Майрам мезгили үчүн 4 бьюти-лайфхак

Сыйкырдуу кечелердин мезгили расмий түрдө ачык! Календарың жаңы жылдык корпоратив, жакындар жана достор менен салтанаттуу кечелер жана отуруштарга толдубу. Даярданууга көп убактың жок болуп, майрамдын өзүнө энергия үнөмдөөнү кааласаң, биздин кеңештер сага жардамга келет жана анын жардамы менен сен күн сайын кечинде жаркырап турасың.

1. Жаркыроо кош

Жаркыраган тери майрамдык макияжга болгон каалоолордун тизмесинин башында турат. Бирок бир кечеден экинчисине баруу менен күндөр өткөн сайын бул теринин суусузданышына алып келиши мүмкүн. Анан кандай жаркыроо жөнүндө сөз болушу мүмкүн? Кургоодон сактануу жана териңдин жаркыроосу үчүн бизде эң жөнөкөй чечим бар: кечеге чейин нымдандыруучу маскалар! Биринчиден, NovAge бетке арналган жаңылоочу пилингименен териңди жакшылап тазала. Андан соң NovAgeинтенсивдүү калыбына келтирүүчү маскасын , сүйкөп, бир түнгө калтырып, эртең менен эс алган, сени бир күн бою кубандырган жана айланадагыларды шыктандырган териге ээ бол.

Бирок, эгер сен үйгө өтө кеч кайткан болсоң жана мындай процедурага убактың жана күчүң жок болсо, NovAge Proceuticals биоцеллюлозадан жасалган ниацинамид жана центелла экстракты бар бетке арналган жаңылоочу маскасыs териңди заматта нымдап, жаркыратат. Масканы алып салгандан кийин, муздактын жардамы менен эффектти күчөт, мисалы, муз кубиктерин колдонсоң болот.

 

2. Ашыкча жылтыроосуз селфи

Эми териң идеалдуу жаркырап калгандан кийин, сүрөттө кандай көрүнөөрүңдү ойлонууга убакыт келди. Албетте, териңдин жаркырап турушун каалайсың, бирок фотодо жүзүң майлуу жылтырап тургандай эмес. Ичинен жаркырап тургандай эффектке жетүү үчүн тоналдык каражатка жөн гана бир нече тамчы  капель хайлайтера Illuskin кош. Негизди андан кийин упалоо өтө маанилүү.  пудру GG T-зонасына: чекеңе, мурдуңа жана ээктин ортосуна сүйкө. Ошентип,жарык берилген сүрөттө да майлуу жылтыроо эффектинен алыс болосуң. Эгер териң майлуу болсо, жаркыроодон өзгөчө этият болушуң керек. Хайлайтерди бет сөөгүңө толук сүйкөөнүн ордуна, көздүн тышкы бурчуна жакын сүйкө. Же упанын негизиндеги каражаттарды, мисалы,  румяна-бронзер в шариках Giordani Gold колдон.

ю 

3. Сырдуу жылтыроо

Майрамдык маанайды глитерден жана жылтырактардан артык эч нерсе чагылдыра албайт! Декабрь –косметичкаңыздын түбүнөн сүйүктүү жылтылдаган көз боёкторду жана эрин жалтырактарын алып чыгуу үчүн эң сонун убакыт. Бирок баары ченеми менен болушу керек! Кабактын ортосуна бир аз  теней для век The ONE боёгун сүйкөп, кирпик сызыгын бойлото бир аз глитер сүйкө. Жана маникюрду унутпа: лаки для ногтей  The ONE с эффектом металлик сенин жаркыраган образыңды бардык жагынан толуктайт.

 

4. Майрамдык шлейф

Майрамдык маанайды жаратууда жыпар жыттардын ролуна ар дайым маани берүү зарыл. Күнүмдүк атыр суунуна караганда тереңирээк, туруктуураак жана кылдат жаңырган парфюм суусун же атырды танда. Жыттын концентрациясы канчалык жогору болсо, башкаларга ошончолук күчтүү таасир бере аласың.

Майрамдардын бул мезгилинде биздин абсолюттук мастхэв – бул GG Good as Gold жаңы жыпар жыты. Ал жылуу флёрдоранж менен кызыл алтын деп да аталган баалуу ингредиент – ачуу шафранды бириктирген эксклюзивдүү «Алтын жаркыроосу» аккордунун айланасында курулган. Кайталангыс, сезимтал жана терең жыпар жыт териңде 8 саатка чейин сакталып, сени кайталангыс алтын жаркыроосуна оройт. 

Текст: