Беттин тиби боюнча каштардын формасы

Мектепте окуп жүргөндө сен геометрияны жакшы көрбөсөң да, каштардын архитектурасына сенин толук күчүң жетет. Мен, Oriflameдин бьюти-эксперти Галина Ильина, ал беттин көрүнүшүн белгилүү түрдө түзөтө турган жана аларды таасирдүү кыла турган, сенин каштарыңдын формасын аныктоого жардам берем.

Заманбап макияжда каштарга чоң жоопкерчилик жүктөлгөн: алар мүнөздү гана түзбөстөн, беттин шайкештигин (гармониялуу)  түзүүгө, анын симметриялуу болуусуна жардам берет. Каштарды тандоо учурунда атактуу адамдардын сүрөтүнө, тренддерге жана жеке өзүңдүн табитиңе гана таянууга болбойт. Жаратылыш өзүнүн эрежелерин таңуулайт: эгерде, аларды колдонсок, каштардын кемчиликтеринин көрүнүшүн түзөтүүгө жана жетишкендиктерин баса көрсөтүүгө болот.   

1-кадам: формасын аныктайбыз

Каштарды түзөтүүнүн базалык схемасы бар, анда каштардын үч  точкасы: негизи, ийилген жери жана учу бар.

 

Схеманы колдонуу менен каштардын идеалдуу формасын үч кадам аркылуу түз:

 1. Мурундун таноолорунун учунан жогору көздөй түптүз вертикалдуу сызыкты элестетүү менен чий макияж үчүн каалаган кистьти (щетканы) алсаң болот жана аны бетиңе жабыштырып койсоң да болот.  Сызык кашты кесип өткөн жерде каштын негизи жайгашкан. Мурундун үстүнкү багыты боюнча сызыктан өткөн каштын бардык түктөрү ашыкча, аларды алып салуу керек.

2. Элестүү аркылуу экинчи сызыкты тарт, бул жолу мурундун таноосунун учунан көздүн сырткы айланасынын четине чейин андан сен каштын эң бийик точкасын, ийилген жерин табасың.

3. Мурундун таноолорунун учунан көздүн сырткы бурчуна чейинки сызык каштын учун аныктоого жардам берет.

Каштардын негизги схемасы беттин пропорцияларын бузбай турганына жана анын калган бөлүктөрүнө шайкеш (гармониялуу) келе турганына ишеним алуу керек. Ошентип, каштын ийилген жери туура эмес жайгашканда таң калган же өзүн жоготуп койгондой абалды бериши мүмкүн, ал эми өтө кыска каштар көздөрдү кичирейтип көрсөтүшү мүмкүн.

2-кадам: беттин тибин эске алабыз

Жогорудагы сүрөттөн сен сүйрү (овалдуу) беттин типтүү мисалын көрдүң, бул визажисттерде алтын стандарт болуп эсептелет: беттин жогорку бөлүгү төмөнкү жаактан бир аз кененирээк, маңдай-чеке жана ээк тегиз-толкундуу сызыктарга ээ. Эгерде, сенин бетиң бир азыраак эле сүйрү болуп көрүнсө, анда каштарды базалык схемада түзөтүү жетиштүү болот. Андай болбосо, каштардын туура макияжы беттин өзгөчөлүктөрүнүн көрүнүшүн тегиздөөгө жардам берет.

 

Маңдай-чекеден ээкке чейин жана кулактан кулакка чейинки аралык болжол менен бирдей болсо, бет тегерек болуп эсептелет. Бети тегерек адамдар өздөрүнүн жаактарын көп учурда жактырышпайт жана аларды эки катмарлуу контурду алуу үчүн пудра сүйкөө менен аларды бетинин сөөктөрүн точкалап, айландырууну кыялданышат. Муну жасоо бекер — каштардын ийилген жеринин бийиктиги менен каштарга так форма берүү аркылуу көбүрөөк натыйжага жетишүүгө болот. Эреже катары, бети тегеректердин бетинде курч өзгөчөлүктөрү жок, ошондуктан мындай кашты өзгөртүп тарткан жакшы болот.

Үч бурчтуу бет беттин ылдыйкы бөлүгү чукул ичкерип кетсе жана ээги учтуу болсо, анын эсебинен чеке-маңдайы оор болуп көрүнүшү мүмкүн. Беттин ушул түрүн сүйрү айлана сыяктуу алар жумшактыкты бере турган каштар түзөтө алат.

Тик бурчтуу же төрт бурчтуу бетти айырмалай турган башкы нерсе — кеңири жаак. Идеалдуу вариант — бул каштын максималдуу ийилген жери көздүн так ортосунан жогорку жеринде жайгашат жана беттин ичкерген көрүнүштө болушуна жардам берет. Ушундай типтеги бет үчүн ичке жиптей жана кыска-жиптей ичке каштарды жасоого таптакыр болбойт.

3-кадам: макияждын жардамы менен түзөтөбүз

Каштардын формасын тандап алгандан кийин, макияжга киришсеңиз болот. Табигый мүнөздүүлүк азыркы трендде, ошондуктан мен КАШТАР ҮЧҮН THE ONE тенин сунуштайм. Алар таасирдүүлүктү жана боштуктарды толтуруу сыяктууларды берүү менен каштардын формаларын  түзөтүүгө жана ал тургай асимметрияны четтетүүгө да жардам берет.

 

Каштар үчүн өзүңдүн каражатыңды тандоо кээде кыйын болушу мүмкүн, бирок ушул палет менен эмес – бул жерде толук макияж жасоо үчүн бардык керектүү нерселер бар:

  • Тендер (боёк-тендер) универсалдуу түстөрдүн эсебинен баардыгы үчүн — блондинкаларга да,  брюнеткаларга да, ылайыктуу келет, жеңил сүйкөлөт  жана жумшак текстурасынын жардамы менен жакшы жайылат, табигый жалтырабаган барқыт финишке ээ.
  • Түссүз мом (воск) формасы беттин түсүн бекемдейт, макияждын туруктуулугун узартат. Аны тендерден кийин колдонуу керек.

  •  Комплектидеги болгон бир эле учурдагы эки кисть каштардын керектүү формасын жеңил түзүүгө жардам берет. Алар ворсторунун жыштыгы боюнча ар кандай болот: карасын тендер үчүн колдон, ал эми ак түстүүсүн - мом (воск) үчүн колдон.

1. Чачтарды өйдө көздөй тарап кой, ушундай учурда форманы тартуу оңоюраак болот.

2. Беттин формасы жана тиби боюнча сунуштарды эске алуу менен ыңгайлуу болуш үчүн, каштардын үстүнкү жана астыңкы чектерин чийип тарт.

3. Чачтардын (түкчөлөрдүн) арасындагы боштуктарды жеңил штрихтер менен толтур. Каштардын негиздерине ачык түстү колдон, ал эми ийилген жерине жана учуна каралжын түстү кошуп кой: ушундай болсо каштарың андан да таасирдүү көрүнөт.

4. Момду (воскту) колдон: щеткага (кистьке) бир аз салып ал, анан каштарды тараган сыяктуу жеңил кыймылдар менен сүйкө. Мом (воск) чачтарды (түкчөлөрдү)  бекемдейт жана каштардын көрүнүшүн калыңыраак кылып көрсөтөт.

Кереметтүү каштарды жарат жана #ярекомендуюKG хэштеги менен Инстаграмдан бөлүш. ORIFLAME СУЛУУЛУК МЕКТЕБИНЕН мындан да пайдалуу сабактарды көр!

Текст: Сүрөт: Oriflame