Тамак алмаштыруучулары: колдонуу боюнча нускама

Тамак алмаштыруучулардын темасында адашып кетүү оңой, өзгөчө эгер алар тууралуу аз эле уккан болсоң. Мындай өнүмдөрдүн көпчүлүгү эң кыска мөөнөттөрдө укмуштуудай натыйжаларды көрсөтүүгө убада берет. Бирок, салмакты оңдоонун ийгиликтүү планы бир жумадан узак экенин жана оңой эле жашоо образынын бир бөлүгү болуп кала турганын билебиз. Биз тамак алмаштыруучуларын туура тандоого жана колдонууга жардам бере турган кеңештердин тизмесин даярдап койдук.

Кел, эмне кылуу керек экенинен баштайлы.

КЕРЕК: Тамак алмаштыруучуларын акыл менен тандоо 

Бардык тамак алмаштыруучулары бирдей эмес. Калориялары чектелген санда болгон учурда сапаттуу өнүм, сен күн ичинде ток жана энергиялуу бойдон калышың үчүн, жетиштүү түрө азыктандыруучу заттарды камтышы керек. Белоктун жана азык булаларынын курамы төмөн жана канттын деңгээли жогору болгон тамак алмаштыруучуларынан алыс бол. Биздин 

салмакты көзөмөлдөөгө арналган азыктандыруучу коктейлибизде жасалма боёгучтар, жыт бергичтер, консерванттар,  ГМО жана глютен жок. Андан тышкары, анын курамында бир гана табигый ингредиенттер, анын ичинде стевия таттуулагычы бар жана соя сүтү менен аралаштырууда вегандарга ылайыктуу болот (ура!). Коктейль ЕБ катуу коопсуздук стандарттарына ылайык Швеция диетологдору тарабынан иштелип чыккан, ошондуктан анын сапатына ишеним бар. Булчуң массасын колдоо жана көптөгөн органдардын жана тутумдардын иштөөсү үчүн, формула ошондой эле 23 витамин жана минерал, пайдалуу майлар жана белок менен (порцияда 20 г-дан ашык) байытылган. Негизинен бул каалаган тамактанууну алмаштыруунун даамдуу жана ыңгайлуу ыкмасы жана ал баланстуу тамактануу, физикалык активдүүлүк менен комплексте сага салмак таштоо боюнча максаттарыңа жетишүүгө жана натыйжасын сактоого жардам берет.

КЕРЕК: Организмди күн ичинде азыктандыруу 

Арыктоо же салмакты сактоого жараша Oriflame’дин салмак көзөмөлдөө үчүн азыктандыруучу коктейлин 1 же 2 негизги тамактанууну алмаштыруу үчүн колдонсо болот. Оптималдуу натыйжага жетишүү үчүн, рационуң керектелген калориялардын саны боюнча чектелип, бирок токтукту жана энергияны сактоо үчүн жетиштүү деңгээлде азыкандыруучу заттарды камтыганын текшер. Дагы эле ачкалыкты сезип жатасыңбы? Тамак бир күндүк калория нормасынан ашпаса, андан баш тартпа. Рационуңа белок жана азык булаларына бай шам-шум этүүлөрдү кош: жемиштер, йогурттар, хумус менен жер-жемиш таякчалары же өзүңдү таттуудан жана зыяндуу тамактардан коргоо үчүн, Natural Balanceкоктейлдери же батончиктери 

КЕРЕК: Жетиштүү көлөмдө суу ичүү

Obesity журналында жарыяланган изилдөөгө ылайык, бул жөнөкөй аракет салмак таштоого, тамак сиңирүүнү жаны жалпы абалды жакшыртууга жардам берет. Ар дайым жаныңа суу сала жүрсөң, денең сага рахмат айтат!

Эми эмне кылбаш керек экендиги тууралуу сүйлөшөлү.

БОЛБОЙТ: өзүңдү реалдуу эмес күтүүлөр менен жабыктыруу

Чындык болуу үчүн өтө жакшы угулуп жатса дагы (анткени, аларда чындык жок экени анык), тез салмак жоготуу тууралуу убада берүүлөргө ишенүү оңой. Салмак таштоо боюнча ийгиликтүү план – узак убакытка чейин кармана турган план болуп саналат. Ал сөзсүз түрдө өзүнө сенин мотивацияңды колдой турган конкреттүү жана реалдуу максатарды аныктоодон турат. Азыктарды тандоодо өзүңдү ашыкча чектөө же диетаны бузбоо үчүн коомдук иш-чаралардан качуу – мындай аракеттер көп учурда келечекте туура тамактануу режимин сактоодон баш  тартууга алып келет. Салмак таштоо процесси спринт эмес, марафон экенин унутпа. Oriflame’ден салмак көзөмөлдөө үчүн азыктандыруучу коктейлди кадимки жашоо образына кошуу жана анын жардамы менен салмак таштоо же сактоо боюнча максатка жетишүү үчүн керектелүүчү калориялардын санын көзөмөлдөө оңой.

БОЛБОЙТ: Ар бир тамактануунун ордуна мындай өнүмдү колдонуу

Oriflame’ден салмак көзөмөлдөө үчүн азыктандыруучу коктейль эки табитти ачуучу түрдө көрсөтүлгөндүгүнө (ваниль жана шоколад) жана азыктандыруучу заттарга бай экендигине карабастан, жашоонун кыйын ыргагында организмиңди азыктандыруу үчүн аны менен ар бир тамактанууну алмаштырбоону сунуштайбыз. Мындай шарттарда өнүмдөн тез жадап же пландарың бузулушу мүмкүн: кээде досторуң менен тамактанып турууну каалайсың, туурабы? Ошол эле учурда сен организмиңдин нормалдуу иштөөсү үчүн зарыл болгон өлчөмдөгү калорияларды албай калуу тобокелине барасың. Кескин чара көрүүнүн зарылчылыгы жок. Өз керектөөлөрүңө жараша 1 же 2 тамактанууңду коктейлге алмаштыр -  сенин ыңгайлуу салмак таштоо же салмакты сактоо боюнча рецептиң* даяр!

*Натыйжалар айрымаланашы мүмкүн. Салмак таштоо үчүн баланстуу тамактануу, үзгүлтүксүз минималдуу физикалык жүк, суу ичүү жана уктоо режимин сактоо керек.

Текст: