Кургак жана сезгич териге кам көрүү боюнча гид

Териӊиз кургак түргө кирээрин кантип түшүнсө болот? Ага туура кам көрүүнү кантип камсыздоо керек? Кайсы каражаттар аны көпкө чейин жаш жана сулуу бойдон сактоого жардам берет? Биз эӊ актуалдуу суроолорго жооп берүү үчүн, беттин кургак терисине кам көрүү боюнча бүтүндөй гид чогулттук!

  Татьяна Цыганкова, Oriflame өнүмүнүн машыктыруучусу:

"Кургак тери — бул төрөлгөндөн тарта бардык жыл мезгилдеринде нымдын жана табигый майдын жетишсиздигинен жабыр тарткан тери. Кургак теринин суусуздандырылган териден болгон негизги айрымасы дал ушул: кургактык: туруктуу белги, теринин түрү, ал эми суусуздануу – болгону оӊдоло турган, убактылуу абал".

 

 

 

Сенин териӊ чынында кургак жана сезгич экенин кантип түшүнсөӊ болот? Жөнөкөй тест жүргүзүп көрөлү. Сенин териӊ үчүн төмөндөгү мүнөздөмөлөрдүн кайсынысы туура келет?

    • жука жана сезгич;
    • майлуу жалтыроосуз;
    • поралар дээрлик көрүнбөйт;
    • безеткилерден жабыр тартпайт;
    • тез-тез түлөйт;
    • физикалык таасирге кызаруу менен реакция берет;
    • кармаганда бодуракай болушу мүмкүн;
    • тартылып тургандай сезим болот;
    • карылыктын белгилери эрте пайда болушу мүмкүн.

Оюӊда канчалык көп мүнөздөмөнү белгилесеӊ, териӊдин кургак болуу божомолу ошончолук жогору.

 

СЕБЕБИ ЭМНЕДЕ?

Көп учурда тери май бездеринин иштөөсү бузулгандыктан кургак болот. Алар өтө аз май бөлүп чыгаргандыктан, тери табигый азыктануудан жана коргоочу барьерден ажырайт. Натыйжада ал нымды тез жоготуп, сырткы чөйрөнүн терс факторлорунун таасири алдында дээрлик коргоосуз калат.  

Башка да себептер бар:

1. Тукум куучулук. Теринин кургактыгы генетикалык жактан шартталган фактор болушу мүмкүн.

2. Күн ванналарына болгон сүйүү. Түз күн нурлары терини кургатып, анын иммунитетин төмөндөтөт.    

3. Туура эмес кам көрүү программасы. Туура эмес тандалган каражаттар – мисалы, курамында спирти бар – терини суусуздандырууга жана анын жаш курактык өзгөрүүлөрүнө себеп болот.

 

Кургак жана сезгич териге кандай кам көрүү керек?

1.Тазалоо

Уктаар алдында ар дайым макияжды өчүр (алыӊ жок болуп, абдан уйкуӊ келип жатса дагы) жана эч убакта териӊди кебез диски менен катуу сүрбө. Бет жуу үчүн эӊ баарынан жумшак крем текстуралуу каражаттар, мисалы, ингредиенттердин табигый комплекси камтылган Optimals кургак жана сезгич териге арналган тазалоочу крем-гель

ылайыктуу. Ал терини макияждан жана булганычтан кылдат тазалап, теринин табигый липиддик балансын сактайт.

2. Сергитүү

Кургак териге кам көрүүдө үзгүлтүксүз сергитүү абдан маанилүү. Эмне үчүн? Тери канчалык таза болсо, нымдандыруучу каражаттар ошончолук жакшы сиӊет. Ошондой эле тоник теринин коргоочу функцияларын калыбына келтирет. Бир аз тоникти кебез дискине куюп,тазалоодон кийин дароо бетиӊе сүйкөп көр. Optimals кургак жана сезгич териге арналган жумшак тонигин колдонуп көр. Анын курамында спирт жок, ал терини сергитип, тынчтандырып, макияждын калдыктарынан жана булганычтан тазалайт.

3. Нымдандыруу

Эки турдүү нымдандырууну колдон. Үстүртөн нымдандыруу теринин үстүнө көрүнбөс барьер жаратууга жардам берет, ал нымды жоготпой, кармап турат. Үстүртөн нымдандырууну кремдер камсыздайт, бул үчүн Кургак/сезгич териге арналган нымдандыруучу күндүзгү крем идеалдуу болот.

ГТереӊ нымдандыруу теринин ичиндеги ным молекулаларын байланыштырып, клетка деӊгээлинде калыбына келтирүү үчүн шарттарды түзөт. Буга сывороткалар жана маскаларжардам берет.

4. Азыктандыруу

Кургак теринин азыктануусу үчүн көбүнчө  түнкү крем жооп берет. Анын негизги милдети — терини липиддер, аминокислоталар жана майлар менен каныктыруу, алар гидролипиддик балансты сактоо жана теринин коргоочу касиеттерин калыбына келтирүү үчүн зарыл болуп саналат. Кремдин таасирин күчөтүүгө Optimals бетке арналган азыктандыруучу бустери. жардам берет. Болгону күндүзгү же түнкү кремге бир-эки тамчы кошуп койсоӊуз, ал териге жумшактыкты кайтарып берип, аны баркыт сымал кылып, нымдандырат.

 

ДАГЫ ЭМНЕГЕ КӨӉҮЛ БУРУУ КЕРЕК:

  • Спирт, щелочтор, минералдуу майлар, агрессивдүү ҮАЗдар сыяктуу компоненттерди камтыган каражаттардан алыс болуӊүз. Алар кургактыкка, түлөөгө, кызарууга жана тартылуу сезимине алып келет. Топурак камтыган каражаттар менен этият бол – ал теридеги нымды тартып алыт.
  • Агрессивдүү пилингдерди AHA-кислоталар камтылган каражаттарга алмаштырсаӊ, алар жумшак кабырчыктандырууну камсыздайт. Кылдат пилингдер идеалдуу ылайык келет
  • Курамдан терини эркин радикалдардан коргоочу (алар картаюуга алып келет) антиоксиданттарды изде: С, Е, А витаминдери, магний жана селен, кээ бир өсүмдүктөрдүн жана мөмөлөрдүн маӊызы.
Текст: