Жигитиӊди өзүн кароого кантип көндүрүү керек: 5 кадам

Бүгүн биз Oriflame-дин wellness-эксперти Татьяна Рыбакова менен биргеликте, бизге жакын мырзаларга ден-соолук тууралуу көбүрөөк билүүгө жана, салт боюнча ичтен жана сырттан кам көрүү ык-амалын колдонуу менен, өзүнө кам көрүү боюнча пайдалуу адаттарды киргизүүгө жардам берүүнү карайбыз.


 

Физиологиябыздагы айырмачылыктарга карабастан, эркектер курчап турган чөйрөнүн терс таасирлерине көп кабылышат, алар энергиянын жетишсиздигинен же иммунитетинин төмөндөшүнөн жапа чегиши мүмкүн. Начар экология, балансталбаган тамактануу, консерванттар, стресстер дагы эркектердин физиологиясындагы табигый процесстерди өзгөртөт.


Тилекке каршы, эркектер көпчүлүк учурда ден-соолугуна анча маани беришпейт, анализдерди көп тапшырышпайт, ал эми эркектердин 90% оору алардын кадимки жашоо мүнөзүнө жана ишине тоскоол болуп жатканын байкамайынча доктурга барбайт.



Мырзаларга саламат жашоо образына келүүгө кантип жардам берүү керек?

 

1-кадам: табакта эмне бар?

Ден-соолукка пайдалуу тамактануунун негиздеринен баштоо керек – витаминдерге жана минералдарга бай болгон балансталган рацион жынысы жана жашына карабастан, ар бир адамга керек.

Мүмкүн болсо, гастрономиялык ысырапчылык саламаттыкка кандай таасир тийгизери, тамак сиңирүү органдарына кандай күч келээри, ашыкча салмактын өсүшү кан тамырлары жана жүрөк менен байланышкан кандайдыр бир олуттуу көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн экендигин айтып берүү керек. Айланаңыздагы эркектерди коркутуунун кереги жок. Бирок, мисалы, куурулган жана майлуу тамактар боорго зыян келтирээрин, баланстоо үчүн, жок дегенде, көп жашылча жана көк чөптөрдү жеш керек экендиги жөнүндө алдын-ала айтуу жакшы.

 


Ошол эле учурда, акырындык менен үй-бүлөлүк рационду өзгөртүү керек. Тамактануудагы мурдатан адат болуп калган туура эмес нерселерден арылуу оңой эмес, бирок даамдуу жана пайдалуу тамактын жаңы варианттарын издөөнүн аркасы менен бул мүмкүн болот. Дем алыш күндөрү жаңы рецепттерди колдонуп чогуу тамак жасоо кызыктуу болот, эгер үй-бүлөдө балдар болсо, аларды да ушул иш-чарага кошуп алсаӊар болот. Бул жагымдуу үй-бүлөлүк салт болуп калат.

 

 

2-кадам: жетишсиздиктерди толуктайбыз

Тамактануу канчалык деңгээлде баланстуу болбосун, азыктардан алынган керектүү заттардын баарын өздөштүрүү мүмкүн эмес. Дене витаминдер менен минералдардын нормасын алуусу үчүн, кошумчаларды ичүү өтө маанилүү, мисалы, эркектердин организминин муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан «Вэлнэс Пэк» , Ыңгайлуу: Бир аштыкчада 12 витамин, 10 минерал, Омега-3 май кислоталары жана кара моюл экстракты менен антиоксидант астаксантин бар. Мындай комплекс жашоо демин сактоону жана ден-соолукту чыңдоону, ошондой эле иммундук системанын жогорку тонусун жана иштешин камсыздоодо мыкты жардамчы болот. Бир таңгак 3 жумалык кабыл алуу үчүн иштелип чыккан. 

 

 

 

3-кадам: кыймылдаӊыз!

Мырзаӊызды сергек жашоо образына жакындатууга жардам берген кийинки жөнөкөй, бирок натыйжалуу кеңеш - бул биргеликте активдүү эс алуу. Мисалы, тасманын ордуна жыл мезгилине жараша сейил бакта сейилдөөгө, велосипед тебүүгө, ролик же коньки тебүүгө болот. Убакытты жакшы өткөрүп эле койбостон, кандайдыр бир максатка биргеликте умтула аласыздар - мисалы, челлендж ойлоп таап,  бир айдан кийин боло турган 5 км жүгүрүүгө даярдануу.

 

 

 

4-кадам: өзүӊөн башта

Эгер эркек киши өзүнө сиз каалагандай мамиле кылбаса, аны күнөөлөбөӊүз - бул анын каршылыгын күчөтүшү мүмкүн. Туура тамактанып, үзгүлтүксүз машыгып, сезимдериңиз менен бөлүшүңүз. Канчалык энергиялуу болуп калганыӊызды айтыңыз - ден-соолугуңуздун жакшыруусу жана көңүлүңүздүн көтөрүлүүсү аны сиз менен бирге сергек жашоо мүнөзүнө кошулууга үндөйт.

 


5-кадам: белек жаса

Ага териге туура кам көрүүнү белекке берип, ал аны колдонгондо кандай бактылуу экениңизди билдирип турууну унутпаңыз.

Эркектердин денеси ичтен витаминдүү жана минералдык колдоого, сыртынан ар тараптуу кам көрүүгө муктаж. Мисалы, NovAge Men  сериясы - эгерде сиздин мырзаӊыз буга чейин терисине кам көрбөгөн болсо, груминг каражаттарынан баштасаңыз болот. NovAge сакал-мурут алуу үчүн коргоочу гели терини муздатып, кычышуусуз сакал-мурут алууну камсыздайт. Сакал алуудан кийин тынчтандыруучу крем-гель  жумшартып, терең нымдайт: курамында Coffea Bengalensis өсүмдүгүнүн сабак клеткасынын экстракты, минералдык комплекс, пантенол жана ментол бар. Мындай каражаттар менен сакал алуу кам көрүүнүн толук кадамы болуп калат. 

  

Ар тараптуу кам көрүү үчүн, NovAge Men бетке арналган толук сериясын кошсо болот, анда 1де-2 жуунуучу каражаты жана скрабы, көздүн айланасына арналган сергитүүчү гели, бетке арналган энергосывороткасы  жана нымдандыруучу креми бар. Ал душтан чыккандан кийинки каражаттардын жытына жылмайып, эртең менен жана кечинде аны менен бирге өз каражаттарыӊызды колдонуңуз. Ошентип, биргелешип, жагымдуу кичинекей адатка ээ болосуздар!