Кантип жасоо керек: бет түрү боюнча контуринг

Oriflameдин расмий визажисти Галина Ильина THE ONE контурингге арналган палеткасынын жардамы менен бет сөөгүн кантип рельефтүү кылып, саламат бет кызылын жана жаркыроо берүү керек экенин айтып берет.

 

Контурингдин максаты — бетти скульптуралуу кылуу. Техника ачык жана күңүрт түстөрдү айкалыштырууда курулган.
Скульптордун жардамы менен тереңдик эффектин жаратып, беттин томпок жерлерин белгилеп, көлөмдөрдү алса болот. Хайлайтер менен баса бегилөөнү каалаган жерлерди боёйбуз: мисалы, көздү көз көрүнөө чоңойтуу, кашты так кылуу, мурунду көз көрүнөө кичирейтүү, эриндерге көлөм кошуу



Контуринг үчүн каражатты кантип тандоо керек?

Контуринг үчүн крем текстуралары табигый көрүнөт, тоналдык кремдин үстүнөн оңой жайылып, тери менен бир түс болот. Упа сымалдар табигыйдан драматикалууга чейин ар кандай эффект жаратып, колдонуудан мурун упаланган тонду талап кылат

Идеалдуу каражат жок, аны өз алдынча тандашың керек. Негизги критерий - бул сенин ыңгайың. Бүгүн мен контурлоо теориясын  THE ONE контурдук палитра , мисалында түшүндүрүп берем, ал эми крем өнүмдөр менен сабакты бул жерден көрө аласың.
 
Скульптуралоо үчүн түс өз көлөкөсүнүн түсү деп аталат, андыктан аны тандоодо теринин алдыңкы түсүнө көңүл бур. Сенин табигый көлөкөң кандай түскө ээ болсо - скульптор дагы ошондой болушу керек. Ортоңку түсүндөгү палитра теринин муздак алдыңкы түсү үчүн, ал эми Ачык түстөгүсү — жылуу алдыңкы түс үчүн ылайыктуу. Эгер алдыңкы түс нейтралдуу болсо, анда канчалык күнгө күйгөнүңө жараша экөөнү тең байкап көрсөң болот.



Табигый контурингди кантип жасоо керек?
 
Бетти туура контурлоо терини даярдоодон башталат. Тон жана консилер сөзсүз колдонулат: алар колдонулбаган териде жасалган контуринг эстетикалуу көрүнбөйт. Сезгенүүлөрдү жашыр, көздүн айланасынагы терини сергит. Зарыл болсо, тонду упа менен бекемде

Кургак өнүмдөрдү  кең жумшак кисть менен сүйкөгөнүң жакшы. Алар кең жана жарым тунук, эч кандай чексиз боелуп, табигый көлөкөнүн же жеңил күнгө күйүүнүн эффектин жаратуусу керекБоёо зоналары боюнча беттин түрүнө жараша багыт ал

Төрт чарчы бет. Скульпторду чач өскөн аймакка, жаак сөөгүнө жана бет сөөгүнө сүйкө. Хайлайтер менен чекеңди жана ээгиңди боёп, эндикти беттериңе сүйкөп, көздүн сырткы бурчтарына карай өйдө жайып боё. Мындай боёлгон беттин кызылы бетти тегерек кылып, чарчы формасын жумшартат
 
Сүйрү бет. Скульптор менен чекеңдин контурун, ээгиңди жана бет сөөгүн боё. Хайлайтерди бет сөөүнөн жогору, ээгиңе жана мурдуңдун кырына сүйкө. Эндик менен беттериңди жана бет сөөгүңдү боё
 
Тегерек бет. Көз көрүнөө бетти ичкертүү үчүн, скульптор менен чекең менен ээгиңе тийбестен, беттин бардык четки аймактарын боё. Беттин ортосуна көңүл буруу үчүн, хайлайтер менен мурдуңдун кайкысын бое, беттериңдин үстүңкү бөлүгүн жана ээгиңдеги үч бурчтукту баса белгиле. Бет сөөгүңөн жогорураак жерди эндик менен бое.



Палетканы дагы кантип колдонсо болот?

Контурингге арналган бир палетка косметика салгычтын жарымын алмаштыра алат. Мисалы, анын жардамы менен толук кандуу көз макияжын жасаса болот.

Скульпторду кистке алып, орбиталуу сызык боюнча жайып бое. Бул көздү чоңойтуп, алардын тереңдигин баса белгилейт. Көздүн бурчтарынан чекеңе карай жайып боесоң, көзүңдүн бурчтары бир аз көтөрүлүп, көз карашың мышык көз карашына окшоп калат. Хайлайердин жардамы менен көздүн ички бурчун жана каштын алдын жаркыратсаң болот, ал эми эге раны кыймылдуу кабакка толук сүйкөсөң, жаркыраган, сергек көз карашка ээ болосуң.

Сатып алуу