Бүдүрлөр чыккан учурда, NovAge колдонбостон, бетке кам көрүүдө бардыгы кетирген 7 катачылык

NovAge брендинде майлуу, айкалышкан жана проблемалуу тери үчүн өнүмдөр чыкты. Биз туура кам көрүү менен алардын натыйжалуулугун кантип жогорулатуу жана терини калыбына келтирүүнү тездетүү керек экендигин айтып беребиз.

Жаңы NovAge линейкасы, бирге жана өзүнчө колдонуу мүмкүн болгон үч каражатты камтыйт. Биргелешип, алар проблемалуу жана майлуу териге кам көрүү боюнча негизги милдеттерди камтыйт: майлуулукту азайтуу, тешикчелерди тазалоо, сезгенүүгө каршы күрөшүү жана жаңылардын алдын алуу. Натыйжалуулугу клиникалык жактан далилденген!

Жалтыратпоочу гель себумдун өндүрүлүшүн тең салмактайт, эмульсия жаңы сезгенүүлөрдүн алдын алат жана эскилердин изин азайтат, SOS-каражаты безеткиден тез арылтат.


Жаңы сезгенүүнү жана майлуулукту пайда кылган проблемалуу териге кам көрүүдөгү эң көп кездешкен каталарды кетирбе - натыйжада өнүмдөрдөн болгон жыйынтыкты күчтөп, терини тезирээк калыбына келтире аласыӊ

Ката #1: Нымдандыруучу кремден баш тартуу

Менин терим мурунтан эле майлуу жалтырап турат, ага кремдин кереги жок!” — деп ойлойсуӊ жана бул таптакыр туура эмес. Проблемалуу тери төмөндөгү учурларда суусузданып калышы мүмкүн: эгерде ал өтө кургап кетсе, май чыгаргыч бездер коргоочу тоскоолдукту бекемдөө жана теринин нымдуулугун сактоо үчүн эки эсе көп иштей баштайт. Натыйжада тешикчелер толуп, сезгенүүлөр пайда болот.

Кандай кылган жакшы: жалтыроону туура жоготуу

Комплекстүү кам көрүүдө нымдануу баскычын өткөрүп жибербе жана себорегуляторлордун негизиндеги өнүмдөрдү колдон. Мисалы, себум көзөмөл технологиясы жана Micro-Sponge сиӊирүү технологиясы менен, NovAge жалтыратпоочу гели тери майынын өндүрүшүн азайтат жана анын ашыкчасын сиңирет. Балансты сактоо жана кургап кетүүдөн коргоо үчүн гелдин курамында салицил кислотасы, ниацинамид жана Vita Hydration комплекси бар. Эгерде сен комплекстүү кам көрүүнүн акыркы баскычы катары жалтыроону жоготуучу гелди колдонсоңуз, анда сөзсүз түрдө күндүзгү кремди колдон: ал аны толуктайт, бирок аны алмаштырбайт.

Жуунгандан кийин дароо жана күн ичинде тери кайрадан майлуу жалтырап калган болсо, бир нече тамчы каражатты сүйкөп кой (макияждын үстүнө да сүйкөсө болот!) 


Ката #2: башаламан кам көрүү

Күчөө учурунда, жардам издеп, күн алыс кам көрүүнү өзгөртүп, бир каражаттын артынан экинчисин алып, кым-куут түшпөш керек. Мында, сен стрессти күчөтүп, бүдүрлөр ого бетер оорутууну жаратат. Экинчи ката – бир убакта териге активдүү кам көрүп, кайра аны таштап, этаптарды өткөрүп жиберүү.

Кандай кылган жакшы: сен күн сайын жүргүзө ала турган жөнөкөй тартип

Териңизди калыбына келтирүүгө белги берүү үчүн аны интенсивдүүлүгү боюнча бирдей кам көрүүгө көндүрүп алыңыз. Жумшак тазалоо, жалтыратпоочу гель, керектүү азыктандыруучу компоненттери бар сыворотка, проблемалуу тери үчүн эмульсия, бетти жана көздүн аймагын нымдандыруу - ар бир кадам өзүнчө жана теринин бардык муктаждыктары менен комплекстүү иштөө үчүн маанилүү. Бул көрүнгөндөй көп убакытты талап кылбайт - күн сайын жасасаң, натыйжа сени таң калтырат!

Ката #3: калыӊ тон

Тоналдык крем менен күн ичинде бөлүнүп чыккан себумдун аралашмасы – бактериялардын өсүшү үчүн идеалдуу чөйрө. Ооба, бетке толугу менен тоналдык кремди калыӊ сүйкөөнү каалайбыз - бирок сезгенүү канчалык активдүү болсо, косметика менен жабылган «бет кап» териге ошончолук көп зыян келтирет

Кандай кылган жакшы: жеңил текстура же жабуудан баш тартуу

Жеңил BB-кремин колдон же мүмкүн болсо, жабуудан толугу менен баш тарт. Үйгө кайтып барганда, макияж убактысын азайтуу үчүн, тезинен тоналдык кремди жууп сал.

Күн сайын сывороткадан кийин таману майы, центелла экстракты жана салицил кислотасы кошулган,  NovAge бетке арналган сезгенүүлөргө каршы эмульсиясын  сүйкөӊүз. Ал терини тынчтандырып, сезгенүүнү азайтып, алардын тактары тезирээк айыгып, тонду талап кылбашы үчүн регенерацияны күчөтөт. Эгерде күндүз териң жалтыраса, упанын калыӊ катмарынан баш тарт: жаныӊа жалтыратпоочу сүлгү жана  NovAge жалтыратпоочу гелин алып жүр

Ката #4: озүӊө-өзүӊ косметолог

Эч качан, үй шарттарында сезгенүүнү сыгууга болбойт, мындай кылсаӊ сезгенүүнүн көбөйүшүн күчөтүп, теринин абалын начарлатып аласыӊ. Бетиӊде кымбат лазер менен гана алынуучу тырыктар калып калышы мүмкүн. Күзгүдөн өзүңдү улам-улам кароону токтот, болбосо безеткини же кара чекитти сыгуу каалоосу күчөйт

Кандай кылган жакшы: чекиттүү каражатты колдонуу (чоӊойтуп көргөзүүчү күзгүнү таштандыга ыргытуу!)

Сезгенүүнүн биринчи белгилери пайда болгондо, дароо салицил кислотасы жана липоаминокислота кошулган NovAge 24-саат таасирлүү сезгенүүгө каршы гелин сүйкө. Клиникалык жактан тастыкталган: гель терини кургатпастан, 24 сааттын ичинде сезгенүү аянтын 40%га чейин азайтат. Крем сүйкөөнүн алдында колдон

Ката #5: күнгө күйүү

Апаларыбыз жана чоӊ энелерибиз безеткиге каршы эӊ мыкты каражат деп күндү эсептешкен, анткени күн аларды «кургатат» деп ойлошкон. Чынында, ал тескер таасирин тийгизет: ысык себумдун иштелип чыгышын күчөтүп, айлана-чөйрөдөгү булганычтар (мисалы, пайдаланып бүткөн газ) териге тезирээк кирип, тешикчелерди толтурат, ал эми тери өзү удьтрафиолеттин ашыкча таасиринен жабыркайт.

Кандай кылган жакшы: көлөкө жана SPF

SPF-фактору бар каражаттар менен жыл бою терини фотокаруудан корго. Тешикчелердин толуп калбашы үчүн жакшы сапаттагы каражатты бетке гана колдонуу керек. Эгер сенин күндүзгү кремиӊде SPF жок болсо, анда санскринди өзүнчө  колдон — бизге NovAge SPF 50 көп функциялуу бетке арналган коргоочу креми  жагат.

Ката #6: скраб

Проблемалуу териге түлөтүүчү бөлүкчөлөрү бар каражаттар каршы көрсөтүлөт: алар терини жаракаттандырып, себумдун иштелип чыгышын күчөтүп, сезгенүү аянтын чоӊойтот. Безеткилер фазасы артта калып, постакне менен күрөшүп жатсаӊ дагы, жумшагыраак каражаттарды кара: алар сезгенүүнүн тактарын эффективдүү жоготуп, топтолмо эффектке ээ.

Кандай кылган жакшы: күнүмдүк калыбына келтирүү жана жумшак пилинг

Постакнеге күнүмдүк жумшак таасир берүү үчүн  NovAge сезгенүүгө каршы бетке арналган эмульсиясын  сүйкө, ал 1 ай колдонуудан кийин сезгенүү кызарууларын жана тырыктарын 19%га азайтат (клиникалык жактан далилденген). Жумасына бир-эки жолу абразивдик бөлүкчөлөрү жок NovAge бетке арналган жаӊыртуучу пилингин кошсоӊ болот: ал жумшак түлөтүп, регенерацияны тездетет


Ката #7: катуу диета

Тамактануу чындыгында теринин абалына таасирин тийгизет, бирок калоражды кескин чектөө жана потенциалдуу түрдө зыян азыктардын бардык топторун чыгаруу менен катуу диетага отурууну кереги жок. Организмге болгон кошумча стресс жагдайды дагы күчөтөт. Болгону таттуу менен майлуунун санын азайтуу жетиштүү болуп, бир нече убакыттан кийин натыйжасы көрүнө баштайт. Баланстуу тамактан: белоктор, жай углеводдор, түстүү жер-жемиштер жана жашылча-жемиштер.

Кандай кылган жакшы: өзүӊө кам көрүү

Стрессти төмөндөт: мүмкүн болушунча татыбай турган нерселер үчүн тынчсызданбоону үйрөн. Психлогго жазыл, курбуӊ менен сүйлөш, таза абага чыгып дем ал. Түн ортосуна чейин жатууга жана жетиштүү убакыт уктоого аракет жаса.  Тамактанууӊда зарыл витаминдердин жана минералдардын болушун көзөмөлдө, же кошумчалар менен толукта Wellness азык булалары кошулган пребиотикалык суусундугун ичип көр, ал азык булаларынын күнүмдүк нормасын толуктоого жардам берип, ичеги-карындын иштөөсүн оӊдойт: оргашизмдин регулярдык детоксикациясы — таза теринин маанилүү шарты