Курамды талдоо: NovAge Skinergise териге кантип жаркыроо тартуулайт?

Энергия, жаркыроо, агрессивдүү чөйрөдөн жана эрте картаюудан эффективдүү коргоо - NovAge Skinergise комплекстүү кам көрүүсүнүн курамындагы кайсы ингредиенттер териңди өзгөртүүгө жардам берээрин билип ал.

Айлана-чөйрөнүн начарлашы, уйкунун жетишсиздиги жана саламат эмес жашоо образы терибизди энергиядан ажыратат - күзгүдөн өңүңдүн түнарышын, териӊдин кабырчыктануусун, биринчи бырыштардын пайда болушун жана кеңейген тешикчелерди көрөсүӊ. NovAge Skinergise комплекстүү кам көрүүсү терини нымдуулук жана энергия менен толтурган активдүү формулаларга ээ. Бул тери үчүн чыныгы энергия кубаты: жаркыроо 25 эсе көбөйүп, нымдануу 89% га жогорулайт.

Тери жаркырап турат дегенде, биз эмне жөнүндө айтабыз? Ал нымданган, серпилгич, сергиген жана эс алган болуп, бет саламат түскө ээ болуп, тешикчелер анча байкалбайт. Буга NovAge Skinergise сыяктуу комплекстүү кам көрүүнүн курамындагыдай керектүү ингредиенттердин жардамы менен үзгүлтүксүз кам көрүү аркылуу жетишүүгө болот

Таурин 
Бардыгыбыз тауринди энергетикалык суусундуктардын популярдуу ингредиенти катары билебиз. Бирок таурин териң үчүн эң сонун табигый энергетик экендигин билдиң беле? Скандинавиялык балырлар менен дуэтте таурин түзмө-түз клеткаларды энергия менен камсыз кылат, терини нымдандырып, калыбына келтирип, чарчоо белгилерин жоготот. 

Таурин — бул аминокислота жана күчтүү клеткалык антиоксидант. Бул керектүү нымдуулук деңгээлин сактоого жардам берет, anti-age таасирин берет, клеткалардын жаңылануусун стимулдайт жана ультрафиолет нурларынын таасири менен байланышкан зыяндарды нейтралдаштырат, кызаруу жана кычышууну басат.

Acaи сөӊгөк клеткасынын экстракты
Acaи мөмөсү антиоксиданттарга бай - ал смузи-боул түрүндө гана эмес, косметикалык каражаттардын курамында да пайдалуу. NovAge-дин курамындагы өсүмдүктөрдүн сөӊгөк клеткалары экологиянын, жаш курактык өзгөрүүлөрдүн, кам көрүлбөгөндүктүн, ультрафиолет нурлануусунун ж.б. тышкы жана ички факторлордун агрессивдүү таасирлерин нейтралдаштырууга жардам берет. NovAge Skinergise кам көрүүсүнүн курамында асаи сөӊгөк клеткаларынын экстракты бар, ал клеткаларды эркин радикалдардын таасиринен коргоп, күчтүү нымданууну камсыз кылып, тауриндин күч берүүчү таасирин толуктайт.

Кофеин
Эртең менен узак күнгө даярданууга жардам берген чыныгы жашоо эликсири - эми бир чыны кофеде гана эмес, бетке кам көрүүдө дагы
Көздүн алдындагы кара тегерекчелердин пайда болушунун негизги себептери микроциркуляциянын бузулушу жана капиллярлардын алсырашы экени белгилүү. Кофеин микроциркуляцияны жакшыртат, тамырларды ичкертүүчү касиетке ээ, ашыкча суюктуктун топтолушун жокко чыгарат жана кан тамырларды чыңдайт. Ал кара тегерекчелерге, баштыктарга, шишиктерге каршы күрөшүүгө жардам берет – дал ошондуктан биз аны NovAge Skinergise көздүн айланасына арналган кремине коштук, бул көз карашты уйкусуз түндөн кийин да сергек жана эс алгандай көрсөтүүгө жардам берет!

Pollution protect технологиясы
Айлана-чөйрөнүн териге тийгизген таасири жөнүндө биз чанда гана ойлонобуз, бирок эгер сен чоң шаарда жашасаң, анда бул көйгөй өзгөчө актуалдуу. Шаардагы колдонулган газдардан, фабрикалардан, тамеки түтүнүнөн чыккан бөлүкчөлөр теринин абалын начарлатышат. NovAge Skinergise күндүзгү креминдеги Pollution Protect технологиясы жана УФ-фильтрлери терини агрессивдүү чөйрөдөн коргоп, эрте картаюудан сактайт.

Ниацинамид
Ниацинамид же никотинамид - бул В3 витамининин бир түрү, биздин организмге керек болгон сууда эрүүчү зат. Ниацинамид клеткаларды натыйжалуу иштөө үчүн энергия менен камсыз кылат, теринин серпилгичтигин жакшыртат, коргоочу тоскоолдукту бекемдейт, коллагендин иштелип чыгышын стимулдайт жана көзгө көрүнүүчү бырыштарга каршы күрөшөт. Активдүү ингредиенттердин дал ушул комплекси NovAge Skinergise кам көрүүсүн өзгөчө кылат: ал чындыгында иштейт жана уктап жатканда дагы теринин абалын жакшыртат. Негизги кам көрүү - мисалы, кадимки крем - нымдуулукту гана камсыз кылат, ал эми NovAge Skinergise кремдери күндүз терини коргоп жана түнкүсүн калыбына келтирип, карылыктын алгачкы белгилери менен күрөшүп, терини энергияга толтурат.

  

Текст: