Жайга капсулалык косметичканы кантип чогултуу керек

Капсулалык гардероб деген эмне экенин баары билишет: бири-бири менен айкалышкан жөнөкөй кийимдердин топтому. Зарыл болгон каражаттардын базасын чогултуп, абалга жараша дагы керектүү бир нерсени кошуп, косметичканы да ошондой чогултса болот.

 

База:

Эффективдүү тазалоочу каражат

Жайында тери бир аз майланышкандыктан, тазалоону бир кадамга тууралоо керек: мисалы, бет жуучу кремди эмес, гелди колдонсо болот. Же болбосо майдын ордуна крем колдонуу керек.

SPF кошулган ыңгайлуу күндүзгү крем

Биздин психикабыз жагымсыз нерседен – бул жөн гана крем болсо дагы – качып турат. Санскриндердин текстурасы айрымаланып тургандыктан, жайында ыңгайлуу боло труган каражатты табууга убакыт бөлүү керек, - ушундай жол менен гана туруктуу жана толук кандуу коргоону камсыздай аласың (эшикте +30 оС болуп, эч кандай косметика колдонгуң келбей жатса дагы). 

Кургак чачка арналган шампунь жана кондиционер

Ультрафиолет чачтын түзүлүшүн бузат да, ал нымдулуку жана өз пигментин тез жогото баштайт. Жайында кургак чачка арналган каражаттарды сатып алуу керек: алар ар бир чачка коргоочу кап сыяктуу кызмат кылып, нымдуулукту сактайт. 

Эффективдүү антиперспирант

Мисалы, бул экстремалдуу коргоо үчүн Activelle тердин жытын 3 күнгө чейин токтотуп, салкын цитрус жыпар жытын элестетет. Максималдуу коргоо үчүн каражатты куургак териге гана сүйкө. 15 мүнөттүк интервал менен эки жолу сүйкөсө болот.

Абалга жараша буларды кошобуз:

Деңиз жээгине

Кошумча косметичка салынган өзүнчө чемоданды чогулткуң келип жатабы? Өзүңдү колго ал! Көп функциялуу каражаттарга көңүл кой.  360о  линейкасынын спрейи бетке жана денеге ылайыктуу, SPF 50 коргоосу бар жана оңой жайылат. Күнгө күйүп калган учурлар үчүн муздатуучу желени ал (ал дене температурасын 2 оСка төмөндөтөт!), ал эми бетке, бир нерсе болсо  SOS-маска катары иштей турган азыктандыруучу кремди ал.

Көп адамдар эс алууда чач жөнүндө унутуп калышат, алар да күндөн, кумдан жана бассейндеги хлордон жабыркайт эмеспи. Күндүз чачтарыңды буудай протеиндери жана кокос кошулган май менен коргоп, кечинде маска-смузи менен кубандыр. Эки каражат тең мини-форматта чыгарылган, эми чоң идиштерди ары-бери ташуунун кажети жок.

Шаарда

Ысыкта шаардык экология тарабынан жүктөм өсөт: жайында автоунаанын иштетилген газдары жана асфальт буулануулары күчөйт.   Аnti-pollution белгиси бар кремдерди изде, алар бардыгынан, анын ичинде күндөн да коргойт. Эгер териң пигментацияга жакын болсо, жумшак каражатты ниацинамиддин (витамин В3) негизиндеги агартуучу крем менен кезектештирип колдон, ал жайында да коопсуз. Ал эми териң майлуу болсо, жылтыратпоочу каражатты кош.

Мини кийгенде: «Бозоргон бутуңду жапчы!» де кыйкыргың келеби? Жардамга спрей-автозагар келет. Аны менен денең бир өңчөй түскө ээ болот, себеби ыңгайлуу дозатору тегиз сүйкөөнү тартуулайт.

Сенин сол согончогуң эмнени каалап жатканын билебиз. Оң согончогуң каалаган эле нерсени: босоножкалардан куткарууну. Эгер жаңы бут кийим кийүү ар убакта драмага айланып жатса, коргоочу спрейди колдонуп көр. Ал тери менен бут кийимдин ички бетинин ортосунда барьер жаратат. Оор артиллерия — бут кийимдин апкытына арналган гель жаздыкчалар.  

Дачада / жаратылышта

«Бьюти-ачкачылык», башкача айтканда бир нече күнгө толугу менен косметикадан баш тартуу. – акыркы жылдардын тренди, жана жаратылышка чыгуу буга жакшы себеп болчудай. Сен баары бир бетке жана денеге арналган күндөн коргоочу креми жок чыдай албайсың – колго арналган тюбиктин көлөмүндөй кичинекей таңгактагы кремдерди танда.

Бьюти-аскеттер да жеке гигиенадан баш тартышпайт, бул жерде да бир табылга бар – бир учурда жуунуу жана депиляция жасоого арналган крем-гель. Дагы бир көп функциялуу каражат— чачка жана денеге арналган авокадо майы, аны менен бир эле учурда кургак терини жана чачтын ачакей учтарын жумшартсаң болот.

Жон баштыгыңа эң жөнөкөй нымдандыруучу кремди жана тынчтандыруучу масканы алып кой: эгер териң күндөн ысып кетсе, өзүңө рахмат айтасың.

Автоунаада

Автомобиль бул жылы бизге үй болуп калды десек болот: биз аны менен аз болсо да, саякаттадык, анын ичинен тамактандык, иштедик… бул стратегиялык жер өзүнчө косметичкага ээ болууга татыктуу!

Бардачокко колго арналган мини-кремди, мисалы, айдоочулук күбөлүктүн өлчөмүндөй болгон бул кремди сал. Күн тийип турганда сөзсүз түрдө SPF кошулган каражатты сүйкөнүңүз, анткени маңдайкы айнек UVA-нурларды өткөрөт. Жана ар дайым рулда (колуңузда) баарына ылайыктуу универсалдуу бальзам болсун. Аны эринге да, кутикулага да, күйгөн, курт-кумурскалар чаккан, кургаган жерге да сүйкөсө болот… Жана жөн гана антистресс катары – жалбыз жыты эс алдырат.  

Чоң жол тыгындарга кабылып калган учурлар үчүн антистресс-масканы сала жүр: антиоксиданттар эпидермисти колдоп, иштетилген газдардан коргойт. Кооз териге маршрут түзүлдү!

Текст: