Ампуладагы териге арналган каражаттар тууралуу бардыгы

Дүкөн текчелеринен ампуладагы териге кам көрүү боюнча өнүмдөрдү көрсөң керек – алар илимий лабораториядагы идиштердей көрүнөт. Бирок таңгагынан чочулаба, анткени алардын ичиндеги нерсе териңдин абалын бир кыйла жакшыртууга жөндөмдүү!

Ампула деген эмне? 
Ампула – бул активдүү компоненттери бар заттарды сактоого арналган гермеикалуу идиш. Сыртынан алар окумуштуулар колдонгон айнек идиштерге окшош, жана бул бренддин технологиялуулугун жана кесипкөйлүгүн баса белгилөө үчүн гана жасалган эмес (бирок андай да болушу мүмкүн).  Ампуланын кара айнеги жана кичинекей өлчөмү формуланы күн нурунун таасиринен жана абадан коргоого жардам берет. 

Ичинде эмне болушу мүмкүн? 
Көбүнчө ампулалардын ичинде жогорку концентрациядагы активдүү компоненттер камтмылат: пептиддер, ерамиддер, ретинол же С витамини. Алар кадимки ериге кам көрүүгө кошумча катары иштеп, кыска мөөнөттө конкреттүү бир көйгөйдү чечүүгө багытталат, мисалы бырыштардын же 
гиперпигментациянын гиперпигментациянын билинүүсүн азайтуу, беттин түсүнүн күңүрттүгүнөн арылуу же анын контурларына тактык берүү.

Көпчүлүк бренддер бүгүнкү күндө ушул популярдуу форматта каражаттарды сунуштоого даяр, бирок активдүү ингредиенттердин курамы абдан жогору болушу мүмкүн экенин унутпоо керек. «Каражаттын курамына көңүл буруу маанилүү, анткени ампулада бардыгы болушу мүмкүн – стандарттуу сывороткадан өтө жогорку концентрациядагы ингредиенттерге чейин,» – деп түшүндүрөт Капуцина Мартин-Фиппс, териге кам көрүү боюнча эксперт жана Oriflame’дин улук илимий кызматкери.  

Ампуладагы каражаттарды күнүмдүк кам көрүүгө кантип кошуу керек? 
Биринчиден, биз нускаманы так сактоону сунуштайбыз. Туура эмес колдонуу аллергия реакциясына, кызаруу же кычышууга алып келиши мүмкүн.

Адатынча ампуладагы каражаттар туруктуу негизде колдонулбайт, бирок алар теринин көйгөйлөрүн тез арада чечүүгө абдан ылайыктуу. Кээде аларды сыворотканын ордуна же ага кошумча катары колдонсо болот. 

Ампуладагы каражаттарды колдонуп көргүң келип жатабы? NovAge ProCeuticals пептиддери бар сыворотка-концентратынан баштоону сунуштайбыз. Бул өнүм терини тартуу, бекемдөө үчүн 7 күндүк курсту элестетет жана күнүгө эки маал бир ампуланы колдонууга ылайыкталган

Пептиддер – бул теринин жаштыгын сактоо үчүн зарыл болгон коллаген менен эластиндин курулуш материалдары. Пептиддер былбыроо жана бырыш сыяктуу картаюу белгилери менен күрөшөт жана ошондой эле коллагендин иштелип чыгышы колдоо менен терини тартып, нымдандырат.

ProCeuticals ампуладагы сыворотка-концентратын кантип колдонуу керек? 
1. Каражатты бетти тазалоодон кийин күнүнө 2 жолу колдон: ампуланын жарымын эртең менен жана экинчи жарымын кечинде. 
2. атайын манжета менен башын сындырып, ампулага пипетка кийгиз. Ампуланы төмөн каратып, ичиндегинин жарымын пипетканын жардамы менен колуңа чыгарып ал.
3. Сыворотканы бетиңдин жана мойнуңдун кургак терисине сүйкөп, көзүңдүн тегерегинен алыс бол. Пипетканы капкак менен жаап, каражаттын калганын кайталап колдон. Андан кийин көздүн айланасына арналган кремди, көнгөн сывороткаңды же көзгө арналган кремди колдон.

Текст: