Кайсы майлар пайдалуу?

Табигый майлар жана майлуу кислоталар организмдин саламаттыгын колдоого жана териге ичинен да, сыртынан да кам көрүүгө кантип жардам берерин айтып беребиз.

МАЙЛАР ЖАНА ТЕРИГЕ КАМ КӨРҮҮ

Эгер сенин териң күңүрт жана чарчагандай көрүнүп турса, демек ал кошумча калыбына келтирүүгө жана коргоого муктаж. Буга көп нерсе себеп болушу мүмкүн, айлана-чөйрөнүн зыяндуу факторлорунун таасиринен стресске чейин. Комплекстүү кам көрүүңдү териңди азыктандыра турган табигый майлар менен толукта

NovAge Nutri6 бетке арналган калыбына келтирүүчү капсулалар майлуу кислоталарга, липиддерге, антиоксиданттарга жана пайдалуу минералдарга бай алты уникалдуу майды камтышат. Бирге чогулганда алар териңди терең азыктандырып, коргойт. 

Сатып алуу

Бул майлардын ар бирин өзүнчө карап чыгалы:

Күнжүт майы: теринин нымдануусу жана жумшактыгы үчүн жооп берген витаминдерди, минераларды жана липиддерди камтыйт. Майдын курамындагы антиоксиданттар терини эркин радикалдардын терс таасиринен коргошот.

Авокадо майы: табигый кондиционер болуп саналат, териңди азыктандырып, жумшартып, анын табигый коргоочу катмарын күчөтөт.

Шабдаалы данегинин майы: абдан сонун нымдандыруучу таасир берет, териңди жумшартуучу табигый кондиционер болуп саналат.

Лимнантес уругунун майы: курамындагы минералдардын, липиддердин жана майлуу кислоталардын эсебинен табигый кондиционер болуп саналат, терини азыктандырып, жумшартат

Карагат уругунун майы: Омега-3 жана Омега-6 көп каныккан майлуу кислоталарына бай, алар териңди назик кылып, жумшактыкты жана саламат түр берет.

Соя бобдорунун майы: зарыл болгон майлуу кислоталардын бай булагы, териңди азыктандырып, нымдандырып, аны жумшак кылып, жылмакайлык тартуулайт.


Натыйжада тери жашоо энергиясына толуп, жумшак болуп, жаркыроосу кайтып келип, түсү тегизделет. Керектөөчүлүк тесттер укмуштуудай натыйжаларды көрсөтөт: 100% керектөөчүлөр болгону 4 жумада жетилген натыйжа менен канааттанган.

ПАЙДАЛУУ МАЙЛАР

Майлар организмди концентрацияланган түрдө энергия менен камсыз кылат жана май ткандарында топтолот, ал ушул энергияны сактап, ички органдардын жана нерв учтарынын жылуулугун сактап, коргойт. Майлар клеткаларды жаратуу жана калыбына келтирүү, гормондорду жана гормон сымал заттарды өндүрүү үчүн өтө маанилүү.

Майлар менен бирге биздин организмге маанилүү көп каныкпаган май кислоталары келип түшөт, алардын мындай аталышы биздин организм аларды өз алдынча синтездей албагандыктан келип чыккан – демек, күнүмдүк керектөөнү тамактануу жана кошумча азыктардын жардамы менен толуктоо керек.

Ден-соолугу чың адамга энергиянын 25-40% майдан алуу сунушталат. Күнүмдүк 2000 калориядан турган рацион үчүн бул болжол менен 55-90 г майга туура келет. Майлардын ар кандай түрлөрүнүн балансы маанилүү, бул жогорку сапаттуу тамактанууну камсыздайт

Каныкпаган майлар пайдалуу болуп эсептелет, себеби алар кандагы жакшы холестериндин (ЖТЛП) деңгээлин көтөрө алат жана кан тамырларын тазалайт.  

Көбүнөн өсүмдүк булактарынын курамында бар:
рапс майы;
зайтун майы;
жаңгактар;
күн карама уругу;
авокадо;
майлуу балык – лосось, скумбрия ж.б. 

Каныккан майларды жана трансмайларды болушунча аз колдонуу керек: алар тескеринче кандагы зыяндуу холестериндин (ТТЛП) деңгээлин жогорулатат. Төмөнкүлөрдү колдонууну азайтууну сунуштайбыз:
майлар;
сыр;
каймак сүт;
майлуу кызыл эт;
майлуу сүт;
абдан куурулган тамак (трансмайлар);
бышырылган таттуулар/печеньелер/бисквиттер (трансмайлар);
кокос майы (каныккан майлардын өсүмдүк булагы).

Алмашкыс майлуу кислоталардын эң маанилүү түрү — бул Омега-3. Бардыгы болуп алардын 11 түрү бар, бирок биздин ден-соолугубуз үчүн негизги ролду EPA (эйкозапентаен кислотасы) жана DHA (докозагексаен кислотасы) ойнойтДал ошолор  Wellness’тин «Омега-3» комплексинде  камтылган — эгер жумасына эки жолу балык жебесең, аны жетишсиздикти толуктоо үчүн колдон.



Oriflame Wellness’инин «Омега-3» комплекси организмди туруктуу балык запастарынан алынган пайдалуу (алмашкыс узун чынжырлуу EPA жана DHA майлуу кислоталарын камтыган) балык майы менен камсыздайт жана ал Friend of the Sea уюму тарабынан экологиялык жактан таза деңиз азыгы катары тастыкалган. Балык майы, азыктын жогорку сапатын жана тазалыгын камсыздоо үчүн, 5 кадамдык тазалоо процессинен өтөт. Кошумча толугу менен балыктан турат: капсула балык желатининен жасалган.


Бул жерден  өзүнчө макаланы окуп, комплекс жөнүндө көбүрөөк билсең болот

Сатып алуу