Жаңы жылдын таңы

Кечелердин мезгили – бул ар дайым таң аткыча көңүл ачуу, түшкө чейин уктоо жана, натыйжада, териңдеги чарчоонун белгилери. Жаңы жылда ар бир таң сайын сергек болуп көрүнүүнү каалайсыңбы? Түндө териңе туура каражаттардын кам көрүүсүн уюштур.

түнкү маскалар

Түнкү маскаларды уктаардын алдында сүйкөп, эртең менен жуупа салуу керек. Алар сен уктап жатканда терини нымдандырууга багытталган. Маска териңдин үстүндө коргоочу катмарды түзүп, анын аркасы менен анын астындагы активдүү заттар бир кыйла натыйжалуу иштейт. Натыйжада эртең менен териң сергип калат.

түнкү кремдер

Түнкү кремдин милдети – нымдандыруу жана калыбына келтирүү, алардын функциясына терини айлана-чөйрөнүн агрессивдүү факторлорунан коргоо кирбейт, бул менен күндүзгү кремдер алектенет. Эгер сен карылыктын биринчи белгилери менен күрөшүп жатсаң, гликоль кислотасын камтыган кремдерди, мисалы, Skinergise кремин танда. Тартуучу эффект үчүн Ultimate Lift түнкү кремин колдон, ал эми бырыштардан арылуу үчүн Ecollagen бырыштарга каршы түнкү креми ылайыктуу.

"Териң эртең менен жакшы нымдануусу үчүн, макияжды жакшы тазалап, бетиңдин терисине сыворотка сүйкө."

CЫВОРОТКАЛАР

«Сывороткалар антиоксиданттарды, зарыл болгон кислоталарды жана концентрациясы жогору витаминдерди камтыйт», – дейт териге кам көрүү боюнча каражаттар категориясынын эксперти Мелина Галеади. Эртең менен териң жакшы нымдануусу үчүн, макияжды жакшы тазалап, бетиңдин терисине сыворотка сүйкө. Жеңил, суулуу текстурасынын аркасы менен сыворотка нымдандыруучу каражаттарга салыштырмалуу оңоюраак териге кирип, терең катмарларга таасир этет. 

Сен уктап жатканда, териң калыбына келүү менен алектенет. Күн ичинде сен тез сиңүүчү кремди колдонсоң болот, ал эми уктоонун алдында азыктандыруучу жана каныккан каражатты колдонгонуң жакшы. Нымдандыруучу майлар менен, мисалы, макадамия майы же бадам майы менен байытылган кремдерге көңүл бур – алар колдун кургоосуна каршы жакшы күрөшөт. Жана мыкты натыйжага жетишүү үчүн, колдун терисине кам көрүү үчүн атайын кол капты колдонсоң болот.