Гиалурон кислотасы
Sodium Hyaluronate
Гиалурон кислотасы өзүнүн салмагынан 1000 эсе көп сууну тартып, кармап туруу менен нымды эң сонун байлайт. Теринин курамындагы табигый гиалурон кислотасы жумшартат, нымдандырат, коргойт. Гиалурон кислотасы терини бекем, ийкемдүү жана серпилгич кыла турган, клетканы курчап турган гель сымал татаал тармагы, коллаген жана эластин менен бир катар, теринин ECMинин - клеткадан тышкаркы матриксинин – компоненти болуп саналат.
Сулуулук жана пайдалары
Бекемдейт жана тегиздейт: теринин барьерин бекемдейт жана теринин текстурасын тегиздеп, териге серпилгичтикти жана жаркыроону тартуулайт.
Картаюу процессин жайлатат: терини ным менен камсыздап, жумшартып, бырыштарды тегиздейт. Тери чоюлчаак жана нымданган болгондуктан, жаңы бырыштардын пайда болуу мүмкүндүгү азаят.
Интенсивдүү нымдандырат: теринин үстүңкү катмарларын сергиген, жаңыланган сезим жана сырткы кɵрүнүш үчүн зарыл болгон ным менен камсыздайт.