөрү жөнүндө маалыматтын чоң агымында адашып кетүү оңой. Биз бүгүн сага жөнөкөй кадамдарды сунуштайбыз – ошолордон баштасаң, позитивдүү өзгөрүүлөр тез эле келет

  • Тамакка көңүл кой. Телевизор күйгүзбө, телефонуңду алып кой. Тамактын жыпар жытын жана даамын, текстурасын жана температурасын сезип, ар бир кесими менен ырахаттан. Ошондо сен денеңе зарыл болгон көлөмдө тамак жеп, ашыкча тамактанууга жол бербейсиң.
  •  Зыяндуу шам-шум этүүлөрдү сатып алба. Алардын көздөн алыс болгону жакшы. Үйгө абдан ачка болуп келгенде, жөн гана өтө таттуу же майлуу нерсе менен шам-шум эте албайсың.
  •  Пайдалуу белокторду кош. Natural Balance жаңы шоколад батончиктери  — таттууну сүйгөн, бирок жакшы формада калууну каалагандар үчүн чыныгы куткаруу. 

 Ар бир батончикте болгон 120 ккал бар, каныгуу үчүн жогору сапаттуу белок жана тамак сиңирүүнү жакшыртуу үчүн азык булалары. Мындай шам-шум этүүнү жаныңа сала жүрсөң да, үйгө сактап койсоң да болот.

Кыймылда

Биз узак, алсыратуучу машыгуулар жөнүндө айткан жокпуз. Ден-соолуктун негизи – тиричиликте күн бою кыймылдоо, ал үчүн спортзалга абонементтин да кереги жок!  

Бир нече идеялар бул жерде:

  • Метро же автобустан бир станция эрте түшүп калып, сейилде;
  • Чайнек кайнагыча же таба ысыгыча бир нече жолу отуруп тур;
  • Ойгонгондон кийин керебеттен жакшылап чоюл – ийкемдүүлүккө бир-эки көнүгүү жасап койсоң да болот;
  • Эс алуу жана уйкуга даярдануу үчүн, кечки тамактан кийин 15-30 мүнөт сейилде;
  • Кеңседен лифт колдонбой, тепкич менен жөө бас.

Жакшы нерсени байка

Маанайың канчалык жакшы болсо, организмиңе саламат болуу да ошончолук оңой жана ийгиликке болгон жолуң ошончолук кыска

  • Күн сайын көнүгүү жасап, бирж ума момпосуй жебей же лифттен баш тарткың келеби? Муну досторуң менен бирге жаса! Бирге жеңилирээк жана көңүлдүүрөөк, силер бири-бириңерди колдоп, жеңиш менен тең бөлүшө аласыңар.
  • Өзүңдү ийгиликсиздиктер же режимден чыгуу үүн жемелебе. Сенин максатың – бүт жашооңдо калчу жөнөкөй жана жаңы адаттар, жана бул спринт эмес, марафон. Бүгүн болбосо, эртең кайрадан аракет жасап көрсөң болот!
  • Жаныңа Natural Balance протеин батончиктерин ала жүр . Пайдалуу шам-шум этүү ар дайым сумкаңда бар экени бир күнгө ишеним жана тынчтык берет.
Текст: