Шведче макияж: Мария Лузинская менен тренддер

THE ONE Stockholm’дун Россиядагы расмий визажисти швед кыздарынын макияжындагы негизги тренддер жөнүндө айтып берет. Үч жаңы образды байкап көр!

 

Тайманбас стрелкалар

Өзгөчө кечелер үчүн швед кыздар көп учурда стрелкаларды тандашат. Бул мезгилде стрелкалар так жана минималисттик гана эмес, эки катар жана фантазиялуу болушу мүмкүн. Мисалы, активдүү кыймылдабас кабакка ээ болгон кыздарга оюусу бар стрелкалар ылайыктуу болот. Аларды кыйгач кисттин да подводканын идишиндеги ичке кисттин да жардамы менен тартса болот. Жеңил, жумшак сызыктар жана алдын ала ойлонулган сүрөттүн болушу маанилүү. Көзгө эффекттүү макияж жасоону каалайсыңбы? Сага чаптама кирпиктер керек болот. Аларсыз макияж актабай калгандай болуп калат. Эгер сенин кабагың менен кашыңдын аралыгы кыска болсо, табигый кирпиктерди танда. Чоң көздөрдүн ээсине калың жана куурчактыкындай кирпиктер туура келет.

Табигый сулуулук

Шведче күнүмдүк макияж мүмкүн болушунча жеңил болушу керек. Скандинавиялык кыздар табигыйлыкты жакшы көрүшөт. Маанилүү кадам - териге кам көргөн, маска эффектин жаратпаган, табигый көрүнгөн жакшы жана туруктуу тон. Аралаш теринин ээси болгондуктан, мен күнүмдүк макияжымды  Everlasting Sync Foundationсуз элестете албайм.

Ал күнү бою бузулбаган жаңы макияж үчүн, теринин муктаждыктарына жана айлана чөйрөгө ылайыкташат. Бул эмнени билдирет? Аба нымдуулугу жогору болгондо, Skin Response инновациялык технологиясы айланадагы нымды сиңирип алат. Айланадагы аба кургак болгондо, териңе нымды берип, кургоодон сактайт. Тонду нымдуу спонж менен басуучу кыймылдары менен сүйкө. Спонж каражатты маска эффектисиз бирдей бөлүштүрөт жана кургоону баса белгилебейт.

Күндүзгү макияжды бальзам жана жарым-жартылай тунук жабуу менен аякта кам көрүлгөн эриндер ар дайым сонун көрүнөт.

Шыктандыруучу акцент

Эриндер менен каалаганча көп тажрыйба жасасаң болот. Бирок омбреге болгон тренд дагы эле ордунан жыла элек жана эң сүйүктүү болуп кала берет. Бул эффект абдан оңой жасалат: ачыктыгы боюнча ар кандай помадалар жана карандаш керек болот. Эриндердин контурун чийип, үстүңкүсүн бир түс, астыңкысын башка түс менен боё. Түстөрдүн ортосундагы өтүүнү манжалардын же кисттин жардамы менен жылмалап койсо болот. Мындай эффектти эриндердин ички бөлүгүнө да, четтерине да жасаса болот. Шведче макияждын бардык тренддери ушулар – шыктанып, мени менен бирге байкап көр!

Баса, «Өзгөрүүлөргө карай» бьюти-марафонуБ уланып жатат! Онлайн кошулуп, макияждын жардамы менен кантип тайманбас жана ишенимдүү болу мүмкүн экенин билип ал. Кесипкөй визажист жана блогер Роман Пономарев менен бирге биз бардык тренддеги текстуралар жана макияж жасоо техникалары жөнүндө, жана ошондой эле идеалдуу, сонун тондун, эң кооз стрелкалардын сырларын жана көптөгөн башка нерселер жөнүндө айтып беребиз! Бардык толук маалымат биздин oriflame_kyrgyzstan_official расмий Instagram-аккаунтубузда жайгашкан. Вебинарларды көрүп, тапшырмаларды аткарып, белектерди алып, өзгөр!