Шаардагы сулуулук: терини начар экологиядан кантип коргосо болот

Кургоо, кызаруу, аллергия, күңүрт түс, эрте картаюу – булар мегаполистеги жашоонун кесепеттериболуп саналат. Айлана-чөйрө териңе сен ойлогондон көбүрөөк зыян тийгизиши мүмкүн. Бирок аны туура кам көрүүнүн жардамы менен азайтса болот – бул тууралуу айтып беребиз.

Айлана-чөйрөнүн булгануусунан планета гана эмес, денебиз дагы, анын ичинде терибиз жабыр тартат. Көпчүлүк үчүн бул болбой койбос нерсе, анткени биз күндөн күнгө чаң, тамеки түтүнү, пайдаланылган газдар, пестициддер, зыяндуу өндүрүштөрдүн таштандылары сыяктуу ар кандай терс факторлорго кабылабыз. Бир аздан болсо дагы, алар теринин коргоочу барьерин бузуп, анын абалын акырындык менен начарлатууга алып келет. Тери кургак, күңүрт жана сезгич болуп, беттин түсү бузулат, гиперпигментация жана эрте картаюунун белгилери пайда болот.

Чечим – теринин табигый ккоргоочу касиеттерин сактаган жана бекемдеген туура каражаттар. Бул тизмеде – бул маселени чеч турган ингредиенттер бар

1. Начар экологиядан коргоо эффекти бар жуунууга арналган каражат

Курамынан эмнени издеш керек? Пораларды тазалоо, агартуу, калыбына келтирүү үчүн компоненттер.

мегаполистеги жашоо поралардын толушуна, теринин күңүрт жана шуудурак болуп калашына алып келет
. Тазалоо — теринин саламаттыгына жана анын коргоочу функцияларын колдоого болгон биринчи кадам. Кечинде жуунуу чаңдын жана булгануунун бөлүкчөлөрүн тазалоого, ал эми эртең менен жуунуу түндө чогулган өлгөн клеткаларды кабырчыктандырууга жардам берет. Жуунуу ошондой эле терини кийинки нымдандыруучу, азыктандыруучу жана коргооочу кам көрүүгө даярдайт.

   ●  Кабырчыктандыруучу касиеттери бар терең тазалоочу каражаттарды танда (мисалы Optimals Urban Guard 3D мультифункционалдуу тазалоочу каражаты). Аны үзгүлтүксүз колдонуу клеткалардын жаңылануусун тездетип, ал өз учурунда териге жаркыроону жана кынтыксыз көрүнүштү кайтарып берет
   ●  Салицил кислотасы (BHA) – мегаполистин жашоочулары үчүн идеалдуу вариант, анткени ал кара чекиттерди эритип, өлгөн клеткаларды кабырчыкандырат.  

2. Коргоочу сыворотка 

Курамынан энени издөө керек? Нымдандыруучу, тынчтандыруучу жана тери барьерин калыбына келтирүүчү заттарды

Биздин терибизкүндөн жана булгоочу заттардан коргоочу калкан. Эгер агак талаптагыдай кам көрбөсөк, анын барьердик функциясы жабыркай баштайт. Бул кычкылдантуучу стресс деп аталат жана анын процессинде эркин радикалдар пайда болот. Алардан болгон зыянды жоюу үчүн, кам көрүү системаңа нымдандыруу жана коргоого арналган каражаттарды кош Optimals Guard 3D коргоочу сывороткасы клеткаларды жашоо энергиясына толтуруп, гидролипиддик барьерди бекемдеп, эң башкысы, терини ошол абалда сактайт. Ичинде эмне бар:

   ●  С Витамини терини агартып, анын тегиз эмес жана күңүрт түсү менен күрөшөт. Анан дагы, ал эркин радикалдарды нейтралдаштыруучу күчтүү антиоксидант
   ●  Постбиотиктер эгер териң чарчап, стресске кабылган болсо, микрофлоранын балансын калыбына келтирет
   ●  Антиоксиданттар теринин иммундук системасынын иштөөсүн күчөтүп, кычкылдантуучу стресске каршы турууга жардам берет (мисалы Е витамини, полифенолдор, флавоноиддер). 

3. Агрессивдүү чөйрөдөн коргоо эффекти бар крем 

Курамынан эмнени издөө керек? Нымдандыруу, азыктандыруу жана коргоо үчүн компоненттер 

Азыркы учурда Anti-Pollution белгиси бар косметика популярдуу болуп жатат. Ал терини коргоого, стресс жаратуучу факторлордун күнүмдүк таасирине каршы турууга убада берет. Мындай каражаттар интенсидвүү нымдандыруу, тери барьерин калыбына келтирүүгө жана теринин иммунитетин бекемдөөгө арналган компоненттерди камтышы керек. Эмнеге көңүл буруу керек:

   ●  Күндүзгү нымдандыруучу каражатты тандоодо, биринчиден анын SPF деңгээлин кара. Optimals Urban Guard 3D коргоочу күндүзгү креминде  SPF 25 барбул шаар үчүн дагы, табиятта эс алуу үчүн дагы жетиштүү

Углероддук бөлүкчөлөрдөн коргогон жана нымды сактоого жардам берген компоненттер дагы ашыкча болбойт. Көбүнчө бул ар кандай түрдөгү гиалурон кислотасы. Чоң молекулалуусу нымды териде кармап, табигый коргоочу барьерди бекемдейт. Орто молекулалуу гиалурон кислотасы териде нымдуулуктун запасын чогултат, ал эми төмөн молекулалуусу теринин тереңине кирип, нымдандырат. Мунун баары биригип, ингредиентти шаарда колдонуу үчүн идеалдуу кылат

   ●  Уктап жатканда териң күн ичинде беттешкен стресстен кайра калыбына келет. Түнкү кремди тандоодо теринри азыктандырып, балансын калыбына келтирип, энергияга толтурган компоненттерге көңүл бур. Тынчтандыруучу жана нымдандыруучу ингредиенттер дагы керек, ошондуктан, кайрадан эле, биринчи орунда антиоксиданттар, постбиотиктер жана гиалурон кислотасы турат. Мунун баары Optimals Urban Guard 3D калыбына келтирүүчү түнкү кремдин курамында бар.

Сен териңе айлана-чөйрөнүн терс таасирлеринин тийгизген таасирлери менен күрөшүүгө жардам берип жатканда, Oriflame өзүнүн табяитка тийгизген таасирин минималдаштырууга аракет жасайт. Urban Guard 3D – булгануудан күчөтүлгөн коргоосу бар биринчи кам көрүүчү линиябыз жана анын үстүндө иштөөдө биз салыштырмалуу экологиялык өндүрүштү жана таңгакты колдонобуз