Жайгаштырылды: 05.02.2024 | Автор: Amanda Aleljung

Териге кам көрүүдө мыкты натыйжаларды көрбөй жатасызбы? Бул оңой эмес болушу мүмкүн. Келиңиз, сизди туура жолго кайтарып, бул жөнөкөй колдонмонун жардамы менен териге кам көрүүдөгү көп кездешкен каталарды карап чыгалы.

1. Сиз эки катар тазалоону аткарбайсыз

Эки катар тазалоо - беттин терисин агартуу жана тартуу үчүн жана сывороткаларга жана нымдандыруучу кремдерге натыйжалуу иштөөгө жардам бере турган эки катар бет жуу. SPF жана макияж сыяктуу май негизиндеги кирлерден арылуу үчүн, май негизиндеги тазалоочу каражаттан, мисалы, Novage+ Comfort Oil-to-Milk Cleanser өнүмүнөн баштаңыз. Андан кийин, калган кирден арылуу үчүн, суу негизиндеги тазалоочу каражатты, мисалы, Novage+ Refresh Gel Cleanser, колдонуңуз.

2. Сиз териңизди өтө катуу кабырчыктандырасыз

Кабырчыктандыруу - сиздин күнүмдүк процедураңыздагы негизги кадам болуп саналат, себеби ал пораларды ачып, өлгөн клеткалардан арытып, теринин текстурасын жакшыртууга жарадм берет. Бирок эгер сиз аны өтө көп колдонсоңуз, бул терини кыжырдантып, тери барьерин бузушу мүмкүн. Териңизге жараша аны аптасына 2-3 жолу кабырчыктандырыңыз. Ошондой эле каражатты кылдат колдонуңуз - бетиңизге катуу сүрбөңүз! Биз сизге NovAge Skin Renewing Peel жаңыртуучу пилингин колдонууну сунуштайбыз: анын натыйжалуу AHA жана BHA аралашмасы териңизди дароо жаркыратып, жаңыртат.

3. Сиз өнүмдөрдү туура эмес тартипте колдонуп жатасыз

Эгер сиз териңизге кам көрүү үчүн өтө көп каражат колдонсоңуз, сиз аларды туура эмес колдонуп жаткандыктан алар жакшы натыйжа бербей жатышы мүмкүн. Териге кам көрүү каражаттарын колдонуунун туура тартиби - тазалоочу каражат, тоник, кабакка арналган крем, сыворотка, күндүзгү же түнкү крем.

4. Сиз моюн териси жөнүндө унутуп каласыз

Териге кам көрүү - бул бетке гана кам көрүү эмес. Моюндун жана декольте аймагынын териси да генетика, жана күндүн таасири жана шаар чөйрөсүнүн булгануусу сыяктуу айлана чөйрөнүн факторлорунан улам картая берет. Андыктан бул аймактарды да күнүмдүк кам көрүү тартибиңизге кошууну унутпаңыз.

5. Сиз SPF каражатын колдонууну өткөрүп жибересиз

Күндөн коргоочу крем - карылыкка каршы мыкты каражат! Аны сөзсүз түрдө териге кам көрүүнүн акыркы баскычы катары макияж жасоонун алдында колдонуңуз. Бирок көбүнчөбүз бул жөнүндө унутуп калабыз: эгер биз сыртта жүрсөк, тийштүү коргоону камсыздоо үчүн, күн ичинде ар бир 2 саат сайын күндөн коргоочу кремди колдонуу зарыл. Жана Novage+ ProCeuticals Day Shield SPF 50 сыяктуу SPF-и жогору каражатты колдонууну унутпаңыз.

6. Сиз өнүмдү абдан көп өлчөмдө колдоносуз

Көбүнчөбүз өнүмдүн натыйжалуулугу үчүн анын зарыл болгон өлчөмүнө ашыкча баа беришет. Сизге көйгөйүңүздү чечүү үчүн ар бир өнүмдөн болгону бир тыйындын өлчөмүндөй көлөм керек.
өнүмдөрдү сатып алуу

Шыктануу