Негизги мазмунга өтүү Башкы менюга өтүү Издөө үчүн өтүңүз

Курьер менен үйгɵ/кеңсеге жеткирүү бɵлүмү

Курьер менен жеткирүү Кыргызстандын белгилүү бир шаарлары боюнча аткарылат.

Буюртманын акысын аны жайгаштыргандан кийин 72 сааттын ичинде тɵлɵɵ зарыл, болбосо ал автоматтык түрдɵ жокко чыгарылат. Буюртмаларды чогултуу жана жүктɵп жɵнɵтүү 100% тɵлɵнгɵндɵн кийин гана аткарылат.

● Офис партнера Oriflame - 170 сом

● Доставка на дом – 185 сом

● Доставка в Отделения связи Кыргыз Почтасы – 170 сом

● Пункт выдачи заказов (ПВЗ) - 170 сом

*Кеңеш: акысыз жеткирүүнү колдон. Ал үчүн буюртманы жайгаштыруунун «Жеткирүү» кадамында жеткирүү үчүн тɵлɵɵнүн ордуна популярдуу ɵнүмдү тандап ал. Ɵнүмдүн ɵзүн же ал ɵнүм үчүн бонус баллын ал.   

2. Жеткирүү мɵɵнɵттɵрү
Жеткирүү Дүйшɵмбүдɵн Жекшембиге чейин аткарылат.
Буюртма чогултууга түшүшү үчүн анын акысы чогултуу күнү саат 00:00гɵ чейин тɵлɵнүшү керек. Эгерде буюртманын акысы жайгаштырылгандан кийин 72 сааттын ичинде, бирок, чогултуу күнү 00:00гɵ чейин тɵлɵнсɵ, анда ал график боюнча кийинки чогултуу күнү чогулуп, транспорттук компанияга берилет.

Эгер буюртманын акысы 72 сааттын ичинде тɵлɵнбɵсɵ, ал автоматтык түрдɵ жокко чыгарылат.

Калктуу конуш / Аймак

Буюртманы чогултуу жана транспорттук компанияга берүү күнү

Чогултулган күндɵн тарта жеткирүү мɵɵнɵтү

Балыкчы

Шаршенби, Ишенби

5күн

Баткен

Шаршенби, Ишенби

5күн

Баткен обл.

Курьер менен жеткирүү жеткиликсиз

-

Бишкек

Шаршенби, Ишенби

3 күн

Жалал-Абад

Шаршенби, Ишенби

5күн

Жалал-Абад обл.

Курьер менен жеткирүү жеткиликсиз

-

Ысык-Кɵл обл.

Курьер менен жеткирүү жеткиликсиз

-

Каракол

Шаршенби, Ишенби

5күн

Нарын

Шаршенби, Ишенби

5күн

Нарын обл.

Курьер менен жеткирүү жеткиликсиз

-

Ош

Шаршенби, Ишенби

5күн

Ош обл.

Курьер менен жеткирүү жеткиликсиз

-

Талас

Шаршенби, Ишенби

5күн

Талас обл.

Курьер менен жеткирүү жеткиликсиз

-

Чолпон-Ата

Шаршенби, Ишенби

5күн

Чүй обл.

Шаршенби, Ишенби

4 күн

* Бүгүнкү күндɵ, жогоруда кɵрсɵтүлгɵн таблицадагы калктуу конуштардан тышкары Баткен областына, Жалал-Абад областына, Ысык-Кɵл областына, Нарын областына, Ош областына, Талас областына курьер менен жеткирүү жеткиликсиз экенине кɵңүлүңүздү бурабыз. Сураныч, жеткирүүнүң башка ыкмасын тандаңыз: берүү пунктунан алуу, Кыргызстан Почтасы почта бɵлүмүнɵн алуу.

3. Буюртманы жайгаштыруу

  • Ɵнɵктɵштɵр үчүн бɵлүмгɵ кирип, сизди кызыктырган ɵнүмдɵрдү тандап, аларды себетке салыңыз;
  • Зарыл болгон жеткирүү түрүн тандаңыз – Үйгɵ жеткирүү;

Буюртманы жайгаштырууда сиз башка даректи кɵрсɵтсɵңүз болот. Мисалы, эгерде сиз катталган учурда үйүңүздүн дарегин кɵрсɵтүп, ал эми буюртманы жумушуңуздан кабыл алууну пландап жатсаңыз;

  • Буюртманы жайгаштырууну аяктаңыз.

4. Буюртманын акысын кантип тɵлɵɵ керек?
Буюртманын акысын кантип тɵлɵɵ керек экенин «Буюртманын акысын тɵлɵɵ» бɵлүмүнɵн билип алыңыз

5. Буюртманы кабыл алуу

Кабыл алуу убактысын макулдашуу үчүн жеткирүү күнүнүн алдында курьерлик компаниянын өкүлүнөн чалууну күтүңүз.

Буюртмалар инсандыгын күбɵлɵндүрүүчү документи бар болгон учурда коштомо кагазда кɵрсɵтүлгɵн алуучуга же нотариус тарабынан таризделген ишеним кат боюнча башка адамга берилет.

Буюртманы алгандан кийин, сиз:

Таңгактын бүтүндүгүн жана тышкы зыяндын жоктугун текшериңиз;

Таңгактын бузулуу белгилери бар болсо, анда таңгакты ачып, буюртманын курамын коштомо кагазы менен салыштыруу зарыл. Дооматтар жок болгон учурда, буюртманы алгандыгыңызды тастыктоо үчүн коштомо кагазга кол коюңуз;

Эгерде буюртманы алуу үчүн кол коюудан тышкары дал келбестиктер/бузулгандыктар болсо, коштоочу документтерге белги коюңуз же 2 нускада дал келбɵɵ тууралуу актысын түзүңүз. Коштоочу документтердеги акт же белгилер кем ɵнүмдɵрдүн сыпаттоосун жана бузулган таңгактын мүнөзүн камтууга тийиш.

БПП кызматкери сиздин нускаңыздагы Актка/коштоочу документтерге кол койгонун текшериңиз;

Бузулган/зыян келтирилген кутуну, андагы ɵнүмдɵрдү жана коштомо документтерди сүрөткө тартып алыңыз;

Кутунун жана документтердин сүрөттөрүн Орифлэйм компаниясынын info@oriflame.kg дареги боюнча жɵнɵтүүңүз керек.

Орифлэймдин сайтында онлайн доо арызын жазыңыз.

6. Жеткирүү маселелери боюнча кимге кайрылуу керек?

Үйгɵ/кеңсеге курьер аркылуу жеткирүү PONY EXPRESS транспорттук компаниясы тарабынан аткарылат, www.ponyexpress.kg, +996 312 58 03 03.