Кийинкисин чакырабыз: 2023-жылды 2022-жылдан кантип жакшыраак кылса болот?

Пандемия, чектөөлөр, «аралыктан иштөө», дүйнөдөгү күч алган абал – туруксуз мезгилде жашоого көнөбүзбү? Жаңы жылдык жана рождестволук майрамдар – бул абалдан чыгып, кийинки жылы тынчтыкта жашоону улантуу үчүн мыкты мезгил.

Сиздин жеке 2023-жылыңыз 2022-жылдан жакшыраак болушу үчүн, жашоо парадигмасын толук өзгөртүүнүн кереги жок. Бир нече жөнөкөй  кыймыл дүйнөнү өз нугуна салып, максаттар кайрадан түшүнүктүү жана жеткиликтүү болуп, ал эми кыялдар орундала башташы үчүн айланада жагымдуу атмосфераны (ооба, ушундан баштайлы) жаратууга жардам берет.

Стресстен алыс болобуз

Айтып коюу, жасоодон оңой, бирок, аракет кылып көрүү керек. Эмне терс эмоцияларды чакырып жатканына, ага кандай реакция кылып жатканыңызга жана тынчтанууга эмне жардам берип жатканына байкоо жүргүзүңүз. Стресске каршы бир-эки жеңил практикаларды жасап көрүп (дем алуу, медитация, өзүңүзгө өзүңүз массаж жасоо,  ароматерапия)аларды кезектештириңиз. Акырындык менен сиз жөн гана стресстен арылууну эмес, ага кабылууга жол бербөөнү дагы үйрөнүп аласыз. 

Айлананы текшеребиз

Эгер стресстин булагы – өнөктөш, туугандар же достор менен болгон мамилелер болсо, анда дем алуулар жана өзүңүзгө өзүңүз массаж жасоо жетишсиз болуп калышы мүмкүн. Жок деп айтууну жана жагымсыз жолугушуулардан кетүүнү үйрөнүү керек. Негатив жараткан адамдар менен сүйлөшүүнү чектеңиз же мамилелерди убакытлуу токтото туруңуз. Чындыгында жакын жана кымбат адамдарыңыз менен көбүрөөк убакыт өткөрүңүз!

«Үй/жумуш» балансын издейбиз

Кубаныч менен – жумушка, кубаныч менен – жумуштан. Алтын формула дал ушундай болушу керек. Жаңы кызыктуу долбоорду аягына чыгаруу үчүн «коңгуроодон кийин» кармалып калуу – нормалдуу. Бала бакчадагы майрам үчүн жумушка кечирээк келүү дагы нормалдуу. Идеалдуу балансты сактоо үчүн, ар дайым иш күнүн жана жакындарыңыз менен эс алуу сааттарын пландаңыз.

Адаттарды тууралайбыз

Зыяндуу шам-шум этүүлөр азыраак, кыймыл көбүрөөк болушу керек!  рациона жана күн режимин бир аз тууралоодон баштаңыз, подъезддеги лифтти жана идиштеги момпосуйларды унутуп, көбүрөөк сейилдеп, сериал көрүүнүн алдында кеч калбаңыз. Барын тең дароо өзгөртүү кыйынчылык жаратып жатабы? – Бир нерседен баштап, кичинекей прогресске дагы кубаныңыз.

(Өзүбүздүн) акчабызды санайбыз

Эгер жеке бухгалтерияңызда дебет менен кредит кө дал келишпей жатса, ал эми акча жөнүндө ойлор баш ооруга ылап келип жатса, адистердин кеңешин угуңуз. Финансылык сабаттуулук курсуна жазылып, бюджетти пландоо үчүн тиркемени жүктөп алып, киреше деңгээлиңиз кандай болсо дагы, акча маселелеринен өзүңүздүнимдүү сезиңиз.

Үйдү кооздойбуз

Жайлуу жагдай жаратуу – бул дагы стресске каршы практика, туурабы? Ар күңдүк түйшүктөн жана шашылуудан алаксып, үйдүн интерьерин жаңыртыңыз. Дивандын жаздыктарын же портьерлерди алмаштырыңыз, үйдү шамдар жана кубаныч тартуулаган үй-бүлөлүк сүрөттөр менен кооздоңуз, балатыны кооздоп, майрамдын жана жакшы маанайдын атмосферасын жаратыңыз. 

Өзүбүздү сүйөбүз

Бьюти-ритуал – бул өзүңүздү ханбийке өзүңүздүн сулуулугуңузду сезүүнүн жана жаштыкты узартуунун эффективдүү ыкмасы. Териге сүйүктүү  кремом, менен кам көрүү, үйдөгү  спа, жыпар жыттуу  ванна, маска для лица же  волос, арналган маска, жаңы  макияж

көп убактыңызды албайт, бирок өзүңүзгө кам көрүү адатын калыптандырат. Ар күн сайын көбүрөөк жагымдуу мүнөттөрдүн көп болуусу стрессти азайтат.

Планетаны сактайбыз

Планетанын саламаттыгы үчүн жоопкерчилик сезими оор жүк болуп мойнуңузга түшүп жатабы? Жакшы жаңылык: Жер шарынын миллиондогон адамдарына дагы «баары бир эмес», андыктан бул жүк миллион эсеге жеңилирээк! Таштандыларды сорттоо, кайра иштетилген пластиктен жасалган , бутылочки , рефилы, биоразлагаемые формулы

мунун баары ойлонуп чыгарылган жана иштеп жатат. Ал эми «экологиялык» ойлонуу жана туруктуу жашоо образы туруктуулук сезимин өбөлгөлөйт (а бизге ушул эле керек!).

Жакшылык жасайбыз

Биз жакшы иштер «бакыт гормондорун» активдештирери тууралуу буга чейин  АЙТЫП БЕРГЕНБИЗ,

Кыскача айта кетсек: изилдөөлөр көрсөткөндөй, башка адамдар үчүн жакшы иштерди кылуу менен биз өзүбүздүн эмоционалдык жана физикалык саламаттыгыбызды жакшыртат экенбиз. Волонтёрлук, улгайган кошунага жардам берүү, балдар үйүндөгү бөбөккө жаңы жылдык белек берүү, кайрымдуулук фондуна салым кошуу – бүгүн кайсы жакшы ишти жасарыңызды өзүңүз чечиңиз.

Өзүбүзгө ишенебиз

Ийгиликтүү, позитивдүү, гармониялуу жаңы жылды каалоо ачык катта калышы мүмкүн же ишке ашышы мүмкүн. Сизге жардам катары чек-лист даярдап койдук: аны милдеттүү иштердин тизмеси катары эмес, позитивге багытталган эскертме катары кабыл алыңыз. Эгер жакшы нерсеге багытталып, өзүңүзгө ишенсеңиз, 2023-жыл, чындыгында, 2022-жылга караганда, жакшыраак жыл болот. Жаңы жылыңыздар менен!

ЧЕК-ЛИСТ 2023

Текст: