Бешке жасалган маникюр

Эки барак даярда! Бүгүн биз сага дароо катасыз сонун маникюрду кантип жасоо керек экенин айтып беребиз.

ЖОК: АЦЕТОНУ БАР ФОРМУЛА
Ацетону бар лак өчүрүүчү суюктук тырмак пластинасын бузуп, кургатышы мүмкүн. Сага мындай кыйынчылыктардын эмне кереги бар? Тезинен андан арыл.

 

ООБА: ЛАКТЫ ӨЧҮРҮҮГӨ АРНАЛГАН КАМ КӨРҮҮЧҮ КАРАЖАТ
Жумшак каражат кутикуланы же тырмакты бузбастан эң күңүрт лактарды дагы өчүрө алат.
THE ONE Expert Careлакты кылдат өчүрүүгө арналган каражатты сунуштайбыз. Ал лакты тез кетирип, кутикула жана тырмакты жумшартып, азыктандырат.


ЖОК: КУТИКУЛАНЫ КЕСҮҮ
Же аны өтө алыс жылдырууга болбойт. Кутикула – тырмак пластинасынын негизинде турган жука тери жана бактериялардын жолунда коргоочу барьер. Ошондуктан, кутикуланы жылдырганда, ал табигый түрдө бир нече убакыттан кийин кайра ордуна келет.

 

КУТИКУЛАГА АРНАЛГАН МАЙ
майды тырмактын айланасындагы териге гана эмес, тырмактын өзүнө дагы сүйкө. Бул аларды кургоодон же бузулуудан коргойт. Бизге
THE ONE Expert Careкарандаштагы тырмакка жана кутикулага арналган майы жагат. Анын курамында таттуу бадам майы, алоэ вера жана сквалан бар жана ал колдо майлуу так калтырбайт.

ЖОК: ТЫРМАККА АРНАЛГАН БАЗАНЫ УНУТУУ

Албетте, түстүү лакты дароо колдонуу, базаны колдонууга караганда алда канча тезирээк, ал кургагыча күтүп, анан гана түстүү лакты колдонуу керек (жана дагы күтө туруу керек). Ылдамдык сага аз гана упай берет: тырмактардын табигый түсү өзгөрүп кетиши мүмкүн, лак тырмактарда эки эсе аз кармалат.

 

ООБА: БАЗАЛЫК ЖАНА КОРГООЧУ ЖАБУУ СҮЙКӨӨ 

Туруктуу маникюрдун сыры — тырмакарды базалык жабуунун жардамы менен даярдап, түстүү лак менен боёп, коргоочу жабуу менен аякта. Сага THE ONE Pro Wear тырмакка арналган базалык жабуу же THE ONE Wear лакка арналган тез кургоочу бекитүүчү жабуу керек.

ЖОК: ӨТӨ КӨП ЛАК

Үйдөн маникюр жасагандардын эң көп кетирилген катасы болсо керек. Лактын калың катмары көптө кургайт жана көп учурда сынуунун же тырмактагы аба көбүктөрүнүн пайда болушунун себеби болот. Андай кылба.


ООБА: ЛАКТЫ ҮЧ КЫЙМЫЛ МЕНЕН БОЁО 

Лайфхакты ачабыз: ар учурда лакты кистке азыраак алуу керек. Биринчи катмарды үч кыймыл менен боё – ортосун, эки капталын, андан кийин аны толук кургатып, экинчи катмарын боё.

ЖОК: БОЕП, УНУТУП КАЛУУ 

Тырмак пластинасы көбүнчө кератиндин катуу белогунан, липиддик катмарлардан жана суу молекулаларынан турат. Лактын узак таасири аны бузушу мүмкүн, ошондуктан маникюрдун мүмкүн болушунча мөөнөтү – эки жума, ал эми педикюрдуку – бир ай.

ООБА: ТЫРМАКТАРДЫ ЭС АЛДЫРУУ

Кээде маникюрсуз жүр. Жөнөкөй кам көрүлгөн тырмакар дагы кооз, анан да эс алуу тырмак пластинасынын клеткаларына кайра калыбына келүүгө жардам берет. Кам көрүүчү каражаттар менен тажрыйба жасап, өзүңө үйдөн спа-салон уюштур THE ONE Expert Care тырмакка арналган бекемдөөчү жабуусун, THE ONE Expert Care тырмакка арналган түнкү маскасын жана THE ONE Expert Care тырмакка арналган сывороткасын  колдон.

Сага натыйжасы жакты деп ишенебиз!