Кантип пайдалуу сатып алуу керек

Сатып түгөтүү мезгилин кантип акыл менен колдонуу керек экенин айтып беребиз!

ТИЗМЕ ЖАЗЫП АЛ 

Декабрга чейин баарына жетишкен супер адам болуп келип, ал эми Жаӊы Жылдын алдындагы акыркы аптада ойлонуу да кыйын болуп жатабы? Капаланба! Керебетиӊен турбай деле койсоӊ болот. Кагаз, калем же смартфонуӊду алып, кооз жашоо үчүн өзүӊө керектүү нерсенин баарын жазып чык. Мына, сен азыр эле сатып алуу планыӊды даярдап алдыӊ.



КИМГЕ ЭКЕНИН ТАНДА 

Алдыда кечелер, досторуӊ менен жолугушуулар, корпоратив жана жада калса туулган күндөр да турабы? Биз жардам берүүгө даярбыз.биздин материалдарды окуп, мааниси бар белек таап, жыпар жыт тандап, бюджетиӊди үнөмдөп, бардык сатып түгөтүүлөрдөн эч бир проблемасыз өтүп ал!



ЖАӉЫ НЕРСЕГЕ ОРУН БОШОТ

Косметикалар турган текчеӊде жаӊы сүйүктүү өнүмдөр үчүн орун даярдоо үчүн, эскилеринен арыл. Бош идиштердин баарын таштандыга сал, туура келбеген түстөгү тень, помадаларды курбуӊа бер, жарамдуулук мөөнөттөрүн текшер. Эми үйдөгүлөрдүн бирөө дагы: «Эмне үчүн дагы бир помада же душ гели керек?», - деп сурабайт. «Анткени түгөндү», — деп айтасыӊ. Бул жооп талашсыз.



БЮДЖЕТ БӨЛ 

Биз бул пункттан өтүп кете албадык. Косметика сатып алуу үчүн кандай суммада акча бөлө алаарыӊды ойлонуп, ошол планды сакта. Болбосо, жогоруда айтылгандын баары маанисиз.



САТЫП ТҮГӨТҮҮЛӨР ЖӨНҮНДӨ БИЛ  

Эӊ кызыктуу бөлүк. Декабрь — арзандатуулардын жана атайын сунуштардын мезгили. Көптөгөн бренддерде өнүм сатып алууда лоялдуулук программалары, топтоо карталары же белектер иштейт. Өнүмдөргө болгон арзандатуулар 80%га чейин жогорулайт. Ашыкча төлөөнүн эмне кереги бар? Акциялар, сатып түгөтүүлөр жана атайын сунуштар тууралуу билип алып, азыраак акчага көбүрөөк сатып ал. Мисалы, бизде Орифлэймде үч жума бою «Кара жума» (19-ноябрдан 8-декабрга чейин) өтөт: бир каталог бою арзандатуулар! Белектерди тандап, өнүмдөргө сайттан буюртма берип, акчаӊды үнөмдө! Жөнөкөй жана пайдалуу. Байкап көрөсүӊбү!



ОНЛАЙН САТЫП АЛ

Интернеттен косметика сатып алуу тез жана ыӊгайлуу. Эч кандай кезектер, жай иштеген кассирлер жана үйгө карай чарчаткан жол жок. Качан жана кайда кааласаӊ, керектүү нерсеӊди бир баскыч менен эле сатып ал. Ал эми калган убактыӊды сүйүктүүлөрүӊ жана жакындарыӊ менен өткөр.