С витамининин жаңы порциясы: ал тери үчүн эмнеси менен пайдалуу?

С витаминине бай азык-түлүктөр ден-соолукка пайдалуу экени сыр эмес. Бирок бул витаминдин баалуу касиеттери косметологияда да колдонулуп жатканын билдиң беле? Ал кандай тери көйгөйлөрү менен күрөшөрүн жана аны кадимки кам көрүүгө кантип кошуу керек экенин айтып беребиз.

С витамини жөнүндө эмнени билүү керек?

С витамини же аскорбин кислотасы – бул организмдеги ткандардын, анын ичинде (сен билгендей эле) теринин туура өсүшү жана калыбына келиши үчүн зарыл болгон, алмашкыс нутриент. С витамини сыяктуу заттар организм тарабынан иштелип чыкпагандыктан, алар кошумчалар же тамак аркылуу алынышы керек: цитрус, чөптөр, кулпунай, брокколи, ошондой эле кызыл жана жашыл калемпир. Териге келсек С витаминин ичүүгө караганда, аны жеринде колдонуу чоң пайда алып келет.

С витамини теринин кайсы көйгөйлөрү менен иштейт?

Мындай деп сурасак туура болот: бул күчтүү нутриенттин күчү жетпей турган нерсе барбы? С витамининин айланасында болгон дүрбөлөңдүн негиздүү себеби бар: ал чындап эле теринин көптөгөн көйгөйлөрү: беттин күңүрт түсү, бырыштар, гиперпигментация жана башка күн таасиринен пайда боло турган, тегиз эмес теринин белгилери менен иштейт.

С витамини ошондой эле өзүнүн антиоксиданттык касиеттери менен белгилүү: ал ультрафиолет жана булганган аба менен чакырылган эркин радикалдардын зыяндуу таассирин азайтат. Ал бузулган клеткаларды калыбына келтирүү менен беттин саламат түсү жана жаркыроосу үчүн табигый регенерация процессин баштайт.

Ошол эле учурда С витамини теридеги меланиндин иштелип чыгышын басат жана, беттин терисин тегиз жана жаркырак кылуу үчүн, пигменттик тактардын көрүнүүсүн азайтат.

Жана акыркы, бирок маанилүүсү: С витамини, терини жашартп, аны серпилгич кылып, тартуу менен, эластин менен коллагендин иштелип чыгышын өбөлгөлөйт. Жалпы жонунан С витамини кошулган косметикалык каражаттар тери үчүн жаңы сыгылган апельсин ширеси сыяктуу болот.

Жаңы С витамини – туруксуз

С витаминин өз кам көрүүңүзгө кошууда эске алуу зарыл болгон дагы бир нерсе: колдонулуучу L-аскорбин кислотасы – бул жаңы кезинде натыйжалуу болгон С витамининин эң таза жана активдүүу формасы. Ошол эле учурда ал өзүнүн туруксуздугу менен белгилүү жана жарыктын, абанын жана жылуулуктун таасири алдында пайдалуу касиеттерин тез жоготот – дал ошондуктан эң мыкты натыйжага жетишүү үчүн колдонуу жана сактоонун белгилүү бир шарттарын сактоо керек.

Териге кам көрүүдөгү эксперттик билимдер бизге NovAge Proceuticals сывороткасы үчүн инновациялык таңгактыиштеп чыгуу мүмкүнчүлүгүн берди: жаңы С витамини банканын ичинде эле треанспорттоочу гель менен аралашып, териге болушунча концентрацияланган жана активдүү бойдон кирет!

С витаминин кээ бир адамдар этияттык менен колдонушу керекпи?

С витамини кошулган каражаттар, адатынча теринин бардык түрлөрүнө ылайыктуу. Бирок эгер териң кандай реакция берерин билбесең, сыворотканы колдонуудан мурда билегиңдин ички жагына текшер. Негизинен колдонгон жерде жеңил ачышуу – бул нормалдуу реакция.

10% С витамини кошулган NovAge Proceuticals сывороткасы жөнүндө кененирээк бул жерден билип ал.

Текст: