Кооз тери үчүн сырдуу ингредиент: ниацинамид

Ниацинамид тренддерди айтат! Териге кам көрүүнүн бул ар тараптуу компоненти илгертен бери эле белгилүү, бирок буга жакында гана көңүл бурулган. Бул витамин эмне үчүн пайдалуу, териге кандайча кам көрөт жана аны кайсы азыктардан издөө керек

Эгер сен териге кам көрүүнүӊ фанаты болсоӊ, ваннаӊ териӊдин ар кандай муктаждыктары үчүн ар түрдүү сывороткаларга, маскаларга жана нымдандыруучу заттарга толсо керек. Мунун баары бизге өзүбүздү өнүккөн колдонуучулардай жана атүгүл камкор адистердей сезүүгө жардам берсе да, кээде биз бул процедуралардын жөнөкөй жана натыйжалуу болушун каалайбыз. Бырыштарды жазууга, пигментацияны кетирүүгө жана проблемалуу терини тынчтандырууга жардам берген ингредиентти тапсаң, ал эми анын баары бир флакондо болсо жакшы болмок беле? Ниацинамид менен тааныш

Ниацинамид деген эмне?

Ниацинамид же никотинамид – бул B3 витамининин бир түрү, сууда эриген, организм үчүн зарыл болгон азыктандыруучу зат, ал мээнин, тамак сиӊирүүнүн тиричилик аракетин камсыз кылат, нерв системасын оптималдаштырат. Ниацинамид клеткаларды натыйжалуу иштөө үчүн энергия менен камсыз кылууга жардам берет, ДНКны оңдоодо маанилүү ролду ойнойт жана териге кам көрүүнүн ингредиенти катары таанымал.

Ниацинамид айрыкча кургак, сезгич, орто жаштагы жана көйгөйлүү тери үчүн ылайыктуу, ошондой эле күнүмдүк кам көрүү жана теринин ар кандай абалдарын оңдоо үчүн жакшы:

 Чоң жана майда бырыштар (фотокартаюу процессин артка кайтарат);
 Пигментация (терини агартат);
 Бүдүрлөрдүн пайда болушу (проблемалуу теринин абалын жакшыртат);
 Кеӊейген тешикчелер (көлөмүн көзкөрүнөө азайтат);
 Коллаген синтезинин төмөндөшү (өндүрүштү стимулдайт);
 Тери барьеринин бузулушу (теринин нымдануусун жакшыртат);
 Беттин күӊүрт түсү;
 Ийкемдүүлүктүн бузулушу, теринин катуу жерлери.

Бул таӊ калыштуу эмеспи!

Ошондуктан, сиз кам көрүүнү жөнөкөй кылгың келсе жана мыкты каражатты издеп чарчасаӊ, ниацинамид – бул сага керектүү нерсе.

Кайдан издөө керек?

Ниацинамид Oriflame-дин көптөгөн өнүмдөрүндө кездешет жана көп учурда компоненттин касиеттерин жогорулатуу үчүн кошумча активдер жана технологиялар менен айкалыштырылат. Төмөнкүлөрдү байкап көр:

NovAge

NovAge Ecollagen Wrinkle Power бырышка каршы түнкү креми — түн бою тереӊ азыктандырып, калыбына келтирип, коллагендин иштелип чыгуусун өбөлгөлөйт 
NovAge бетке арналган калыбына келтирүүчү кездеме маскасы — чарчоонун издерин жоготуп, бырыштардын көрүнүүсүн азайтат
NovAge бетке арналган азыктандыруучу кездеме маскасы  — 15 мүнөттүн ичинде тереӊ нымдандыруу жана антиоксиданттык эффектин берет
NovAge майлуу жана проблемалуу териге арналган жалтыратпоочу гели  — жалтыратпайт, тешикчелерди ичкертет, себумдун иштелип чыгышын жөнгө салат
NovAge бетке арналган кызарууга каршы креми — кызарууларды дароо азайтат
NovAge SPF 25 менен колго арналган карылыкка каршы интенсивдүү креми  — кол терисинин картаюу белгилерин азайтат
NovAge Men бетке арналган нымдандыруучу энергосывороткасы эс алган жана сергек көрк берип, дароо тынчтандырып, салкындатат 

Optimals

Optimals HydraCare кургак/сезгич териге арналган нымдандыруучу күндүзнү креми интенсивдүү нымдандырат, жумшартат жана калыбына келтирет
Optimals HydraMatte майлуу териге арналган жалтыратпоочу күндүзгү крем-флюиди жалтыратпайт, майлуу жалтыроонун пайда болушун азайтат 
Optimals бетке арналган антиоксиданттык бустери теринин күӊүрт түсүнө жана чарчоосуна каршы күрөшөт 
Optimals бетке арнлаган патчтары — нымдандырат, салкындатат, шишикти жана кара тегеректерди азайтат

Жана ошондой эле:

Sun 360 с SPF 30 менен бетке арналган агартуучу күндөн коргоочу креми тегиз жаркыраган тонду камсыз кылат жана гиперпигментациянын пайда болушунун алдын алат 
Fairness Essentials SPF 10 менен бетке арналган агартуучу креми — нымдандырат, коргойт жана терини акырындык менен агартат

Текст: