DIY: жаӊы жылдык белектерди таӊгактоо боюнча 3+1 идея

Белектерди профессионалдар гана кооз таӊгактай алат деп ойлойсуӊбу? Андай эмес! Биз үч идея даярдап койдук – видео сабактарды көрүп, белектерди кооз тапшыр!

БИРИНЧИ ЫКМА
Стилдүү, жаркыраган жана жаңы жылдык идея – ноябрда эле балатыны кооздоп, «Last Christmas I gave you my heart» деп ырдап баштаган ар бир адам үчүн. Белекти видео сабакта көрсөтүлгөндөй, крафт кагазы менен оро. Таңгак тыкан көрүнүп, ачылып кетпеши үчүн, аны эки тараптуу скотч менен ичинен чапта. Куттуктоону же каалоону жазып, чаптап, андан кийин белекти арчанын бутактары, кызыл жана ак шурулар жана таңгактоочу бекем жип менен кооздоп кой

 

ЭКИНЧИ ЫКМА
Креатив жана минимализм: стандарттуу эмес чечимдерди сүйүүчүлөр үчүн ылайык келет. Белекти таӊгактоочу кагазга оро (жөнөкөй ак түрүн сунуштайбыз). Четтерин эки тараптуу скотч менен чапта. Калыӊ жипти бир-эки балаты оюнчугунан өткөрүп, белекти оро. Так көрсөтмө жок: толук чыгармачылык эркиндик

 

ҮЧҮНЧҮ ЫКМА
Ал эми бул идея таттуу сүйүүчүлөрүнө жагат! Крафт кагазын алып, үстүнө белекти коюп, үстүнөн «чөнтөкчө» калгандай кылып оро. Эки тараптуу скотчту колдон. «Чөнтөкчөгө» имбирь печеньесин жана арча бутагын салып, белекти лентадан жасалган бант менен кооздоп кой

 

...ЖАНА ДАГЫ БИРӨӨ
Майрамдык баштыктардын жардамы менен сен каалаган белекти өзгөчө кылсаӊ болот. Ар биринде сени кичинекей сюрприз күтүп турат: Oriflame тиркемесинен камераӊды баштыктын капталындагы скан-кодго алып барып, жаӊы жылдык сыйкырды көр.

Текст: Сүрөт: Oriflame