Көрсөтмө: жуунуучу каражатты кантип тандоо керек

Саламат тери тазалоодон башталат. Бирок жөнөкөй эмес, туура тазалоодон башталат! Териңдин түрүнө жараша каражат тандоо жөнүндө айтып берип, Optimals линейкасынын даяр варианттарын сунуштайбыз.

 

Тазалоо саламат коргоочу барьерди сактайт, пайдалуу компоненттердин кийинки таасири үчүн «негиз» жаратат. Түн ичинде чогулган өлгөн клеткаларды тазалоо үчүн, кечинде гана эмес, эртең менен дагы жуунуу керек Бир эле функцияны , аткаргандыгына карабастан, тазалоочу каражаттар бири-биринен абдан айрымаланат. Биз ар кандайбыз,бир күнүбүз экинчи күнүбүзгө окшобойт, ошондуктан кам көрүүдөгү керектөөлөрүбүз дагы ар кандай болуп турат. Optimals линейкасында ар кандай көйгөйлөргө ылайыкташтырылган активдүү компоненттери бар тазалоочу жана сергитүүчү каражаттар бар. Өзүңдүн каражатыңды кантип тапсаң болоору жөнүндө сүйлөшөбүз.

Эгер кара чекиттерди тазалоо керек болсо 
Кара чекиттер жана башка кемчиликтер тынчсыздандырып жатабы? Мегаполистин агрессивдүү таасиринин алдында пораларың тез толуп жатабы? Эмнеси болсо дагы бетиңди сергитип, тери түсүн жандандыруу үчүн кабырчыктандыруучу эффекти бар тазалоочу каражат жардамчы болот.
 
Кабырчыктандыруу ткандардын регенерациясын тездетип, пораларды, булганууну жана өлгөн клеткаларды тазалайт. Эгер бул сага керектүү нерсенин дал өзү болсо, анда аны  Optimals Urban Guard 3D мультифункционалдуу тазалоочу каражатын . колдонуп көр. Бул бир эле учурда жуунуучу каражаттан, скрабдан жана маскадан турган 1де 3 өнүмү. Салицил кислотасы терең жана жумшак тазалайт, ал эми голубиканын майдаланган данектери өлгөн клеткаларды кылдат тазалап, күңүрт терини жандандырат

Негизги артыкчылыктары: булганууну жумшак кетирет, пораларды терең тазалайт, терини калыбына келтирет.
Текстурасы:
табигый кабырчыктандыруучу бөлүкчөлөрү бар крем сымал чопо.

Эгер терең тазалоо керек болсо
Себумду, булганууну жана макияжды жакшы кетирген, бирок терини суусуздангын жана шуудураган бойдон калтырбаган каражатты издеп жүрөсүңбү? Мыкты вариант – бул жуунууга арналган көбүктөнүүчү каражат. Өзгөчө эгер сен айкалышкан теринин ээси болсоң.
 
Бети кургак, Т-зонасы (чекеси, мурду, ээги) майлуу болгон териге мыкты ылайык келет. Дал ошол жерлерде ашыкча тери майы жана башка булгануулар чогулат
.
 
Терең тазалоочу Optimals жемиш кислоталары кошулган гели көйгөйдү чечүүгө жардам берет. Ал майлуу капсулаларды (сергитип, нымдандырат) жана териге арналган азыктандыруучу заттарды, анын ичинде С витаминин жана жемиш кислоталарын (терини агартып, тегиздейт) камтыйт. Бонус: кулпунайдан алынган С витамини жаркыроону дагы күчөтөт.

Негизги артыкчылыктары: терең тазалайт, сергитет, кургатпайт.
Текстурасы:
 
гель, сууга тийгенде көбүккө айланат.

Эгер терини жумшартуу керек болсо 
Күтүү: азыктанган, жылмакай, агарган тери. Реалдуулук: кургак, түлөөгө жана кычышууга жакын тери. Жуунууга арналган самынды же көбүрүүчү каражатты кремге же сүтчөгө алмаштыруу керек болушу мүмкүн. Ерини тынчтандырууга жардам берүүчү жапайы фиалкадан алынган флавоноиддер кошулган  Optimals терини тазалоого жана тери түсүн тегиздөөгө арналган каражатын колдонуп көр. жылмакай жана назик текстурасы күңүрт тери түсүн сергитип, терини жумшартат. Жаш курактык  өзгөрүүлөр жана гиперпигментация болгон учурда идеалдуу вариант болуп саналат. 

Негизги артыкчылыктары: жумшак тазалайт, тери түсүн тегиздейт, жаркыроо берет.
Текстурасы:
 
жибек сымал крем

Эгер нымдандыруу керек болсо
Тери кургоодон жана күңүрт түстөн жабыркасы, ага күчтүү  нымдандыруу керек. Жана бул жердеги негизги милдет – нымды кармап туруу. Күнүмдүк кам көрүү системасына тазалоодон кийин дароо кошумча тоникти колдонуудан турган этапты кошууну сунуштайбыз. Optimals бетке арналган тынчтандыруучу тонигинин курамында сулудан алынган В3 жана В5 витаминдери бар. Алар өзүнүн нымдандыруучу касиеттери менен белгилүү жана теринин бардык түрүнө ылайыктуу.

Негизги артыкчылыктары: тынчтандырат, жумшартат, суу балансын сактайт, азыктандырат жана тазалоодон кийин сергитет.
Консистенциясы:
 
назик жана жеңил, салкындатуучу.

Эгер жуулбоочу каражат издеп жатсаң 
Жууп салууну талап кылбаган өнүм керек болуп жатабы? Анда сага  Optimals нымдандыруучу мицеллярдуу суусу жагат. Бул жуунууга арналган 1де 3 жөнөкөй жана эффективдүү каражат бир жолу колдонуу менен макияжды кетирип, терини жумшартып, нымдандырат – эч кандай катуу сүртүү жок! Жумшак формуланын курамында спирт жок болгондуктан, ал көзгө да, эриндерге да колдонууга ылайыктуу. Каражаттын курамында вересктен алынган урсол кислотасы бар жана ал тынчтандыруучу касиеттерге ээ болуп, теринин бардык түрүнө ылайык келгендиктен, бул мицеллярдуу суу толук универсалдуу болуп саналат. Сен жөн гана кебез дискин нымдап, бетиңди жумшак сүртүүң керек.

Негизги артыкчылыкары: жумшак тазалайт, макияжды кетирет, тынчтандырат, нымдандырат.
Консистенциясы
 жеңил, салкындатуучу.