Кантип жасоо керек: макияжсыз макияж

Ачык помадалар жана түстүү стрелкалардан чарчап, «менин бир аз жакшыртылган терим» аталган стилдеги жеңил макияж жасоону кааласаң эмне кылыш керек? Oriflame’дин расмий визажисти Галина Ильина байкалбас, ачык макияж жасоону үйрөтөт.

 

Идеалдуу түс

Билинбес макияждын сыры – терини нымдандырган жана ичинен саламат жаркыроого жетишүүгө жардам берген туура түстөгү тоналдык крем. Мага THE ONE A-Z крем-тону жагат, аны теринин өзгөчөлүктөрүнө жараша танда. Айкалышкан жана кургак териге нымдандыруучу версиясы ылайыктуу болот. Эгер күн ичинде майлуу жылтыроо пайда болсо жылтыратпоочу крем ылайыктуу. Күндөн коргоочу SPF 30 фильтри зыяндуу нурлануудан ишенимдүү барьерди жаратат. Өнүмдү нымдуу спонждун жардамы же манжаларыңдын учтары менен сүйкөп, табигый жабууга жетишсең болот.

Лайфхак: консилер колдонбо, анын ордуна көйгөйлүү жерлериңе тоналдык кремдин экинчи катмарын сүйкөп, 1-2 мүнөт күт. Нымдандыруучу компоненттер териге сиңип, кемчиликтер жашырылат.

 

Баркыт сымал тери

Макияжсыз макияжда да упасыз эч болбойт. Ал маанилүү көйгөйлөрдү чечет – түстү бекитет, майлуу жылтыроодон сактайт, теринин текстурасын кошумча тегиздейт. Эгер териң айкалышкан болсо, жумшак кисть менен бетиңдин ортосуна жеңил кыймылдар менен сүйкө – өнүм көрүнбөгөн вуаль сыяктуу болуп жабылат. Бирок эгер күн бою майлуу жылтыроодон арыла албай жаткан болсоң, упаны мындай сүйкөө керек: алгач кисть менен бетиңе толук сүйкөп, андан кийин дагы бир катмарын Т-аймагына кош.

Лайфхак: бетти коррекциялоо үчүн скульпторду же бронзерди теринин түсүнөн бир аз күңүрт упага алмаштырса болот. Ал жылуулук кошуп, сергектикти тартуулайт – күнгө күйүүдөн качсаң бул өзгөчө актуалдуу

 

Беттин табигый кызылы

Макияжсыз макияждабоёо зоналары менен эч кандай тажрыйба жасабоо керек. Дрейпинг трендде болсо дагы, дароо эле билинип калат. Беттин табигый кызылын имитациялоо маанилүү. Өзүңдүн бетиңдин табигый кызылы пайда боло турган жер кызгылт түскө жеңил боёлот.

Лайфхак: эндиктин түсүн тандай албай жатсаң, териңдин астыңкы түсүнө көңүл бур. Муздакка Кызгылт жана Пион түстү, жылууга Шабдаалы жана Коралл түстөрүн сунуштайм.

 

Каштарды иретке келтирүү

Көңүл бура турган эң маанилүү нерсе – каштардын формасы так жана графикалуу болбошу керек. Чыныгы каштарды тартып жаткандай бое. Өнүмдүн түсү каштарга дал келип, же бир аз (күңүрт же ачык) айрымаланышы мүмкүн. Палеткада эки түс болсо ыңгайлуу – зарыл болгон учурда аларды аралаштырып, идеалдуу түскө ээ болсо болот.  

Лайфхак: падетканын күңүрт түсүнүн жардамы менен кирпик катары менен ичке стрелка чий. Ал билинбей, көздү ачып, образды толуктайт

 

Табигый эриндер

Тинтти жайдын аптаптуу аба-ырайында колдонуу ыңгайлуу, ал нымга туруктуу, ал эми бальзам жолугушууларга абдан ылайыктуу, анткени эриндерди нымдандыруунун жана жеңил жаркыроонун аркасы менен аларды көз көрүнөө чоңойтот. Так контур пайда болбошу үчүн, тинтти манжалар менен сүйкөгөн жакшы – болбосо, бул табигый эмес көрүнүп калышы мүмкүн.

Лайфхак: тинт менен бальзамды бирге колдонсо болот. Алгач тинт менен боёп, үстүнөн бальзам менен боё. Эгер эриндериңдин териси кургак болсо, ындай айкалышуу туруктуу түстү жана азыктандыруучу эффектти тартуулайт.

 

Текст: