Шведче СЖО: күнүмдүк жашоо үчүн пайдалуу адаттар

Жылдан жылга шведдер дүйнөнүн эң бактылуу улуттарынын бири болуп саналып келет. Алар жылына 8 айга созулган суукту жана караңгылыкты чыдамдуу көтөрүп, сонун ден-соолугу, бекем иммунитети жана энерггиясынын жогорку деңгээли менен мактана алат. Аларды карап, үйрөн!

Жергиликтүү азыктар
Шведдер мезгилдүү азыктарды тандашат, анткени алар бир кыйла пайдалуу эмеспи. Ар бир жашылча же жер жемиш жылдын белгилүү бир учурунда витаминдердин жана минералдардын максималдуу санына бай болот жана шведдердин ою боюнча аларды дал ошол мезгилде жеш керек. Декабрда эч кандай куулпунай жемей жок! Жергиликтүү токойлордогу козу карындардын жана мөмөлөрдүн молчулугун шведдер кышка даярдашат— ошондой эле алар бакчылыкты абдан жакшы көрүшөт! Экологиялык абал чоң шаардагы адамдарга да кичинекей чарбакка ээ болууга мүмкүнчүлүк берет, ал эми жашылчаларды бардыгы өз терезелеринде өстүрүшөт.



Күнүмдүк активдүүлүк
Жайында — чуркоо, кышында — лыжа менен алектенип, ал эми жумушка, кандай аба-ырайы болбосун, велосипед менен барышат. Шведдер күнүмдүк жашоодо абдан активдүү, спортзалга эч кандай абонементтин кереги жок! Февралда алар үй-бүлөсү менен лыжа тебүү каникулуна жөнөшөт -  бардыгы бул убакты жаратылышта өткөрүшү үчүн, мамлекет бир апталык төлөнүүчү өргүү берет.



Илимий мамиле
Баланстуу диетага жана саламат жашоо образына карабастан, шведдер пайдалуу микроэлементтердин деңгээлин көзөмөлдөп, күн сайын жетишсиздиктерди толуктап турушат. Үлгү ал! Эркектерге жана аялдарга арналган «Мультивитаминдер жана минералдар» комплексинен башта — ал негизги 12 витаминден жана 10 минералдан турат.

Суу күчү
Жакшы мончо – шведдердин чыныгы кумары, өзгөчө сууда. Мончо буусунан кийинки муздак көлмө температуранын дароо өйдө-ылдый болушун жаратып, ден-соолукт жакшыртуучу натыйжа берип, иммунитетти көтөрөт. Баса, көлмөлөр тууралуу: шведдер ачык сууга май айынан тарта күзгө чейин түшүшөт. Алардын ушунчалык чыйрак экенине таң калып кереги жок!



Баланс
Шведдердин лексиконунда «ашыкча иштөө» жана «стресс» деген сөздөр жоктой сезилет. Алар иш жана эс алуу балансын так сакташат жана ар дайым жемиштүү иштеп, акүчкө толуп турушат. Кадимки швед офисинде эч ким бир күн бою тынбай компьютерде отурбайт. Сүйүктүү ритуалдардын арасында – көбүрөөк күнгө чыгуу үчүн, тыныгууда сейилдөө, таза абада түшкү тамактануу жана салт боюнча фика — күн ичинде бардык кесиптештер бир нече жолу чогулуп, таттуу токоч менен чай ичип турушат.



Териге кам көрүү
Шведкыздары терилеринин мыкты абалы менен белгилүү. Алар күнүмдүк жашоодо тыгыз тоналдык кремди же упаны колдонушпайт – аларда жашыра турган эч нерсе жок! Климаттан, саламат диетадан жана туура комплекстүү кам көрүүдөн тышкары, алар сулуулугуна теринин, чачтын жана тырмактардын сапатына таасир берүүчү кошумчалардын жардамы менен кам көрүшөт. «Астаксантин жана кара моюл экстракты» комплексин ичип көр бул 4 түрлүү (астаксантин, кара моюл экстрактынан алынган антоциандар, С жана Е витаминдери) астаксантинди айкалыштырган уникалдуу өнүм, ал эркин радикалдардын таасиринен коргоп, теринин жаштыгын сактоого жардам берет.