«Макияжсыз макияждын» сыры эмнеде? Албетте? Мейк эффекти бар гибриддик кам кɵрүүдɵ!

Албетте, биз боенгону жакшы кɵрɵбүз. Бирок, кээде күзгүнүн астында кɵп убакыт ɵткɵрбɵстɵн сергип тургандай, табигый кɵрүнгүбүз келет. «Макияжсыз макияж» – подиумдарда да, соцтармактарда да тренд болуп саналат, андыктан ыңгайлууракк отур: биз азыр назик, жаркыраган тери эффектине кантип жетишсе болорун жана гибриддик макияж деген эмне экенин айтып беребиз.

Макияжсыз макияж

Таза, жаркыраган тери ар дайым популярдуу болуп келген, бирок локдаундан кийин соцтармактарда бул тренд тез жайылып кетти. Биз дагы четте калбайбыз! Заманбап «мейксиз мейк» жɵн гана ɵзгɵчɵ күч жумшоону талап кылбай тим калбастан, ɵнүмдɵрдү да үнɵмдɵйт, ал эми бул планетабыз үчүн да, сенин капчыгың үчүн да пайдалуу.

Эгер мурда «табигый» түргɵ жетишүү үчүн күзгүнүн алдында кɵп убакыт ɵткɵрүү менен, бир топ консилерлерди жана хайлайтерлерди сүйкɵɵ керек болсо, бул мезгилде болгону бир-эки штрих менен эле териңдин кооздугун баса белгилɵɵ керек. Практикада бул аны тынымсыз нымдандыруу, майда кемчиликтерге кам кɵрүү, тери түсүн тегиздɵɵ, жана албетте, жаркыроого жетишүү дегенди билдирет. Жакшы кам кɵрүү бардык макияждын негизи экени анык, бирок бүгүнкү күндɵ дал ошол «жылаңач» теринин сапаты биринчи планга чыкты. Дал ошондуктан гибриддик косметика – макияж эффекти менен териге кам кɵрүү чыгарылган.

 

Waunt-тун жардамы менен буга кантип жетишсе болот: Waunt:

Түнкү маска

Мындай мүмкүнчүлүктү ɵткɵрүп жибербе! Түнкү маскалар түнкү кремдерге караганда бир кыйла кызыктуу: алардын формулалары териде кɵбүрɵɵк калгыдай болуп түзүлгɵн жана алардын кошумча эффекттери да кɵп. Waunt «Жаңылануу эффекти» бетке арналган маскасы терини абдан назик кабырчыктандырып, түстү ттегиздɵɵгɵ жардам берет. Уктоого чейин сүйкɵп, эртең менен ɵзүңдүн сергиген, жаркыраган бетиңе суктан. Биринчи кадам жасалды!

Тазалоочу бальзам

Негиздердин негизи – жакшы нымдандырылган жана поралары таза, макияждын калдыктары жок, тазаланган тери. Кɵпчүлүк бет жуучу каражаттар терини кургатышы мүмкүн, бирок бетке арналган тазалоочу бальзамыWaunt «Эффект преображения»  андай эмес! Биринчиден, анда териге ар дайым эле оң таасирин тийгизе бербеген сурфактанттар (тазалоочу компоненттердин түрү) жок. Каныккан крем формуласы териде эрип, бардык булганууларды эритип, бир учурда эле терини азыктандырат.

 

Кɵздүн айланасындагы териге арналган стик

Консилер –бул жакшы, бирок жалтыратпоочу упасы бар жана жеңил жаркыроо бере турган кɵзгɵ арналган агартуучу кремге кандай карайсың? Ал жарыкты чагылдырып, бир учурда эле кɵздүн айланасындагы терини нымдандырып, кɵздүн алдындагы тактарды жоготуп, сергиген кɵзкараштын эффектин жаратат.

Тонер-мист

Жакшы тазалоодон кийин терини тийиштүү түрдɵ нымдандырууга убакыт келди! Бетке арналган тонер-мисти Waunt «Жаркыроо эффекти»нымдандыруунун дагы бир зарядын жана жаркыроо тартуулайт. Аны колдонуу абдан ыңгайлуу – сен аны бир-эки жолу чачуу менен каалаган учурда сергип алсаң болот.

Крем-гель

Нымдандыруу аягына жетти деп ойлогон жоксуң да, туурабы? Мыкты териге ээ болуу үчүн, аны болушунча активдүү нымдандыруу керек – андыктан Waunt «Дароо нымдандыруу эффекти» бетке арналган крем-гелин алып чыгабыз. Анын назик текстурасы эпидермиске нымдуулук гана кошпостон, аны ичинде кармап тургандыктан, анын бир тамчысы да текке кетпейт!

Жана, эң акыркысы, база

Финалдык штрих: теринин текстурасын тегиздейбиз, тегизсиздиктер калган болсо, аларды жылмалайбыз, ашкча жаркыроону азайтабыз жана дагы бир жолу нымдандырабыз. Эч кандай майлуу жылтыроо болбойт – Waunt «Тегиздɵɵчү эффект» макияж базасы териге сенин «мейксиз мейкиңди» аягына чыгаруучу дал ошол нымдуу жаркыроону берип, сени тренддердин каарманына айлантат.

Текст: