Кантип жасоо керек: онлайн-конференция үчүн макияж

Акыркы убакта жашоо абдан өзгөрдү, жана биз интернеттен көп сүйлөшө баштадык. Макияж дагы өзгөрдү, бирок биз мурдагыдай эле аны өзүбүзгө убакыт бөлүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк катары колдонуп келебиз. Онлайн-чалуунун же видеобайланыш аркылуу өткөн кеченин экранында сонун көрүнө турган макияжды кантип жасоо керек экендигин оку.

img1.jpg

Холстту даярдап ал
Онлайн-жолугушуулар үчүн бетти толугу менен контурлоонун кажети жок, болгону беттин түсүн тегиздеп, кээ бир жерлерди эндик менен баса белгилеп койгонуң жакшы. Жеңил тоналдык негизден башта: Giordani Gold тоналдык негиз-кушону сенин таңыңа сонундукту тартуула. Зарыл болгон учурда кемчиликтерди жашырып Giordani Gold Master Creation консилерин колдон) жайып боё. Аягында Giordani Gold компакттуу упасын сүйкөп, териңе баркыт сымал финишти тартуулап, экрандан ашыкча жылтыроодон арылсаң болот.

Эндик — экранда бардыгы бозомтук болуп көрүнүп турган онлайн-жолугушуулардын дүйнөсүндөгү биздин куткаруубуз. Беттин ачык кызыл түсү начар байланышта да көрүнүп турат. Сага ылайыктуу түстөгү Giordani Gold белгилүү шариктүү эндиктерин колдонуп көр, бетиңе көрк берүү үчүн аны чоң жумшак кисть менен боё.

img2.jpg

Көздөрүңдү жана каштарыңды баса белгиле 
Сулуулук жөнөкөйлүктө турат. Биз экранда көзгө так форма берүү үчүн,  үстүңкү кирпиктериңдин түбүн баса белгилөөнү сунуштайбыз. Карандаш менен гана чектелип, же THE ONE кабакка арналган тендердин коллекциясынан ылайыктуу түстү тандап кош. Жакшы уктабай калдыңбы? Көз карашыңды сергитүү үчүн, кыймылдуу кабагыңдын ортосун ачык түстүү тень менен боё. Каштарыңдын формасын баса белгилеп, THE ONE кашка арналган тенинин жардамы менен аларга каныккан түс бер. Аягында, мисалы, THE ONE Wonder Lash сыяктуу сонун тушь менен кирпиктериңди боёп кой.

Жылмаюуга көңүл бурабыз
Zoom-конференциялар үчүн помада тууралуу сөз болуп жатканда, эриндердин макияжы үчүн нюд түстөр идеалдуу ылайыктуу болот. Бизге Giordani Gold Iconic сатин эрин помадасы жагат, бирок кайсы түс сага ылайыктуу экенин бир гана өзүң чечесиң. Эгер нюд түсүн колдонсоң, эриндериңе көлөм берүү үчүн, контурун жайып боё. Ал эми эгерде жакын курбуң менен бирге бий онлайн-кечесине мезгил келип жетсе, эриндериңди ачык кызыл түстөгү помада, эрин карандашы же жалтырак менен боёсоң болот. Эриндериңди аык түскө боёодон мурда, скраб колдон, ошондо помада идеалдуу боёлуп, көпкө чейин туруктуу болот.

img3.jpg

Колдоруңду бийигирээк көтөр!

Мындай кыйын күндөрдө көпчүлүгүбүз маникюрду үйдөн жасап калдык, жана бул тажрыйба жасоо үчүн мыкты себеп. Экрандан эч ким сенин идеалдуу француз маникюруңду байкабайт, ошондуктан эң тайманбас түстү тандап ал (эч качан боёп көрбөгөн түстү тандасаң, андан да жакшы болот). Камерада маникюрдагы бир аз кемчиликтер байкалбайт, ошондуктан эч нерседен күмөн санабай, тажрыйба жасай берсең болот.

Бул сен туура таасир калтырууну каалаганда – же жөн гана көңүл ачууну каалаганда, онлайн жолугушуулар үчүн образдар боюнча толук гид болду. Бардык кеңештерди бир убакта колдонуу зарыл эмес, бирок макияжга көңүл бургуң келсе, эмне кылышты билесиң!