5 этаптан турган сакал-мурут алуу

Көп жылдар бою сен адаттагы күндөрүңдү сакалыңды алуудан баштайсың жана сенин техникаң кынтыксыз иштейт деп ишенесиң. Териге камкордук көрүү боюнча сакал алуу үчүн сүйүктүү сериядагы жаңы продуктулар – автопилотту өчүрүү жана өзүңдүн толгон-токой буюмдарыңды кайра карап чыгуу үчүн эң сонун шылтоо. Биз ар бир этап үчүн лайфхактарды чогулттук. Идеалдуу натыйжа алууга аракеттен жана жетиш!

Биз муну баштаардан мурда, сакал алуу —  бул тери үчүн эң чоң стресс болуп санала турганын эскертип айтууга уруксат этиңиздер. Ооба, ал аялдардыкы менен салыштырганда эркектерде анын кыйла тыгыз катуулугунун эсебинен алардын териси бир  топ эле тездикте кайра калыбына келет. Ооба, адамдын бети лезвиялардын таасирине көнүп деле калат. Бирок факт деген факт: сакалды кырып алуу, бул анын табигый коргоочу тоскоолдук катмарын бузуу менен күндөн күнгө теринин травма алуусуна алып келет.

Ал өзү эле жок болуп кетпейт! Сен идеалдуу каражатыңды тандап алмайынча, кызарууну пайда кылган кычышуу, кургактык жана какачтанып түлөп түшүүлөр сени кыйнай берет. Сенин максатың — лезвия мизинин жылышын (скольжение) жеңилдетүү, тери жана лезвия мизинин ортосунда коргоочу катмарды түзүү, ал эми сакалды алгандан кийин терини тынчтандыруу жана анын айыгышын тездетүү.

Биринчиден тазалоо – жана мында эч кандай актанууларга жол жок!  
Бул кызыктай эле угулат, бирок сакалдын түкчөлөрүн кыруу учурунда даярдыктын жоктугу – ушунун өзү эле даярдык болуп саналат. Эми кармана бер! Беттин терисинин үстүн жумшак кылыш үчүн өлгөн клеткаларды алып салуу абдан маанилүү. Биз жуунуу үчүн NovAge Men гельди  сунуштайбыз: анын курамындагы кырып тушүрүүчү бөлүкчөлөр бир гана терең тазалоону камсыз кылбастан, алар ичине карай терең өсүп кеткен чач-жүндөр менен күрөшүүгө да жардам берет.
 
Курч бритваны гана колдон
21-кылымда станоктор мурдагыдай эле эң  кымбат турат жана өзүңө камкордук көрүү үчүн күлкү келээрлик баага чейин арзандатуу менен кайра бааланган товар сыяктуу болуп калат. Бирок, ал лезвия дат басып калганга чейин бир эле лезвия менен колдонуу керек дегенди билдирбейт. Бритва чачтарды жумшак эле кыскартышы керек болсо, ал мокоп калган учурда чачтарды (сакал-мурут) оорутуу менен тартып кетет. Андай учурда кызарууну пайда кылган кычышуу жана сезгенүү камсыз болду дей бер!
Ал бир аз эле мокоп калган болсо да, станокту айоосуз эле ыргытып ташта. Сакал алуу учурунда жана аны алып бүткөндөн кийин да станокту жылуу суу менен чайкап тур – ошентүү аркылуу сен анын өмүрүн узартасың. 
 
Аракеттенакеттен!
Сен чарчап турсаң же өтө шашып турсаң да, станоктун самындуу тилкесине ишенбе, сакалды кырып алуу үчүн сүйүктүү гелиңди сүйкө.  Биздин фаворит —  NOVAGE ЖАҢЫ ПРОДУКТУСУ. Razor Glide технологиясы менен гель сууда ээрүүчү полимерлерден коргоочу микропленканы түзөт, терини кеспестен жана бритвадан кызарган кычышууну пайда кылбастан, теринин үстүндө тезирээк жана жылма жылып жүрүү менен сакалды алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 
 
Чачтын (сакал-мурут) өсүшүнө каршы чачты алуу — натыйжалуу деле эмес, ал кыйла эле оорутуучу жана  травмалуу болуп саналат. Бул жөн эле беттин бир эле участогунда — мисалы, жаактардагы ар кандай багытта болушу  мүмкүн. Эгерде сен  бир нече күнгө чейин сакалыңдын түкчөлөрүн албай койсоң, сен аны жеңил эле аныктап коесуң. Унутуп калбаш үчүн карта түзүп койсоң да болот!
 
 
Сакалдын  түкчөлөрүн станокко катуу басым жасоо менен алба — бул өндүрүшчү тарабынан ойлоп чыгарылган лезвиянын териге тийе турган бурчун бузат. Сакалдын түкчөлөрү тамырынан бери алынбай калат, ал эми тери болсо, керексиз кесиктерди алуу менен жабыркап калышы мүмкүн. Станок менен бир нече кыймылдарды жылдыруу менен жасап, анан токтот: анда бир нече лезвиясы бар болсо, анда сен бир эле жерден бир нече жолу кырып алып өткөндөй болосуң. 
 
Ванна болмөсүнөн чыгуу үчүн шашылба
Сакалды алуу аяктады — эми тери тууралуу кайрадан камкордук көрүү үчүн убакыт келди. Сакалдын  түкчөлөрүн алгандан кийин  тынчтандыруучу NovAge  крем-гелиал 24 саат бою теринин нымдалуусун камсыз кылат, терини тынчтандырат жана энергия менен кубаттайт, кургап калуудан жана теринин түлөөсүнүн алдын алууга жардам берет, теринин тез айыгуусун жогорулатат. Сен анда-санда сакалдын түкчөлөрүн же сакалыңды калтырып койсоң да, бул каражат сага туура (ылайыктуу) болот: гель чачтын түктөрүнө камкордук көрөт, аларды мурдагыдан да жумшак кылат, териге саламаттыктын, камкордук көрүлгөн көрүнүшүн берет.
 
Мына эми баары айтылды десек болот! NovAge комплекстүү камкордук көрүүнүн калган продуктуларын сүйкөй турганың эле калды, анан сен сергек, сак саламат жана корголгон териң менен жаңы күндү тосууга даярсың.
 
Текст: Сүрөт: Oriflame