Териӊдин жашы: күзгү эмнени айтпайт?

20 жаштан 30 жашка чейин териң жаш жана серпилгич көрүнөт, анча-мынча кемчиликтерди жана чарчоо издерин макияж менен оңой эле жашырып койсо болот - туурабы? Жооп берүүгө шашылбастан биздин макаланы окуп чык. Сен күзгүдөн көрө албаган процесстер бар. Сен бул жөнүндө азырынча билбесең дагысенин териң карып баратат.

Домино эффекти
Жаман экология, уйкусуз түндөр, тамеки тартуу сыяктуу жаман адаттар, кечелер жана эмгек жумуштун көптүгү - биз жаш кезибизде күч-кубатыбыз чексиз. Биз жашоодон ырахат алабыз, таӊ атканча уланган кечеден кийин кайрадан жумушка барабыз жана анын эч кандай кесепети жоктой сезилет, бирок терибиз андай деп эсептебейт. Стресс топтолуп, күзгүдөн көрүнбөсө дагы, алгачкы натыйжасын берет.

Ооба, убакытты токтото албайбыз 
...бирок биз теринин сулуулугуна жана саламаттыгына көрүнгөндөн алда канча күчтүү таасир этебиз! Генетика жөнүндө сөз болгондо, биздин колубуз байланып калат - бирок изилдөөлөр көрсөткөндөй, теринин картайышынын сырткы белгилери 80% биздин күнүмдүк тандоолорубуздан көз каранды. Активдүү күндөн сактануу, баланстуу тамактануу жана териге кам көрүү - терибиз мүмкүн болушунча узак убакытка чейин жаш бойдон калышы үчүн эӊ жөнөкөй кадамдар керек.

Териңизге канчалык эрте кам көрө баштасаңыз, ал ошончолук узак жаш бойдон калат
Жаш кезден баштап күнүмдүк кам көрүү – бул тонусту жоготпостон жана тереӊ бырыштарды пайда кылбастан келечекке маанилүү салым болуп саналат. Бүгүнкү күндө териңе кам көрүӊ карылыктын алгачкы белгилери канчалык тез пайда болоорун аныктайт. Бул абдан оӊой! NovAge Skinergise комплекстүү кам көрүү төрт жеңил кадамды камтыйт, алар болгону 2 мүнөткө созулат - эртең менен жана уктаар алдында. Эң кызуу графикке дагы кошсоң болот! Кандайча кам көрүү көнүмүш адатка айланып калганын байкабай каласыӊ, ал эми териӊ күн сайын бардык керектүү заттарды ала баштайт!

NovAge Skinergise комплекстүү кам көрүүсү териге энергия жана жаркыроо берип,
агрессивдүү айлана-чөйрөдөн жана эрте картаюудан коргойт.
Жаркыроо 25 эсе көбөйөт, нымдануу 89% жогорулайт.

NovAge Skinergise  — бул өнүмдөрдүн топтому гана эмес, ошондой эле териңдин муктаждыктарын эске алуу менен атайын иштелип чыккан териге кам көрүү тартиби. Сага ыңгайлуу болуш үчүн териге үзгүлтүксүз кам көрүүнү баштоо үчүн керектүү нерселердин бардыгын – бет жуу үчүн гель-тоник, көздүн терисине арналган крем, сыворотка жана нымдандыруучу крем (күндүзгү-түнкү) – чогулттук. Далилденген: комплекстүү кам көрүү өзүнчө азыктарга караганда 7 эсе натыйжалуу!

Теринин эрте картаюусуна каршы 10 лайфхак: дагы эмне кылсаң болот?

Тамеки чегүүдөн алыс бол: ал териӊдин түсүн күӊүрт кылышы мүмкүн 
Спирт ичимдиктерин колдонууну азайт: ал суусузданууга алып келет, натыйжада карылыктын алгачкы белгилери тездейт
Баланстуу тамактан: териңдин кооздугу үчүн сыртынан гана эмес, ичинен да иштешиң керек
Күндөн коргоочу SPF кошулган кремин же санскринди бетиӊе жана денеӊдин кийимдер менен жабылбаган бардык жерлерине колдонуңуз. Жээкте же шаарда экениңдин эч кандай мааниси жок - күндөн коргоочу крем эрте фотокартаюудан сактайт
Уйкуңду кандыр! Түнкү уйку теринин калыбына келишине шарт түзөт: клеткалардын калыбына келүүсүнүн табигый процесстери башталып, терини саламат жана кооз бойдон сактап турат
Стресстен алыс бол: өзгөчө кырдаалдар коллагенди бузуп, бырыштын пайда болушуна алып келе турган кортизол гормонун бөлүп чыгарат
Кыймылда: үзгүлтүксүз спорт стресстен арылууга, уйкуну жакшыртууга жана териңдин саламат көрүнүүсүнө жардам берет
Суу ич: жетиштүү нымдуулук теринин серпилгичтиги үчүн абдан маанилүү. Бул пайдалуу адатты өзүңө алуу үчүн сонун себеп! Башында, ар дайым бир бөтөлкө суу алып жүр жана саат сайын кичинеден ууртап тур.
Бет маскалары жөнүндө унутпа: мезгил-мезгили менен териге кошумча нымдануу керек, ошондуктан кездеме маскасын же түнкү масканы жумасына 1-2 жолу жасап тур.
Комплекстүү кам көрүүнү эреже кылып ал: NovAge Skinergise өнүмдөрү күнүнө эки мүнөт убакытыӊды алуу менен териӊе энергияны, жаркыроону, агрессивдүү чөйрөдөн жана эрте картаюудан натыйжалуу коргоону камсыз кылат.

Эмнеге NovAge?

Бардык куракта сулуу, кам көрүлгөн, жаркыраган териге ээ болуу ишеним берет - мындай натыйжага NovAge комплекстүү кам көрүү линейкаларынын жардамы менен жетишүүгө болот, алардын ар бири теринин белгилүү бир көйгөйлөрүн чечүүгө арналган.

1. AgeReflectTM глобалдык изилдөөлөрүнүн натыйжалары боюнча жасалган 
NovAge-дин жаралышы 900 аял катышкан теринин карылыкты изилдөөчү AgeReflectTM инновациялык изилдөөсү менен шыктандырылган. Теринин 23 касиетин карап чыгып, алардын кайсынысы анын тышкы жашына таасирин тийгизээрин аныктадык. Натыйжада, ар бири теринин белгилүү бир көйгөйлөрүн чечүүгө арналган комплекстүү кам көрүү линейкалары жасалды.

2. Негиз - өсүмдүктөрдүн сөӊгөк клеткалары
NovAge өнүмдөрүнүн эффективдүүлүгүнүн ачкычы өз табияты боюнча уникалдуу ингредиент - өсүмдүктөрдүн сөӊгөк клеткалары болду. Ар бир экстракт 200 жолу сыналып, көптөгөн клиникалык изилдөөлөр өнүмдөрдүн натыйжалуулугун далилдеген.

Алар кандайча иштешет? Териге тышкы жана ички агрессорлор таасир этет: экология, жаш курактык өзгөрүүлөр, кам көрүүнүн жоктугу, ультрафиолет нурлары ж.б. Бул агрессорлордун таасири астында клеткалардын түзүлүшү жана клеткалар аралык матрикс бузулуп, убакыттын өтүшү менен териде картаюунун белгилери ачык байкала баштайт. Ар бир NovAge линейкасындагы өсүмдүктөрдүн сөнгөк клеткалары агрессивдүү тышкы жана ички факторлорду нейтралдаштырууга жардам берет. Ар бир линейкада прогрессивдүү технологиялар менен айкалышканда, алар терини коргоп, карылык процессин жайлатып, анын жаштыгын калыбына келтирип, чыныгы потенциалын ачууга жардам берет.

3. Биздин география 
Биздин окумуштуулар Швециянын Стокгольм шаарындагы Орифлэйм тери изилдөө институтунда жана Ирландиянын Дублин изилдөө борборундагы Ori-derm лабораториясында изилдөө жана өнүмдү иштеп чыгуу иштерин жүргүзүшөт. Мындан тышкары, биз өз өнүмдөрүбүздү дүйнөнүн бир катар көзкарандысыз лабораторияларында текшеребиз жана бул алардын клиникалык натыйжалуулугун дагы тастыктайт.