Териге кам көрүү үчүн жаңы шаймандар менен 3 лайфхак

Үйдөгү спа-кам көрүү болуп көрбөгөндөй актуалдуу: туура өнүмдөр жана шаймандар жакшы салондун атмосферасын түзүүгө жардам берет. Аларды колдонуу оңой жана ыңгайлуу, натыйжасы да көп күттүрбөйт. Күнүмдүк кам көрүүгө өнүмдөрдү сүйкөө жана укалоо үчүн аксессуарларды кошуунун үч себебин таптык.

Лайфхак #1:косметиканы кантип үнөмдүү колдонсо болот
Сүйүктүү териге арналган өнүмдөрдү текке кетирүүнү эч ким каалабайт (мындан тышкары, алар бир топ кымбат болушу мүмкүн). Бул жерде аренага жаңы аксессуарлар чыгат! Идиштен керектүү өлчөмдө кремди алып чыгууга кремге арналган калакча жардам берет, ал эми кремди жаюучу щетка аны толук бир өӊчөй жука катмар кылып сүйкөөгө жардам берет. Кышкы кабырчыктануу менен коштош!

Лайфхак #2: кадимки кам көрүүнүн таасирин кантип күчөтсө болот
Териге кам көрүүдөгү ийгиликтин ачкычы сапаттуу азыктар гана эмес, ошондой эле аларды туура сүйкөө болуп саналат. Сүйкөө жана укалоо аксессуарлары күзгүнүн алдында баалуу мүнөттөрдү туура пайдаланууга жардам берет - алар сени териге кам көрүү боюнча чыныгы адиске айландырат. Мисалы, көздү укалоого арналган массажёр менен кремди кабакка сүйкөө өтө ыңгайлуу, ошондой эле ал микроциркуляцияны стимулдайт, муздатат, шишиктерди кетирет.

Лайфхак #3: стресстен кантип арылса болот
Стресске жана жоопкерчиликтерге толгон, узакка созулган иш жумасынан кийин өзүңө бир аз убакыт бөлүшүң керек. Календарыӊа кошуп ал: бул бизнес-өнөктөштөр менен жолугушуу сыяктуу эле маанилүү! Жөө басуу, китеп окуу, досторуң менен жолугушуу энергияга толууга жардам берет – ал эми териң үчүн ванна бөлмөсүндөгү чакан спа-сессия бир кечке кымбат баалуу сулуулук салонуна айланат. Бетиӊе масканы калакчанын жардамы менен менен сүйкөп, көбүрөөк ыңгайлуулукту сез: катмар сөзсүз бир өӊчөй болот. Кадимки масканын, сыворотканын же кремдин үстүнө көп колдонмо силикон маскасын кийип, 10-15 мүнөткө калтырып, нымдалган тери менен ырахаттан. Сен буга татыктуусуӊ!

Текст: