NovAge белектери боюнча гид

Териңдин керектөөлөрүнө негизделүү менен белекке NovAge комплекстүү кам көрүүсүн кантип тандоо керек экенин билип ал.

Териңе эффективдүү кам көрүү үчүн премиалдык NovAge брендине көңүл бур. NovAge-дин ар кандай сериялары биринчи бырыштардан коргоодон орто жаштагы теринин серпилгичтигин калыбан келтирүүгө чейин ар кандай куракка жана теринин муктаждыктарына арналат. Формулалардын негизи – адамдын ткандарынын регенерациясына активдүү катышкан жана алардын жаңылануусун тездетүүгө жөндөмдүү өсүмдүктөрдүн өзөк клеткалары.

NovAge Skinergise Ideal Perfection

Теринин муктаждыктары:саламат жаркыроо жана энергия, биринчи курактык өзгөрүүлөргө каршы күрөшүү.

Заманбап дүйнөдө тери картаюу процессин тездетүүчү көптөгөн терс факторлордун таасири алдында болот. Тери клеткалары өз функцияларын толук кандуу аткара албай, кургоо пайда болуп, беттин түсү күңүрт боло баштайт. Skinergise сериясы териге кылдат кам көрүүгө ар дайым эле убактысы боло бербеген, активдүү жашоо образын жүргүзгөн кыздарга ылайыктуу. Skinergise өнүмдөрүнүн жардамы менен эртең менен жана кечинде маанилүү иштерден болгону 2 мүнөт убакыт бөлүү менен өз сулуулугуңду сактай аласың.

Бул кандай иштейт:

Таурин – бул скандинавиялык балырлар менен бирге клеткаларга кубат берип, терини калыбына келтирип, сактай турган табигый энергетик.

Асаи мөмөлөрүнүн өзөк клеткаларынын экстракты клеткаларды эркин радикалдардан коргойт, нымдайт жана тауриндин аракетин толуктайт.

Pollution Protect коргоочу технологиясы жана УФ-фильтрлер тышкы таасирлерге жана эрте картаюуга каршы күрөшөт.

 

NovAge Ecollagen Wrinkle Power

Теринин муктаждыктары: бырыштарды азайтуу, нымдуулук балансын калыбына келтирүү.

Бырыштар картаюунун негизги белгилеринин бири болуп эсептелет. Беттин саламат өңү жана бырыштардын жоктугу көбүнчө коллаген жана эластинден турган "тордун" абалынан, ошондой эле гиалурон кислотасынын деңгээлинен көз каранды. Жаш өткөн сайын бул компоненттердин табигый өндүрүшү жайлайт, натыйжада бырыш пайда болот. Ecollagen сериясы бырыштар менен эффективдүү күрөшүп, келечекте жаңыларынын пайда болуу коркунучун азайтат.

Бул кандай иштейт:

• Патенттелген Трипептид-технология коллагендин иштелип чыгуусун өбөлгөлөп, бырыштарды жазып, теринин серпилгичтигин жана чоюлчактыгын жогорулатат.

• Төмөн молекулалуу гиалурон кислотасы молекулалардын өлчөмүн кичирейтүүнүн аркасы менен эпидермистин катмарына терең кирет. Натыйжада клеткалар нымга жеткилик алып, бырыштар жазылат.

• Эдельвейстин өзөк клеткаларынын экстракты терини тышкы факторлордун таасиринен ишенимдүү коргойт.

 

NovAge Ultimate Lift Contour Define

Теринин муктаждыктары:беттин тегереги так болуп, серпилгичтик жана чоюлчактык калыбына келет.

Жаш өткөн сайын теринин серпилгичтигин камсыздаган коллаген менен эластиндин иштелип чыгуусу акырындык менен азаят. Натыйжада моюнда бырыштар пайда болуп, ээк жана ооздун тегерегиндеги сызык өзгөрүп, контурлар бузулат. Ultimate Lift сериясынын каражаттары клеткалардын иштөө натыйжалуулугун калыбына келтирип, коллагендин табигый иштелип чыгышын өбөлгөлөйт. Натыйжада бырыштар жазылып, беттин контурлары тагыраак болуп калат.

Бул кандай иштейт:

Патенттелген Aspartolift технологиясы коллаген менен эластиндин өндүрүлүшүн активдештирип, теринин серпилгичтигин жана чоюлчаактыгын жогорулатат.

Буддлея өсүмдүгүнүн өзөк клеткаларынын экстракты коллагендин иштелип чыгуу мөөнөтүн узартып, терини эркин радикалдардан коргоп, картаюу процессин жайлатат.  

Патенттелген Трипептид-технология коллаген синтезин жакшыртып, бырыштарды азайтат. 

 

NovAge Time Restore

Теринин муктаждыктары:терең бырыштарга жана орто курактагы пигментацияга каршы күрөшүү, терини нымдандыруу.

Жаш өткөн сайын картаюу белгилери көбүрөөк билине баштайт. Гормоналдык өзгөрүүлөрдөн улам теринин тыгыздыгы төмөндөйт, беттин контурлары так болбой калат, бырыштар жана пигменттик тактар пайда болот.Атайын орто жаштагы айымдардын териси үчүн иштелип чыккан Time Restore сериясы эластиндин, коллагендин иштелип чыгышын калыбына келтирүүгө жардам берет жана клеткаларды нымдандырат.

Бул кандай иштейт:

• Карылыкка каршы GenisteinSOY технологиясы коллагендин иштелип чыгышы активдештирет, нымдануу деңгээлин жогорулатат, теринин тыгыздыгын калыбына келтирет жана терең бырыштарды жазат. 

• Plantago Lanceolata өсүмдүгүнүн өзөк клеткаларынын экстракты клетка сыртындагы матриксти бекемдетип, пигментацияга каршы активдүү күрөшөт.

 

NovAge Brilliance Infinite Luminosity

Теринин муктаждыктары:пигменттик тактарды жана тегиз эмес өңдүн башка белгилерин азайтуу, карылыкка каршы кам көрүү.

Ультрафиолеттин таасири алдында, жараттардан же гормоналдык жактан бузулуулардан улам териде пигменттик тактар пайда болушу мүмкүн – меланин пигментинин ашыкча иштелип чыгышынын натыйжасы. Жаңы тактардын пайда болушунун алдын алуу үчүн, күн бүркөк кезде да SPF-коргоону колдонуунун маанилүүлүгү тууралуу унутпа, ал эми бетиңдеги тактарды азайтуу үчүн Brilliance сериясын колдонуп көр. Ал беттин терисин тегиз кылып, жаркыратып, терини күндүн жана айлана-чөйрөнүн таасиринен коргойт.

Бул кандай иштейт:

Skin Tone Regulator технологиясы меланиндин ашыкча иштелип чыгышын басат, гиперпигментацияны жана беттин тегиз эмес түсүнүн башка белгилерин азайтат.

Plantago Lanceolata өсүмдүгүнүн өзөк клеткаларынын экстракты кычкылдантуучу стресстин кесепеттерин нейтралдаштырат, теринин күчүн калыбына келтирет жана анын түсүнүн өзгөрүшүнүн алдын алат. 

Линейкадагы ар бир өнүм күн ичинде нымдуулук балансын колдогон жана теринин ичинен жаркыроого толтурган нымдандыруучу компоненти камтыйт. 

 

NovAge Skinrelief Pro Resilient

Теринин муктаждыктары: сезгичтикти төмөндөтүү, кычышууну азайтуу, теринин табигый барьерин коргоо.

30 жаштан ашкан аялдардын 50%дан ашыгы теринин сезгичтигине дуушар болорун билесиңби? Бул тери күндүн нуруна, суукка, стресске, косметикалык компоненттерине жана башка тышкы факторлорго кычышуу менен реакция кылган абал. Сезгичтик көбүнчө кургоо, кызаруу жана сезгенүү, кычышуу, ачышуу менен коштолот. NovAge Skinrelief сериясы теринин сезгичтигин төмөндөтөт жана убакыттын өтүшү менен жашартуучу таасирге ээ: тери серпилгич болуп, бырыштар азыраак байкалат.

Бул кандай  иштейт:

• 3D Pollution Guard технологиясы “экинчи тери” сыяктуу иштеп, көрүнбөс коргоочу катмарды жаратып, айлана-чөйрөнүн агрессивдүү таасиринен коргойт.

• Ultra Calm технологиясы сезгич теринин коргоочу функцияларын калыбына келтирип, тынчтандырып, анын коргоочу барьерин ичинен бекемдетет.

• DermaLift Active комплекси табигый коллаген менен эластиндин иштелип чыгышын өбөлгөлөйт, бырыштарды азайтат жана ретинол сыяктуу теринин серпилгичтигин жогорулатат, бирок кылдат таасирге ээ. 

 

NovAge Men

Теринин муктаждыктары: энергия жана нымдандыруу, бырыштарга каршы күрөшүү.

Эркектердин негизги гормону болгон тестостерондун таасиринен эркектердин териси калыңыраак, бетиндеги түк көбүрөөк жана тер чыгаруусу жогорураак болот. Эркектердин терисинде картаюунун белгилери аялдардыкына караганда кечирээк байкала баштайт, бирок айкыныраак болотт, ошондуктан эркектерге өзгөчө кам көрүү керек. NovAge сериясы – бул жөнөкөй жана эффективдүү каражаттардын комплекси жана анын аркасында тери жаш көрүнөт, бырыштар жазылып, серпилгичтик жана тонус калыбына келет.

Бул кандай иштейт:

• Баобабдын экстрактын негизиндеги карылыкка каршы технология картаюунун белгилерине жана теринин чарчоосууна: бырыштарга, кургоого, суусузданууга, серпилгичтикти жана тонусту жоготууга каршы күрөшөт. 

• Coffea Bengalensis кофе дарагынын өзөк клеткаларынын экстракты терини энергияга толтуруп, алмашуу жана коргоо процесстерин өбөлгөлөйт. 

Текст: