Norrsken күз-кыш – 2021/2022 жаңы коллекциясы боюнча гид

Кайсы жасалгалар коллекцияга кирди, шуруну көйнөктүн жакасына кантип тууралоо керек, беттин формасы боюнча кандай сөйкө тандоо керек жана трансформер аксессуарлардын жардамы менен стилди кантип өзгөртсө болот – стилисттердин сунуштамаларын биздин атайын материалыбыздан оку.

Norrsken жасалгалары – бул ультрамодалуу тренддер менен «жогорку бижутериянын», haute bijoux [окулушу óт бижý] стилиндеги зер искусствосунун мыкты салттарын бириктирүү. Коллекциялардын дизайнында эркин чыгармачыл рух жана аткаруунун сонун сапаты чагылдырылат.  

Norrsken концепт-ательесинин жаңы коллекциясы күз-кыш -2021/2022 мезгилинин актуалдуу аксессуарларын сунуштайт. Романтикалуу жана авангарддуу, асыл жана жөнөкөй – коллекцияда бардык гардеробго, календарга жана маанайга ылайыкталган жасалгалар жыйналган. Ар бир жасалга өз ээсинин уникалдуу сулуулугун баса белгилейт.

Бул мезгилде дизайнерлер кайрадан Скандинавия табиятынын жомоктогудай пейзаждары жана чексиз сулуулугу менен шыктанышты. Күздүн жылуу боёктору жана белектери, муздун нурдуу муздактыгы жана түндүк жаркыроосу, токойдун тынчтыгы жана январь күнүнүн тамылжыган кызыл батышы – табият өзүндө күчтү жана сыйкырды жашырат. Жасалгаларда салттуу түрдө колдонулган табигый таштар ар бир аксессуардын чыныгы кооздугун ачууга жардам берет. 

Туура тандалган жасалгалар гармониялуу, баланстуу образды жаратат. Norrsken жаңы коллекциясынын беттин формасына жараша кантип сөйкө жана көйнөктүн жакасына жараша кантип шуру тандоо керек экенин айтып беребиз.

Беттин формасына жараша сөйкө танайбыз

Бул жерде жасалганын масштабы жана форматы маанилүү. Илмектүү сөйкө бетти визуалдуу түрдө узартат – тегерек жана төрт чарчы формадагы беттер үчүн дал ушул керек, ал эми чоң жасалгалардан алыс болуу зарыл. Биз бетибиздин ажарын баса белгилөөбүз келгенде, бул жерде кайталоо эрежеси иштейт: эриндердин көлөмүн алардын көлөмүнө окшош илмек баса белгилей алат.

 

Эгер сенин бетиңдин формасы төрт чарчыга жакын болсо, «Кара шпинель», «Түнкү гематит» жана «Күзгү жолборс көзү» коллекцияларындагы сөйкөлөргө көңүл бур.  

Тегерек бетке «Асман обсидианы», «Гүлдөгөн аметист», «Жаркыраган топаз» сөйкөлөрүн сунуштайбыз.

Сүйрү/узун беттерди «Пейзаждуу агат», «Кызгылт кварц», «Бермет лабрадорити» сөйкөлөрү көркүнө чыгарат.

Үч бурчтуу формадагы бетке «Күнгөй цитрин», «Түндүк агаты», «Полярдык топаз», «Муздуу топаз», «Жашыл авантюрин» сөйкөлөрү ылайык келет.

Көйнөктүн жакасына жараша шуру танайбыз

Моюнга арналган бардык аксессуарларды көйнөктүн, футболканын/топтун, блузканын же бешманттын жакасына жараша тандоо зарыл. Ошондо жасалга да, толугу менен образ дагы гармониялуу жана эффекттүү көрүнөт. V-сымал жакага үч бурчтуу формадагы шурулар , ал «кайыкча» жакага – кулондор ылайык келет, ал эми тегерек жакага кыскараак жана чоң шуруларды тагынууну сунуштайбыз. 

 

V-сымал жакага «Пейзаждуу агат», «Түндүк агаты», «Кызыл гранат», «Полярдык топаз», «Түнкү гематит», «Азем кварц», «Кара шпинель» шурулары ылайыктуу.  

Төрт бурчтуу жаканы «Гүлдөгөн аметист», «Кызгылт кварц», «Асман обсидианы» шурулары толуктайт.

Тегерек жака үчүн «Муздуу топаз», «Жашыл авантюрин», «Жаркыраган топаз» шурулары идеалдуу.

Кайыкча жака кызыктуу акцентти талап кылат – «Күнгөй цитрин», «Күзгү жолборс көзү», «Бермет лабрадорити» шуруларына көңүл бур.

Жабык «воронка» жакасы дээрлик бардык формадагы шуруларды – узун ичке чынжырчадагы «Түнүк агаты» илмегин да, тегерек негиздеги «Муздуу топаз», «Кызыл гранат», «Асман обсидианы» шурусун да тагынууга мүмкүндүк берет.

 

Подбирая украшение к пиджаку с глубоким вырезом, отдавай предпочтение вытянутому некрупному кулону на удлинённой цепочке. Идеальный выбор – «Чёрная шпинель» и «Осенний тигровый глаз». 

Стилди трансформер жасалгалардын жардамы менен өзгөртөбүз

Күндүз -жумуш, кечинде – майрам болобу? Күн ичинде образыңды өзгөртүү үчүн сөзсүз түрдө жаныңа көп жасалга алып жүрүүнүн кажети жок. Трансформер аксессуарларды тагынып жүргөнүң жетиштүү болот. Алардын жардамы менен оңой эле өзгөрүп, кеңседен кечеге жөнөп кетсең болот.

 

Чечилүүчү илмеги бар «Күзгү жолборс көзү» жана «Асман обсидианы» трансформер сөйкөлөрүнө көңүл бур. Сөйкөңдүн илмегин чечсең жөнөкөй пуссетке же шакек сымал сөйкөгө ээ болосуң – иш костюмун же cаsual стилиндеги вариантты идеалдуу толуктайт. Илмектерди сумкаңа сала кетип, кечинде сөйкөңө тагып койсоң, ал образыңдын акценти болуп берет. Эми сен банкетке же таң аткыча улануучу көңүл ачууга даярсың!