Сулуулук сакчысы: эмне үчүн астаксантин бизге ушунчалык зарыл?

Сен: «Биз эмнени жесек - ошобуз», - деген сөздү угуп жүрсөң керек жана ал, астаксантин жөнүндө сөз болуп жатканда, толугу менен өзүн актайт. Коргоочу касиеттеринин толук спектринен тышкары – бул күчтүү антиоксидант күнгө күйуп калуунун алдын алуудан баштап, бырыштарга каршы күрөшүүгө чейин бир катар артыкчылыктарга ээ.

Алгач: астаксантин деген эмне?
Фламингонун канаттары, лосостун, омардын же креветканын эти боёлгон кызгылт түстү элестетип көр, - бул үчүн астаксантинге рахмат айтуубуз керек! Бул табигый каротиноид – жогоруда айтылган кызгылт жандыктар тамактануучу микробалырлардын курамында көп өлчөмдө камтылган пигмент. Астаксантин ошондой эле лосостун булчуңдарында бар, жана көпчүлүгү дал ошол нерсе агынга каршы сүзүүгө зарыл болгон чыдамкайлыкты камсыздайт деп ишенишет, ал эми бул ушул даамдуу балык менен тамактануу үчүн агы бир себеп болуп берет!

Эмне үчүн астаксантин организмге пайдалуу?

1. Ал теринин кооздугу үчүн кычкылдантуучу стресске каршы күрөшөт. Астаксантинди ичүү менен, сен териңдин саламат абалына ичинен кам көрөсүң. Ал эпидермистин терең катмарларына кирип, терини табигый коллагенди бузп, натыйжада эдрте картаюуга алып келген молекулалардын – эркин радикалдардын таасиринен коргойт. Астаксантин ошондой эле теринин чоюлчаактыгын жогорулатып, нымды сактоого өбөлгө түзөт

2. Ал чыдмакайлыкты жогорулатат. Сапаттуу машыгууан кийин жагымдуу чачоо сезиминен жакшы эч нерсе жок. Үзгүлтүксүз көнүгүүлөрдөн тийген пайда мурдатан бери белгилүү болсо дагы,интенсивдүү физикалык жүктөмдөр (өзгөчө, сен аларга көнбөсөң) эркин радикалдардын иштелип чыгышын көбөйтүп, кычкылдантуучу стресске – сезгенүүлөргө жана оорууга алып келиши мүмкүн, алэми алар, адатынча, спорт менен машыгуунун эффективдүүлүгүн төмөндөтүшөт. Жана бул жерде астаксантин жардамга келет! Ал булчуңдардын калыбына келишине өбөлгө түзөт, чыдамкайлыкты жогорулатып, эркин радикалдардын пайда болушунан коргойт

3. Ал ультрафиолеттен коргойт. Кунгө бир гана SPF кошулган каражаттар менен күйүү керек экенин аксиома катары өздөштүрүп алдык, бирок астаксантин дагы ультрафиолеттен коргоого өбөлгө түзөөрүн белгилеп кетсек ашыкча болбос. Ал терини күйүүдөн кийин терини кызарткан UVB-нурлардан да, кычкылдантуучу стресске жана эрте картаюуга жооп берген UVA-нурлардан да коргойт. 

4. Бул эң күчтүү табигый антиоксидант. Астаксантинди «антиоксиданттардын падышасы» деп аташат, себеби ал бета-каротинден 4,6 эсе күчтүүрөөк, Е витамининен 110 эсе териге пайдалуураак жана С витаминине салыштырмалуу эркин радикалдарга каршы күрөшүү үчүн 6000 эсе көп дараметке ээ!

Астаксантинди жетиштүү деңгээлде алып жатканыңа кантип ынансаң болот?
Аны камтыган азыктарды колдонуу – бул пайдалуу гана эмес, даамдуу дагы! Мындай азыктарга лосось жана лосось майы, кызыл форель, балырлар жана башка деңиз азыктары (омарлар, креветкалар, рактар жана крабдар) кирет. Астаксантинди тамакка кошумча катары да ичсе болот. Oriflame’дин Швед архипелагынын микробалырларынан алынган табигый астаксантин кошулган  «Астаксантин жана кара моюл экстракты» комплекси  - бул күнүмдүк рационго астаксантинди кошуунун жана сулуулукка ичтен кам көрүүнүн жөнөкөй ыкмасы!

Биздин тамактанууга кошумчаларыбыз жөнүндө көбүрөөк бул жерден билип ал.

Meta Desc: Күнгө күйүүдөн баштап бырыштарга чейин – астаксантин эмнеден коргойт жана эмне үчүн сенин көңүл бурууңа татыктуу.

Текст: