Norrsken жасалгаларын жылдыз белгиси боюнча танда

Ар бир таш — табияттын күчүнө ээ болуп, өзүнө көптөгөн сырларды камтыган бүтүн бир аалам. Байыртадан ар бир минерал кээ бир Жылдыз белгилерине же кубулуштарга, башкаларга салыштырмалуу, көбүрөөк туура келет деп саналат. Norrsken жаӊы коллекциясынан өз жасалгаӊды кантип тандаш керек экенин билип ал.

Табигый ташы бар белек тандоодо анын мистикалык касиеттерине, жашоого жана ден-соолукка оӊ таасир тийгизүү жөндөмүнө гана эмес, жасалганын түс психологиясына, стилине жана дизайнына да багытталсаӊ болот. Norrsken коллекциясындагы минералдардын көпчүлүк бөлүгү бардык белгилердин өкүлдөрүнө оӊ таасирин тийгизет. Жасалганы бир гана символ эмес, тумар кылуу үчүн биз аларды кылдаттык менен тандадык.

Алтын түстүү обсидиан

Жылдыз: Арстан, Суу куйду, Текечер, Балык

Кубулуш: Жер, Өрт

Обсидиан — бул өзгөрүүлөр ташы, ал көксөгөн тилектерди ишке ашырууга, багыт алууга, бардык кыйынчылыктарды жеӊүүгө жардам берет. Обсидиан Энергиялуу, максатка багытталган жана кайраттуу адамдарды жакшы көрөт, жана да өзүнүн ээсин негативден жана терс нерселерден коргойт

Кара шпинель (цейлонит)

Жылдыз: Текечер (бардык кара таштар туура келет), Кой, Арстан, Тараза. Аз деӊгээлде төмөндөгү жылдыздарга туура келет: Букачар, Эгиздер, Бөйөн, Бийкеч, Суу куйду, Чаян, Жаачы.  

Кубулуш: Жер, Өрт, Суу

Шпинель жашоого ачык түстөрдү кошуп, көрк берет: анын ээсине эӊ эле кыйын учурларда да анын пайдалуу жактарын таап, позитивдүү маанайды сактоо оӊой. Айымдарга шпинель чыныгы сүйүүнү табууга жардам берет деп эсептелет

Ак топаз       

Жылдыз: Жаачы, Текечер, Эгиздер, Суу куйду. Аз деӊгээлде: Букачар (ага барды как жана тунук таштар туура келет), Чаян.

Кубулуш: Жер, Суу

Ак топаз бир нече маселелерди ойлонуп, ар түрдүү ишмердүүлүк түрлөрү жана коомдук ролдордун ортосунда жүргөн адамдар үчүн алмашкыс нерсе. Ал иштерди тез иретке келтирүүгө, иштердин маӊызын көрүүгө, күн ичинде маанилүү жеӊиштерге зарыл болгон жетиштүү энергияны алууга жардам берет.



Раухтопаз

Жылдыз: Текечер, Чаян, Тараза. Аз деӊгээлде: Букачар, Эгиздер, Бийкеч, Суу куйду, Балык.

Кубулуш: Жер, Аба

Раухтопаз өз ээсине жашоонун бардык кыйынчылыктарына туруктуу болууга жардам берип, дем-күч берип, чарчоодон арылтат. Ал стресс же бизнестеги активдүү өсүү убактарында алмашкыс нерсе

Кызыл яшма

Жылдыз: Кой, Арстан, Бийкеч, Балык, Текечер жана Жаачы (анткени бардык кызыл таштар туура келет).            

Кубулуш: Өрт, Жер

Өзүӊө болгон ишеним, туюм жана ички күч – бул апаттарды өөрчүткүӊ келсе, яшмалуу жасалганы танда. Чарчоо жана нерв чыӊалуусу жоголуп, башыӊа өзүнөн-өзү чоӊ идеялар келе баштагандай болот. Яшма ушунчалык күчтүү болгондуктан күчтүү тумар болуп саналат

Жолборс көзү

Жылдыз: Эгиздер (бардык жол-жол, ар түстүү таштар туура келет), Бийкеч, Жаачы, Суу куйду, Арстан (бардык сары жана «жалын» түстүү таштар туура келет). Универсалдуу таш: бардык жылдыздарга туура келет

Кубулуш: Аба, Өрт

Мансапкорлордун жана бизнесмендердин ташы, жолборс көзү күбат, чыдамдуулук берет, атаандаштардан ашып, каталарды жасап, жеӊил ойлуу кадамдарга барбастан, туура чечим кабыл алууга жардам берет.



Жашыл авантюрин

Жылдыз: Букачар, Бийкеч, Балык. Аз деӊгээлде: Бөйөн, Тараза, Чаян, Суу куйду.

Кубулуш: Жер, Суу

Авантюриндин аты өзү эле айтып тургандай, бул таш ийгилик алып келип, иштерде, өзгөчө сүйүүдө жолду ачып, позитивдүү энергияны тартуулайт

Шумкар көзү

Жылдыз: Арстан, Кой, Суу куйду, Жаачы. Аз деӊгээлде: Текечер (бардык кара таштар туура келет), Эгиздер.

Кубулуш: Өрт, Жер

Шумкар көзү — бул курч ички көрүү, ал туюмду күчөтүп, эӊ жайлуу жолугушууларды, мүмкүнчүлүктөрдү жана окуяларды көрө билүүгө жардам берет. Стандарттуу эмес чыгармачыл адамдар үчүн идеалдуу таш

Кызылгат кварцы   

Жылдыз: Тараза (бардык кызгылт таштар туура келет), Букачар, Бөйөн

Кубулуш: Аба, Суу

Кристалл түрүндөгү кызылгат кварцы “үйдөгү маанайды” жаратат — ал эми жасалгаларда бардык жерден жайлуулук, жылуулук жана кабыл алуу атмосферасын сезүүгө мүмкүнчүлүк берет. Минерал ийгиликти жана туруктуу кирешени өзүнө тартып, жакындар менен мамилени түздөп, жан дүйнөдөгү гармонияны сезүүгө жардам берет



Опал кварцы           

Жылдыз: Тараза (бардык кызгылт таштар туура келет), Жаачы, Кой   

Кубулуш: Аба, Өрт

Кварц тобундагы бардык таштар – бул бардык чөйрөлөрдөгү оӊ энергиянын күчтүү активатору. Ал жашоонун бир орунда туруп калган чөйрөлөрүндө, мисалы, бизнесте, финансы жагынан, таасир берүү же бекем үй-бүлө жаатында алга жылууга, жаӊы бийиктиктерге чыгууга жардам берет

Кызыл турмалин    

Жылдыз: Кой, Арстан, Жаачы, Текечер.

Кубулуш: Өрт, Жер

Турмалин өзүӊдүн чыныгы багытыӊды таап, катылган таланттарыӊды ачып, жашоодо ордуӊду табууга жардам берет. Ал өз жөндөмдөрүн кандай колдонууну азырынча билбей, бирок, чыныгы жакшы көргөн нерсеси менен алектенүүнү каалап жаткандарга жардам берет.

Содалит        

Жылдыз: Тараза, Балык (Лазурит туура келет), Бөйөн, Чаян.  

Кубулуш: Суу, Аба

Содалит өз ээсин бардык жоро-жолдошторунун көӊүл борборунда кылат: ал баарынын жүрөгүнөн орун табат, ашыкча өзүн сындоодон жана меланхолиядан сактап, өзүнө ишенип, кыялдарына умтулууга жардам берет. 

Диопсид       

Жылдыз: Букачар, Тараза. Аз деӊгээлде: Бөйөн, Эгиздер, Арстан, Бийкеч, Чаян, Жаачы, Суу куйду, Балык.  

Кубулуш: Аба, Жер, Суу

Диопсид эмоцияларды баланстайт, акылмандыктын булагы болуп, адамды, ар дайым туура чечимди айта турган, өзүнүн ички туюму менен байланыштырат. Ал ойлонууну активдештирип, эӊ эле чаташкан абалдардан чечим таап, чыгууга жардам берет.