Жаӊы колдонуп баштагандар үчүн санскрин: 7 ыӊгайсыз суроо

Күндѳн коргонуу менен териге кам кѳрүү бирге жүрѳт. Бьюти-шкафыӊ кремдерден баштап маскаларга, скрабдарга чейин толтурулган сыяктуу эле, күндѳн коргоочу арсеналыӊ дагы ар кандай жагдайлар үчүн адаптациялануусу керек. Бир каражатты бардык учурда колдонууга болбойт!

Күн ичинде күндѳн коргонууну кантип жаӊылоо керек?

Кадимки жумуш күнү ичинде күнгө каршы кремди канча жолу колдоносуӊ? Ооба, ооба, дал ошол күн ичинде, эртеӊ менен негизги кам кѳрүүдѳн кийин эмес – эки саат сайын күндѳн коргонууну жаңыртып турушуң керек. Бетти жана денени күндѳн коргоочу стик бул кѳчѳдѳ, шаар ичин кыдырып жүргѳндѳ күн бою коргонуунун эң оңой жолдорунун бири. Чакан стик чөнтөгүңө жана сумкаңа батат, аны жаныӊда ала жүрүүгѳ ыңгайлуу: анын форматы катуу болгондуктан тѳгүлүп калбайт.

Базалык каражат — кайсынысын тандоо керек?

Жайкы мастхэв  — текстурасы жеӊил  күндѳн коргоочу лосьон зыяндуу нурлардан коргоочу ишенимдүү фильтр болуп берет. Эшикте жамгыр жааса дагы, күн тийип жатса дагы, бүт денеге лосьон сүйкѳѳ күнүмдүк кам кѳрүүӊдүн бир бѳлүгү болушу керек: ультрафиолет нурлары териге күн бүркѳлүп турганда да тийээри тууралуу уксаӊ керек.

Ал эми аптаптуу ысык күндѳчү?

Аптаптуу жайда күн жаркырап тийип турат дейли. Дарбыз бирдей кесимдерге кесилген, лимонад жана тамак-ашы бар кутучалар муздаткычта турат - сейил бактагы пикникке даярбыз! Ушундай аба-ырайында күн териге күчтүү таасир этерин билип, ичиӊен: "Менин кадимки лосьонумду колдонуу жетиштүүбү?" деп ойлоносуӊ. Биздин жооп жок. Мындай учурда, арсеналыӊда SPF эң жогору өнүм керек - жок дегенде SPF 50. Кеӊири спектрдеги ультрафиолет фильтрлери бар. SPF 50+ күндѳн коргоочу креми терини 98% зыяндуу нурлардан коргойт, дал ушундай каражатты узак убакытка чейин күн алдында жүргѳн учурда колдонуу зарыл.

Лосьондорду жек кѳрѳсүӊбү?

Эгерде териде крем сүйкѳлгѳндѳй сезимди каалабасаӊ, анда  кургак спрейди танда: анын текстурасы ушунчалык жеңил болгондуктан, ал териде сезилбейт, ал эми SPF 50 коргоосу крем сыяктуу эле натыйжалуу. Жакшы жагы: эми эч кимден суранбастан, далыӊды ѳзүӊ эле күндѳн коргой аласыӊ. Каражатты жетиштүү сүйкѳгѳнүӊдү билүү кыйын болушу мүмкүн. Ѳнүмдү териге сүйкөѳгѳ шашпа: адегенде чачып бүткөндөн кийин ал тегиз, нымдуу жаркырап тургандыгын текшер. Коргонуунун каалаган даражасын түзүү үчүн, спрейди үнѳмдѳбѳ.

Тери пигментацияга жакын болсочу?

Эгерде ар бир чайыттай ачылган күн териңизде так калтырса, анда териңиз гиперпигментацияга жакын болушу мүмкүн. Бул жерде жѳнѳкѳй эле коргоочу крем жетишсиз:  ниацинамиди бар агартуучу каражаттарды , издеңиз, ал жаңы пигменттик тактардын пайда болушуна жол бербейт жана учурдагы тактарга таасир этет.

Эӊ мыктысы — балдаргабы?

Ата-эне болуу кээде: «Менин балдарым бактылуубу, алардын курсагы токпу, күндөн коргонуп жатышабы?» - деп ар дайым тынчсыздануу менен жашоону билдирет. Керексиз тынчсыздануулардан арылып, топтомго наристелердин терисине арналган атайын күндѳн коргоочу кремди кошуңуз. Анын жумшак курамы наристелердин назик терисинин коргоочу барьерин бузбай, ошол эле учурда ишенимдүү коргоону кепилдейт. Балдардын териси чоң кишилерге караганда жука жана сезгич болуп, оңой күйүп кетет. Демек, минималдуу коргоо бул SPF 50!

Күн алдында жүрүп келгенден кийин терини кантип тынчтандыруу керек?

Нымдандыруу  — ден-соолугу чың жана бакубат теринин ачкычы болуп саналат жана күнгѳ чыккандан кийин, бет жана денеге өзгөчө нымдуулук керек. Күн терини кургатып, ультрафиолет нурларынын терс таасирине туруксуз кылып, кычкылдануу стрессине алып келет. Күнгѳ күйгөндөн кийин бетке жана денеге арналган желе эпидермистин суу балансын толуктап гана койбостон, аптаптуу ысык күндө терини жагымдуу тынчтандырып, салкындатат.

Текст: