Трендде: THE ONE менен бирге жаркыраган тери

Сулуу, саламат, ичинен жаркыраган сыяктуу тери – бул бьюти-тренд мезгилден мезгилге дүйнө подиумдарынан түшпөй келет. Мындай макияжды өз алдынча кантип жасасаӊ болот экенин бил.

Көпчүлүк подиум моделдер идеалдуу териге ээ болуп, бир аз гана упа колдонгондой көрүнүшөт. Ишенсеӊ, алар эртеӊ менен турганда эле ошондой болуп көрүнүшпөйт! Эгер тери анда такыр макияж жоктой көрүнсө, демек, визажисттер ачык образга жумшоодон да көбүрөөк күч жумшашкан.

1-кадам: кам көрүүгө көӊүл буруу
Териге басым жасоочу макияж ар дайым кам көрүүдөн башталат, бул моделдин күн ичиндеги үчүнчү көрсөтүүсү болсо дагы, визажисттин образды жаратуу үчүн 20 мүнөт гана убактысы бар. Ошондуктан, бул кадамды өткөрүп жиберүүгө бизде эч кандай шылтоо жокТазалоо учурунда кан айланууну жана лимфа агымын баштоо, шишикти кетирүү үчүн жеңил лимфалык дренаждык массаж жаса. Жаак жана бет сөөктөрүңдүн линисяна көңүл бур: манжаңдын учу менен бир аз басып, беттин борборунан четине карай массаж жаса. Сен бир аз лифтинг эффекттин пайда болгонун байкайсыӊ жана бул техника теринин түлөөсүнөн арылууга жардам берет. Кам көрүүӊү өзүңө ылайыктуу нымдоочу крем менен аякта.

2-кадам: профи сыяктуу скульптурала
Жаркыраган тери толугу менен табигый көрүнөт жана туура жасалган контурлоо ийгиликке жетүүнүн маанилүү сыры болуп саналат. Бет түзүлүшүнө басым жасоо керек, антпесе ал жалпак көрүнүп калат. Сага эки өнүм керек – көлөкө түшүрүү үчүн  скульптор жана беттин чыгып турган бөлүктөрүн бөлүп көрсөтүү үчүн хайлайтер Крем текстураларын байкап көр - алар табигый көрүнүп, колдонууга жеңилирээк. Тереӊ күрөӊ же  коло түсүн колдонуп, бет сөөктөрүнүн астына тереңдик кошуп, мурундун жана чекенин формасын туурала. Табигый жарык түшкөн жерлерге хайлайтерди кош - бет сөөктүн эң бийик жери, мурундун кыры, үстүңкү эриндин ортосу.

3-кадам: акыркы штрих
Образды бириктирүү үчүн кашыңа форма бер. Көрүнүп турган каштар дагы деле болсо трендде, ал эми бурчуна басым жасоо кошумча лифтинг-эффектти берип, көздү визуалдык ачууга жардам берет. THE ONE кашка арналган помадасын колдон, топтомдогу кыйгач щетканын жардамы менен жеӊил кыймыл менен боеп, бурчунан учуна чейинки аралыкка көӊүл бур.  Мурунга жакын жерин табигый кыл - кистте калганын колдонуп, кошумча өнүм колдонбо. Формасы даяр болгондон кийин кашыӊды щетканын жардамы менен тарап, боекту жай. Макияжды эриндериӊе жана бетиӊе жеӊил кызгылт түс берүү менен аякта – бизге  румяна в стике THE ONE  эндиктери жагат.