Биз аларсыз жашай албаган бетке арналган 6 маска

Тынчтандыруучу, нымдандыруучу, тазалоочу – бизде бардык учурлар үчүн маскалар бар. Эгер сен териге күнүмдүк кам көрүүгө жаӊы нерсе кошууну кааласаӊ жана аны кошумча кам көрүү менен кубандыргыӊ келсе, бетке арналган маска – идеалдуу тандоо. Биз сенин териӊе ал каалаган нерсени тартуулай турган бетке арналган эӊ сүйүктүү 6 маскабызды даярдап койдук.

WAUNT «ЖАҢЫЛОО ЭФФЕКТИ» БЕТКЕ АРНАЛГАН МАСКАСЫ»

Бул масканы уктар алдында сүйкөсөӊ, эртеӊ менен нымданган, жылмакай жана жаркыраган тери менен ойгоносуӊ. Формула бардык тери түрлөрү, анын ичинде сезгич тери үчүн иштелип чыккан жана жаздыкта калбагыдай түзүлгөн (биз текшердик!).

ROYAL VELVET БЕТКЕ АРНАЛГАН ТАРТУУЧУ МАСКАСЫ

Эгер сен шашып жатсаӊ, бирок териӊди кубанткыӊ келип жатса, бул крем масканы колдонуп көр. Болгону 5 мүнөттүн ичинде ал бырыштарды жазып, терини серпилгич кылат. Бир курс жасоону сунуштайбыз!

LOVE NATURE АНАР КОШУЛГАН БЕТКЕ АРНАЛГАН НЫМДАНДЫРУУЧУ МАСКАСЫ

Териӊ кургакпы? Ашыкча бир да сөз айтпа! Бул маска сенин териӊ жаркырагыча нымдандыра турган 95% табигый ингредиенттерден турат.

 

«ЭФФЕКТТҮҮ ТАЗАЛОО» ЖЫЛЫТУУЧУ МАСКАСЫ»

Өзүӊө салонго барбастан тынчтандыруучу спа-процедураны тартуула! Териге тийгенде жылыган тазалоочу маска бардык кирлерди магнит сымал тартып чыгат. 20 мүнөттөн кийин сенин териӊ тазарып, майлуу жылтыроодон арылат.

NOVAGE PROCEUTICALS НИАЦИНАМИД ЖАНА ЦЕНТЕЛЛА ЭКСТРАКТЫ КОШУЛГАН БИОЦЕЛЛЮЛОЗАДАН ЖАСАЛГАН ЖАӉЫЛООЧУ МАСКАСЫ

Ниацинаммиддин бардык күйөрмандары үчүн – бизде сиздер үчүн идеалдуу кездеме маска бар! Бул териге пайдалуу витамин менен азия центелласынын табигый экстрактынын айкалышы терини узакка жаӊыртып, сергитет.

OPTIMALS ТЕРИНИН БАРДЫК ТҮРЛӨРҮ ҮЧҮН ТАЗАЛООЧУ ЧОПО МАСКАСЫ

Тери бетинен ашыкча майды, кирди жана булганууну кетирип, тереӊ тазалоочу чопо маскасы жок биздин тизмебиз толук эмес болот. Тынымсыз колдонгон учурда сен чындыгында таӊ каласыӊ! Поралар кичирейип, тери таза болуп, жаркырап калат.