1129.00 Сом
Обычная цена:1500.00 СомКупи и получи 169.00 Сом кэшбэк
Описание
Wellosophy – Калыбына келтирүүчү жана Нымдандыруу бетке арналган мисти - бул сиздин күнүмдүк териге кам көрүү ритуалыңызга энергия берүүчү, ошондой эле күн бою териңизди жана сезимдерди сергитип туруучу алмашкыс нерсе. 97% табигый ингредиенттерден жасалган Вегандык формула бардык тери түрлөрүнө, анын ичинде сезимтал териге ылайыктуу.
Сиз бул өнүмдү териңизге сергектик кубаты зарыл болгон учурда бетиңизди нымдандыруу үчүн сумкаңызга салып жүрсөңүз болот. Жана да бул мист образды сергитүү жана бетке саламат жаркыроо берүү үчүн макияждын үстүнө колдонууга ылайыктуу!
КАЛЫПКА КЕЛТИРҮҮЧҮ АДАПТОГЕНДЕР
Сибирь женьшенинин коргоочу экстракты менен адаптогендердин калыбына келтирүүчү күчүн колдонуңуз. Теринин тосмосун бекемдөө жана күн бою теринин картаюуга себепкер болгон тышкы стресс факторлорунан коргоо үчүн иштелип чыккан.
ЖАҢЫРГАН тери, СЕРГЕК маанай
Энергияга толгон лимон майынын эфири кошулган жыпар жыт маанайды көтөрүп, сезимдерди жаңыртат.
Wellosophy териге кам көрүүчү каражаттарын 2 апта бою колдонуудан кийин:
- 95% колдонуучулар тери нымданып, саламат көрүнүп калганын тастыкташкан*1;
- 87% колдонуучулар теридеги стресстин белгилери көп байкалбай калганын тастыкташкан*1;
- 83% колдонуучулар мимикалык бырыштар бир кыйла азайганын тастыкташкан*1.
Wellosophy териге кам көрүүчү каражаттарын 1 ай бою колдонуудан кийин:
- 84% колдонуучулар өздөрүн тынч сезип калганын тастыкташкан*1;
- 83% колдонуучулар өздөрүнө ишеними бир аз күчөгөнүн тастыкташкан*1.
Веган коомдоштугу тарабынан тастыкталган™
* Улуу Британияда ар кайсы улуттагы 25 жаштан 45 жашка чейинки 112 аялдын катышуусу менен жүргүзүлгөн тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча.
*1 Териге кам көрүү үчүн каражаттарды, анын ичинде тазалоочу каражатты, көздүн айланасындагы териге арналган бальзамды, бетке арналган кремди, гель-сыворотканы, мистти жана түнкү эликсирди керектөөчүлүк тестирлөөнүн жыйынтыктары боюнча.
Көз карандысыз керектөөчүнүн комментарийи