Косметика эмне үчүн тоголоктошуп калат?

Сенин сүйүктүү кашемир свитериңде аёосуз майда тоголокчолордун пайда болгону эсиңдеби? Айрым учурларда ушундай эле көрүнүш биздин терибизде да – камкордук көрүүдө да, макияжда да болуп турат. Сүйкөп баштайсың, анан эле - ал болсо сенин манжаларыңда эле тоголоктошуп баштайт. Эмне үчүн ушундай болот жана мындай учурда эмне кылуу керек?

Косметика тоголоктошкондо, ушундай тоголоктошуу чындыгында эмнеликтен пайда болот?
Эгерде, кайсы бир себептер боюнча териге камкордук көрүү боюнча каражаттар териге сиңбей калса же ал териге эмес, бири-бирине таасирин тийгизсе, териге камкордук көрүү боюнча
каражаттар тоголоктошуп калат. Натыйжада — нымдоочу же тоналдык крем кичинекей боз тоголокторго айланат жана териден күбүлүп түшүшү да мүмкүн. Мындай абал албетте жагымсыз,
өзгөчө эгер сен бир жакка кечигип жатсаң -  себеби баарын тең кайрадан баштоо керек болот эмеспи.

Себеби эмнеде?
Косметиканын тоголоктошуусу көптөгөн факторлорду жана алардын айкалыштарын жаратат. Биз негизгилерин белгиледик: 

1. Продукт өтө көп болсо
Кремди көбүрөөк алуу керек дегенди – ошондой ал 100 пайыз таасирин тийгизет деген стереотип тууралуу унут. Чындыгында, каражаттын ашыкчалары сиңбейт жана тоголоктошо  баштайт. Кичинекей эле буурчак сыяктуу эки тоголоктошуунун пайда болгону эле сага жетиштүү!  Каражаттын текстурасына да көңул бур: сенин териңдин тиби үчүн ал өтө эле жыш жана оор  эмеспи? 

Кандай кылса туура болот? 
Продуктуну аз эле өлчөмдө колдон жана ал сенин териңдин тиби үчүн жарай тургандай жана толугу менен сиңе тургандай, жеңилирээк текстурага өт.

2. Шашылуу
Комплекстүү камкордук көрүү топтомун колдонгон учурда ар бир продукттун сиңишине убакыт берүү маанилүү, андан кийин гана кийинки каражатка өтүү керек. Эгерде беттин териси сывороткадан же эссенциядан али нымдуу турган учурда кремди сыйпаса, эки катмары тең тоголоктошуп, күбүлүп түшөт.

Кандай кылса туура болот? 
Продуктулардын ар бир катмарынын ортосунда тыныгуу (пауза) жаса, жана алардын ар биринин толук сиңгенине ишеним ал.  Тыныгуу (пауза) учурунда башка кадамдарды аткар: мисалы, терини нымдаштыруудан кийин тишиңди тазала же чачыңды тарап жасалагала, андан кийин гана тоналдык кремди сүйкөөгө өт.

3. Тери үстүндөгү өлгөн клеткалардын тазалануусу жетишсиз болсо 
Эгерде, пилинг жана скраб менен колдонбосоң, териге камкордук көрүүдө жана макияж туруктуу түрдө тоголоктошо берет. Теринин үстүндөгү өлгөн клетакалар  каражаттарды жана алардын курамындагы пайдалуу заттарды сиңирбейт.

Кандай кылса туура болот? 
Клеткалардын жаңырып турушун күчөтүү  үчүн териге камкордук көрүү боюнча өлгөн клеткаларды туруктуу түрдө тазалоону өзүңдүн ритуалыңа киргизип ал. Өзгөчө жылдын суук мезгилинде, нормалдуу тери деле кургап турат, жана өлгөн клеткалар түлөп, какач болуп чыгып турган учурда бул абдан маанилүү. Бизге NovAge пилинги жагат, ал теринин жаңырып турушун жумшак стимулдайт жана теринин жаркылдаган түсүн кайра кайтарат.

4. Бирикпеген продукттар
Айрым учурда продуктунун бир эле касиети аны биздин жактыруубузга, же жаман көрүүбүзгө алып келет. Мисалы, праймердин курамындагы же тоналдык негиздеги - силикондордун негизиндеги каражаттарды алсак, алар теринин нымдуулугунун  жоголушуна тоскоолдук кылат жана теринин үстүн тегиздейт. Тилекке каршы, бул эгерде ал силикондорду камтыган нымдаштыруучу кремге ушундай тонду же праймерди үстүнөн сыйпаса, продуктулардын арасында реакция пайда болот дегенди да түшүндүрөт.

Кандай кылса туура болот? 
Алар силикондорду камтыган каражаттарды катмар кылып сүйкөбө. Нымдаштыруучу кремдин жана тондун курамына көңүлүңдү бур жана  thicone – приставкасы менен болгон ингредиенттерди изде. 

5. Туура эмес тартипте сүйкөгөн учурда
Мектепте окуган кездеги химия сабагынан май жана суу аралашпайт дегени биздин эсибизде. Бул эреже - суунун жана майдын негизиндеги нымдаштыруучу каражаттар үчүн да калыс эреже болуп саналат. Ар дайым биринчисинен башта, алар баарынан жеңил сиңет -  ал эми майлары менен болгон каражаттар акыркылардан болуп колдонулушу керек. Эгерде тескерисинче жасалса, майланышкан текстура теринин үстүндөгү коргоочу катмарды (пленканы) түзөт жана суунун негизиндеги каражаттардын сиңишине мүмкүндүк бербейт.

Кандай кылса туура болот? 
Каражаттарды сүйкөөнүн тартибин катуу сакта жана алардын курамдарын көңүл коюп оку.

Текст: Сүрөт: Oriflame