Гиперпигментацияны азайтуунун 5 ыкмасы

Тышкы факторлордун таасири алдында тери күңүрт болуп, анын түсү – бардык жашта тегиздигин жоготот. Биз гиперпигментация көйгөйүн жана теринин түсүнүн башка өзгөрүүлөрүн көзөмөл алдында кармоо үчүн 5 лайфхак даярдадык.

Туура тамактанууга аракет кыл
Рационуңа өсүмдүк азыктарын көбүрөөк кош. Тамактануу теринин абалына өз таасирин тийгизери жөнүндө көп жолу уксаң керек. Бирок, антиоксиданттарга (мисалы, жашылча жана жер-жемиштер) бай азыктар эркин радикалдардын санын азайтуу менен бирге теринин саламат кылып, пигменттик тактарды жана башка тегиз эмес түстүн белгилерин кыскартарын билесиңби?

Ар дайым SPF сүйкөн
Биз күндү анын нурларына жылынып, D витамини менен кубаттанууну мүмкүнчүлүгү үчүн жакшы көрөбүз, бирок ал ар дайым эле терибиз үчүн пайдалуу боло бербейт. Ультрафиолеттик нурлануу – гиперпигментациянын жана көздүн айланасында эрте пайда болуучу бырыштардын биринчи себеби болуп саналат. Күнүгө, сыртта аба ырайы булуттуу болсо да SPF кошулган каражаттарды колдонууну адат кылып ал.

Айлана-чөйрөнүн таасирин кыскарт 
Эгер сен шаарда жашасаң, териң, пайдаланып бүткөн газдар жана чаң сыяктуу тышкы факторлордун терс таасирлерине дуушар болот. Чаң бөлүкчөлөрү, тринин үстүндө чогулуп, гиперпигментацияга көп алып келе турган, кычкылдандыруучу стресске алып келиши мүмкүн. Буга жол бербөөнүн эң жөнөкөй ыкмасы – жалкоолонбойстон, уйкунун алдында ар дайым бетти тазалап, булганыч айлана-чөйрөдөн коргоого арналган  атайын каражаттардын жардамы менен бетке кам көрүү.

Териңдини коргоочу барьерин бекемдет
Дубалдар үйдү тышкы факторлордон коргогондой эле, теринин липиддик барьери анын саламаттыгын жана тегиз терисин сактап турат. Түнкү убакта табигый коргоочу функциялар териге, ал күн ичинде беттешкен бардык нерселерден кийин, калыбына келүүгө жардам берет. Липиддик барьерди коргоо үчүн, териң жетиштүү түрдө нымдуулукту алып жаткандыгына ынанып, атайын бекемдөөчү, мисалы, ниацинамид кошулган каражаттарды колдон.

Тери түсүн тегиздөөгө арналган косметиканы колдон   
Эгер пигменттик тактар жана кызаруу, саргаюу, теринин күңүрт түсү сыяктуу тегиз эмес теринин башка белгилери пайда болгон болсо, дал ушул койгөйгө каршы күрөшүү үчүн атайын иштелип чыккан каражаттард колдон. NovAge комплекстүү кам көрүүсүнүн арасынан сага пигменттик тактарды көз көрүнөө 20%га* азайтып, теринин түсүн тегиздеген – клиникалык жактан далилденген NovAge Brilliance Infinite Luminosity пигментацияга каршы сериясы ылайыктуу болот.

Бул кандай иштейт?
    •   Skin Tone Regulator технологиясы меланиндин ашыкча иштелип чыгышын басаңдатып, гиперпигментация жана башка теринин тегиз эмес түсүнүн белгилерин кыскартат.
    •   Plantago Lanceolata өсүмдүгүнүн сөңгөк клеткаларынын экстракты кычкылдандыруучу стресстин кесепеттерин нейтралдаштырып, теринин жашоо күчүн калыбына келтирип, анын түсүнүн өзгөрүүсүнүн алдын алат.
    •   Нымдандыруучу компоненттердин комплекси: линейкадагы ар бир өнүм терини бир күн бою нымдандырып, ага ичинен жаркыроо берип турган өз компонентине ээ

* NovAge Brilliance Infinite Luminosity пигментацияга каршы комплекстүү кам көрүүсүн колдонуу менен жүргүзүлгөн клиникалык тесттерин жыйынтыктары боюнча. Клиникалык изилдөөлөр 2020-жылдын 19-июнунан 2020-жылдын 11-сентябрына чейин Сингапурдагы Institut d'Expertise Clinique лабораториясында 33 аялдын катышуусу менен жүргүзүлгөн.

Текст: